Бишкектеги түнкү кырдаал

preview_player
Показать описание
17-майдан 18-майга караган түнү Бишкектин Курманжан Датка көчөсүндө жүздөгөн киши топтолду. Алардын бир бөлүгү чет элдиктер жашаганы айтылган имараттын жанына чогулушту. Айрымдары Кыргызстанга келген чет элдиктердин маселесин көтөрүштү. Милиция таңкы саат 4кө чукул Бишкекте абал туруктуу жана көзөмөлдө экенин билдирди. Кырдаалды жөнгө салууга милициянын атайын күчтөрү тартылды.
Бишкектеги окуя эмнеден келип чыкты? Чоо-жайы жана билдирүүлөр тууралуу төмөнкү шилтемеден окуңуз:
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Рекомендации по теме