Ысык-Көлдүн тескейинде сел жүрдү

preview_player
Показать описание
30-июлда таңкы саат 04:30дар чамасында Балыкчы шаарында жана Тоң районунун Кескен-Бел ашуусунда, Кара-Талаа, Оттук айылдарында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Турак үйлөрдү суу каптап, ички чарбалык жолдор жана арыктар кум-шагылга толгон.

Ысык-Көлдүн тескейиндеги кан жолдун 35-чакырымында жолдун айрым жерлерин сел алып кетти. Көлдүн тескей тарабындагы жол ачык. Ал эми Чолпон-Ата шаарында нөшөрдөн улам айрым көчөлөрдү суу каптады.

Абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн өзгөчө кырдаалдар министри, мекеменин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы чыгып кетишти.

Азыркы учурда куткаруучулар иштеп жатат. Жабыркагандар катталган эмес.
_________________________________________
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Аллах озу сактасын Касиетүү Көлүмдү элимди!!!🤲🤲🤲

zumratabdukadyrova
Автор

Биз оштон колго баралы деп атканбыз барбпйле турсакпы

ФАБЕРЛИКУСПЕШНЫЙРАБОТА
Автор

Билинбей эле бир топ сел журуптур кудайдын кылганы айла жок элибиз тынч болсун 🤲🙏🤲🙏.

guljamalabdykulova
Автор

Баардык сел Жана башка кырсыктар казинонун артынан болтат садыр жапаров адилеттуу таза иштеш керек эле Аллахта эскертип жатат

Kutmanbek_tv
Автор

МЧС кызматкерлерине чон ракмат.Иштеп элди жолдон откоруп жатышат.Биз да ошол мезгилде туздуу колдон кайтып кубо болдук.

КиргизяКиргизя
Автор

Бийлик байлык талашып жерди сууну сатып олуп бара жатканынардын айын эл тартып жатат пейилинерди ондогула

zeyno
Автор

Запарили !!!
Ушлауже вода
А все радуются наконец ещё кого-то затопило .

ЛюдмилаСимонович-ои
Автор

Радуйтесь, сколько надо Вода.вот и Берите, скажи не хочу,

МирвсемМирвсем-пк