Асанкалый Керимбаев - Шуулдаба теректерим

preview_player
Показать описание

Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Мен жакшы коргон ырчым омурун кыска болуп калганын тируу болсо канча обондор жаралмак жаткан жерин жайлуу болсун ❤

abibaparpieva
Автор

Асанкалый Керимбаев улуу талант эле. Арабыздан эрте кетти аттин арман, жаткан жери жайлуу болсун. Ушул аганын ырларын чарчаганда эс аласын. Кандай керемет обондорду жаратып калтырып кетти элине.

КубанСултаналиев-чч
Автор

Не Деген керемет ыр созу обону топ келишкен улуу талант Асанкалый Керимбаев! Сиздей талант Бир кылымда Бир жаралат эгерде жаралса Кайран кайталангыс улуу Инсан!

АйшаАбакирова-зд
Автор

Ушул ыр менен ата-энелерибизди эстетип турган Асанкалыйга миң мертебе рахмат.Жайың жаннатан болсун.Оомийн!!!

muktaromorov
Автор

Чон атамдын козу отуп, анын артынан агам отуп, кайра чон энем отуп, кайра эле дагы Бир агам олуп, жашоо-озу трагедия ушул ырды уксам Бир жолу ыйлап алам кайрандарым жайыныздар Жаннаттан болсун.

ИсабекМуратбеков
Автор

Кайран талант ылайым жаны жанатта болсун. Мниинда ыйлагым келет

ЗамираМурзакматова-кш
Автор

Сөзү: Салижан Жигитовдуку.
Обону: Асанкалый Керимбаевдики
Аткаруучу: Асанкалый Керимбаев
Жаткан жериңиздер жайлуу болсун, топурагыңыздар торко болсун! Оомийин.

ЖолборсСатиев-рч
Автор

Эн сонун ыр.Созу С.Жигитовдуку беле? Жайын бейиште болсун, Асанкалый аба!

shekerbekaliev
Автор

Ырдын сөзү да, обону да абдан сонун, азаматтар

ГулнараМинбаева-зн
Автор

Керемет текст керемет обон! Керемет аткаруу!

СалымжанКудайбердиев
Автор

Аталарыбыздын элесин, кылган иштерин эстеп, өзүбүздү өзүбүздү сооротуп өтөбүз...

muktaromorov
Автор

Ата эне баарыбызга аска зоо болот турбайбы.асанкалый агабыздын ушу ырын коп угам.атам ыраматылык меенетти суйгон киши эле.агайыбызга ыраазы болом керемет ырды калтырган.

НурайЧаянова
Автор

Кайран гана таланттуу инсан неге мынча мунканып ырдадын экен???... Аттин омурундун аздыгы ай...🥀🥀🥀😪😪😪.. Бишкек 2024-ж.

КымбатЭже
Автор

СОЗ ЖОК . КАЙРАН АСАНКАЛЫЙ АГАБЫЗ . ЖАЙЫ ЖАННАТТЫН ФИРДАУСУНДА БОЛСУН . 😢😢😢☝🏽☝🏽☝🏽🤲🏻🤲🏻🤲🏻 АДМИН АЛЛАХЫМ ЫРААЗЫ БОЛСУН .

ermekkyrgyzbaev
Автор

Ото сонун ыр асаке сиздей акындар коп болсун

ИсраилКадыров-вц
Автор

Жалбырактар жабыла үн чыгарып,
Жаны тынбай күйүттүү күү чыгарып.
Шуу-шуу этет качырып уйку кушун,
Шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.

Тоо койнуна кысылган кыштагымдай,
Там-ташы бар түзөңдүн төш жагындай.
Турар эле шуулдап миң түп терек,
Тигип койгон атакем жаш чагында.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.

Оо, анда мен бактылуу бир баламын,
Оюн, күлкү, көпөлөк — уулаганым.
Уктаганым байкабай калар элем,
Угуп жатып теректер шуулдаганын.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.

Атам өлүп, артынан апам ооруп,
Айыкпаган дартынан каза болуп.
Ошондо да теректер шуулдаган,
Коштошкондой көрүнөө капа болуп.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин.
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.

Өтүп барат бул заман зуулдаган,
Өтүп барат зуулдап улуу заман.
Кайрандарым, а силер жатасыңар,
Терек муңун туйбастан шуулдаган.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин.
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.

Кадиги жок болсо да бир өлүшүм,
Кайсы күнү өмүрүм түгөнүшүн.
Капарга албай жүрөмүн, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ачышып каректерим.
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин,
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин

СыргаТургенбаева
Автор

Асан ага кандай адам эле .арты кайрылуу болсун 😢😢😥

сапарбейшеев-пц
Автор

Асанкалый Керимбаевдин<<Табышпай канча жүрмөкпүз>>деген керемет ыры бар эле. Ошонун оригиналы (өзүнүн аткаруусунда) болсо чыгарып койгулачы сураныч.

КамалидинЭралиев
Автор

Ушул ырды укканда отто зейиним кейип буулугуп ыйлап алам атин арман эң биринчи иним андан кийин эң уулу агам, андан атам анан эң менин сүйүктүү апам анан экинчи агам бул дүйнө менен кош айтышты.Алардын өстүргөн дарактары ук ушул күнгө чейин щубулдап өсүп көктөп жатат атин арман. А бирок ата энем уч бир тууган . боорлорум жок

MuratKokulov
Автор

Ушул обон ушул текст эч эсимден кетпейт ар дайым угуп турам

РыскулБатыров
welcome to shbcf.ru