filmov
tv
Өрт кырсыктарында криминалдын колу барбы?

Показать описание
Жалал-Абад шаарында наабайкана өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык Ленин көчөсүндөгү наабайканада болгон. Анын кесепетинен жалпы аянты 200 чарчы тунуке жана шифер менен жабылган нан бышыруучу жай толугу менен күйгөн. Анын ичинде 23 тонна ун, 261 кг ачыткыч, 200 кг туз, 85 кг кесме, 225 кг перловка, 80 литр май, жалпы салмагы 847 кг түзгөн нандар, камыр жууруучу 1 жабдык, нан бышырган 2 меш, кесме чыгаруучу 1 жабдык, перловка чыгаруучу 1 жабдык, 4 даана эмерек өрттөндү. Учурда бул кырсыктын себеби такталууда.
Соңкы жылы Кыргызстандын өрт өчүрүү кызматкерлери дээрлик тынган жок. Өткөн жылы Бишкектин босогосунда жайгашкан Ош базарынан өрт чыккан. Өрттүн кесепетин Өзгөчө Кырдаалдар министри электр чубалгыларынан чыкты деп болжогон. Ага удаа эле Ош базарынын Семетей, берекет базарларын өрт жалмады. Соода менен алектенгендер өрт кокусунан чыкпаганын атайылап бирөөлөр тарабынан жасалганын айтышкан. Ал маалыматтарга ички иштер министрлиги териштирүү жүргүзөбүз демиш болуп. Ошол бойдон унутта калды.
Ушул жылдын авгус айында эле өлкө аймагында 45 өрт кырсыгы катталды. 31-июлдан 1-августта караган түнү өлкө аймагында 30 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Бул сутка аралыгында Ош шаарына караштуу Ак-Тилек кичи районундагы «Петролеум» май куюучу жайында унаа өрттөнгөн.
Ал эми 4-августта 45 өрт кырсыгы катталган. Бул күнү «Дордой» базарына жакын аймакта кампалардан өрт чыккан.
8-августта Ош шаарында алты турак үй толугу менен күйүп кетти
21-августта Жалал-Абад шаарындагы Бакиев көчөсүндө жайгашкан базардан өрт чыкты. «Базардан чыккан өрт саат 04:15те толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен жалпы аянты 2 миң 500 чарчы метрди түзгөн соода түйүндөрү жана күндөлүк турмуш тиричиликке керектелүүчү товарлар күйүп кеткен.
Ушул эле күнү Бишкек шаарындагы Москва-Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан өрт чыкты.
22-августта Бишкектеги Чокан Валиханов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги кампадан чыккан өрт түнкү саат 1.21де толугу менен өчүрүлдү.
23-августта Жалал-Абад облусунун Кочкор – Ата Шаарындагы жазарды өрт жалмады.
Кырсыктые келип чыгуу себептерин Өзгнөчо кырдаалдар министри өрт коопсуздугун сактабагандыктан келип чыкты дешип, жоопкерчиликти карапайм элге жүктөп жптышат. Анткен менен өрт өчүрүү кызматкерлеринин айтканынча бардыр. Бирок эмне үчүн акыркы күндөрү бизнес багытындагы соодо түйүндөр жана башка объектерди өрт каптап келет. Айрым байкоочулар өрт кырсыгы атайын уюштурулганын кыйытып келишет. Айрымдар өрттүн чыгуу себебин биснести криминалдык жол менен бөлүштүрүү аракети катары сыпаттап жатышат. Ошондуктан ички иштер министрлиги дагы анализ жүргүзүп, элге маалымат берүүсү абзел.
Мы показываем то, о чем другие молчат. Узнай правду вместе с нами! Подписывайтесь на наш канал!

Комментарии