Түгөлбай Казаков Шуулдаба теректерим

preview_player
Показать описание
"ЭЛЕГИЯ" (Шуулдаба теректерим)

Сөзү Салижан Жигитовдуку,
Обону Түгөлбай Казаковдуку
Автор ырдайт.

Уйгу-туйгу шамалдуу күз түнүндө
Уктай албай кыйналам чоочун үйдө.
Теректери шуулдап шоокум салат
Терезеден калдайган тоо түбүндө.

Жалбырактар жабыла үн чыгарып,
Жаны тынбай күйүттүү күү чыгарып
Шуу-шуу этет качырып уйку кушун,
Шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, эсиме келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин...

Тоо койнунда кысылган кыштагымда,
Там-ташы бар түзөңдүн төш жагында
Турар эле шуулдап миң түп терек
Тигип койгон атакем жаш чагында.

Оо, мен анда бактылуу бир баламын,
Оюн, күлкү, көпөлөк - уулаганым.
Уктаганым байкабай калар элем
Угуп жатып теректер шуулаганын,
Убайымдуу алдейлеп ырдаганын.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин...

Каргадайдан бирге өскөн моюндашып
Кайран агам экөөбүз коюндашып
Уктап жатсак, теректер ойготчу эле
Желбиреген жел менен шыбырлашып,
Жашыл көркүн жай гана шуулдатып.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин...

Апам өлүп, артынан атам ооруп,
Айыкпаган дартынан каза болуп,
Ошондо да теректер шуулдаган
Коштошкондой көрүнөө капа болуп,
Кошок айтып жаткандай созолонуп.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин...

Өтүп барат бул заман зуулдаган,
Өтүп барат зуулдап улуу заман,
Кайрандарым, а силер жатасыңар
Терек муңун туйбастан шуулдаган.

Кадиги жок болсо да бир өлүшүм,
Кайсы күнү өмүрүм түгөнүшүн
Капарга албай жүрөмүн, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.

Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ачышып каректерим
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин!..
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Домбырамен орындап тұр. Қазақ пен қырғыздың әндері де, музыкалық аспаптары да бір-біріне өте ұқсас. Өнер жағынан қазаққа қырғыздан жақын халық жоқ.

ТолеубекЗайсанбаев
Автор

Керемет ыр, сөзүнө обону бап келген. Ырахмат Салижан агайга! Жаткан жери жайлуу болсун! Түголбай байке көп жашаныз! Ыйлаттыңыз!

ТопчугулШайдуллаева
Автор

Кыргыз Коммуз Казах Домбра БИР ТУГАН ...!!! Бар болындар !! Аман сау болындар !!!!

ТурсынбекДжакашев
Автор

Асыл адамдар. Туголбай байкеге омур тилейбиз. Алтын казына бар болун.

egemberdimoldotashov
Автор

Менин атам да жаш кезинде терек отургузган экен, алар карыган кезинде абдан чон болуп осту. Балалык кезибизде шуулдаган унун угуп чонойдук. Эми атам да жок теректери да жок. Бул ырды угуп ыйладым. Рахмат сизге Туголбай ага.

АйнурОсмонова-гч
Автор

Залкар инсан, нукура кыргыз Туголбай Казаков! Ден соолукта, узаак жашасын!

ЖамилаАлибекова-йы
Автор

Эки залкар таланттардын дараметине жаралган шедевр, кайран гана Салижан Жигитов! Укмуш сөздөр, укмуш обон менен шайкеш болуп, жулунуно жетет го чиркин!!! Бар бол, Түгөлбай!!!

keldibayalymkulov
Автор

Жасыңыз Ұзақ деніңіз сау болсын!. Осылай Қырғызбен Қазақтың Алтын Көпірі болып жүре беріңіз

АбишКурамаев
Автор

Сыйлайм, сыймыктанам Туголбай Казаков менен!

Багышхан
Автор

Мындай чыгармалар кокурогу таза адамдардан чыгат бар болунуз

umutkasymova
Автор

Ушул ырды уккандан эч тажабайм.Атам Апам Байкем эсиме келип буулугуп ыйлап алам.Бар болунуз Туголбай агай.

ankadana
Автор

Туголбай байкенин ырын угуп чонойдук. Керемет саптар

zalkarbekabdiev
Автор

Туголбай балам жаша .бар бол бай бол Ден соолукта болунуз

Джитеуль
Автор

Туголбай бар бол ден соолук каалайм таазим талантына

ЭргешовЖамшитбек
Автор

2024-жыл 5 октябры угуп отурам. Кооп жыл мурун укан болчум ал учурда жаш бала болчум эх ошол учурдагы АСЫЛ инсандарым бугун жок 😭. Ырды жан дуйном менен сезип козумдо жаш менен угуп отурдум. Кылым карытар ыр болуптур

ЭлмуратБатирбеков
Автор

Салижан Жигитов тируу болсо дагы канчалаган мазмундуу тексттер жаралмак.

НурханИсраилов-ыи
Автор

Журокту козгой турган ыр да. Амандыкта бар болунуз агай.

МунараБекмуратова
Автор

Менин да атакемди эстетип жиберди
Атакемда шуулдаган теректерда жок ((

izabellafiasko
Автор

Учурдун залкарларынын сап башында ушул киши.Жараткан ден соолук, узак омур берсин.Уй-булосунун камын корбогон эркектер коп кыргызда, а бул киши бутундой кыргыздын кечээки, бугунку, эртенкиси учун жан дуйносун кыйнап келет.

мухатухарубка
Автор

Кыргыздын залкарларынын бири. Бар болунуз Туголбай ага!

meerimr
visit shbcf.ru