Аз. Накшыбандий ким болгон?

preview_player
Показать описание
Пайгамбарыбыз САВ айтты: “Аалымдар менин мураскорум!”
Мухаммед Бахауддин Накшыбандий Бухари. Атасы тараптан Пайгамбарыбыз САВдын а.э. апасы тараптан Абу Бакр РАнун урпагы болуп саналат. 1338-жылы Бухарага жакын жердеги Касры Арифан айылында төрөлгөн. “Накшыбандий” ысымы “Оймо сайган”-деген мааниге келип, кичинекей кезинде атасы менен бирге тигүүчүлүк менен алектенгендиги үчүн берилген деп айтышса, экинчи бир булактарда анын курган тарикат жолу аркылуу көптөгөн инсандар жүрөгүн тазалап, кооздогондугу үчүн берилген делинет.
Ал төрөлгөнгө чейин эле Баба Семасий аттуу олуя анын төрөлөөрүн сүйүнчүлөп, мактачу. Төрөлөөрү менен Семасий аны өзүнө руханий уул катары кабыл алат. Ал чоңойгон кезде Семасинин окуучусу шейх Сеййид Эмир Кулалинин колунда көп жылдар бою тарбияланып, илим алат. Бир күнү Бухарада олуялардын көрүстөнүн зыярат кылганы барып, мурда жашап өткөн суфийлер менен руханий ааламда жолугушат. Бул руханий жолугушууда бир кылым мурда жашап өткөн улуу суфий Абдулхалик Гуждуваний Накшыбандийге: “Диндин буйруктарына толук баш ий, тыюу салынган нерселерден кач. Фатва аркылуу уруксат берилген нерселерге, эмес такыбалыка жабыш. Пайгамбарыбыз САВдын жана сахабалардын жолу менен кет!”-деп буюрат. Ушул күндөн тарта Накшыбандий устазы Эмир Кулалинин тарбиясынан чыгып, “хафи зикирге” б.а. “ичтен, купуя кылынган зикирге”кирет. Шейхи Эмир Кулали анын бул кылгандарын колдоп, жактырат. Артынан Эмир Кулали өзүнүн уулун Накшыбандийдин тарбиясына берет. Арадан көп жылдар өтүп, Накшыбандий мындан ары да өсүшү керектигин көргөн Эмир Кулали ага: “Өзүмдө эмне болсо баарын сага бердим, мындан ары дагы да руханий жактан өсүү үчүн башка жактарга барып изилден”-дейт.
Кийин Накшыбандий көп жылдар бою көптөгөн аалым, олуялардан сабак алып, өзүн өнүктүрөт. Хадис илимин да өтө берилүү менен алат. 2-3 жолу ажылык ибадатын аткарат. Экинчи жолу ажылыктан келгенде шейхи Эмир Кулали каза болгон эле. Өлөөрдөн мурун бүткүл шакирттерине: “Мындан ары Накшыбандийден сабак алгыла”-деп буюрат. Накшыбандий Бухарада сабак бере баштайт. Учурда “Накшыбандий Тарикаты”-деп аталган тарикат жолун түптөйт. Азыркы Афганистандын Герат шаарына барып, ал жерде мамлекеттин жетекчисине насааттарын айтат.
Ал адал тамака өтө маани берчү. Жеген азыктарын өзү айдачу. Жер иштетүүдө колдонулган суунун, үрөндүн, иштетилген айбандардын адал болгондугун кылдаттык менен текшерчү. Анын адал тамагын жеш үчүн көптөгөн аалымдар сабактарына катышчу. Ал: “Тамакты даярдап аткан киши ачуулануу менен даярдаса ал тамак адамдын жан дүйнөсүнө зыян берет. Ачуулануу менен жасалган ишке шайтан аралашат”-деп эскертет эле. Ачуулануу менен жасалган тамакты өзү да жечү эмес, шакирттерине да жедирчү эмес.
Бир күнү Герат ханы Малик Хусайнинин жубайы ага өз колу менен кийимдерди тигип жөнөтөт. Бирок Накшыбандий аны албай коет. Ханыша бир нече жолу суранса да албай коет. Накшыбандий бул мезгилдери кийизден тигилген эски кийим, эски чокой, эски бүт кийим кийчү.
Бир күнү шакирти ага келип намаздан ыракат ала албай жаткандыгын айтканда, Накшыбандий ага: “Жеген тамагыңдын адал болгондугун текшер”-дейт. Шакирти тамак бышырып жатып өзүнө таандык болбогон отунду колдонуп койгондугун эстейт. Накшыбандий эмгектенгенди аябай жакшы көрчү. Ал эмгектенип, бирөөгө жүгүн салбаш керек. Ошол эле кезде дүйнөгө да берилип кетпеш керек деп эскертчү.
Андан кээде “Керемет көрсөтүңүзчү”-деп суранышаар эле. Ал: “Ушунча күнөөбүз бар туруп, дагы жер бетинде соо басып жүрүүбүз өзү керемет эмеспи?”-деп керметтерин мүмкүн болушунча жашырат эле. Дайыма: “Эч ким тоготпогон, баары акаарат кылган адамдар менен дос болгула, алардын көңүлүн алгыла!”-деп айтчу. Дайыма өзүн кичи пейил алып жүрчү. Башкалардын алдында кийими өзгөчөлөнүп калса дароо чечип башкаларга белек кылып салчу.
Ал улгайып калган чакта дагы бир жолу ажылык зыяратына барат. Кайтып келгенден кийин ооруп баштайт. “Достор кеткен ошол акырет ааламы кандай сонун!”-деп өмүрүнүн акыркы убагы келип калгандыгын билдирет. 1389-жылы 1-мартта шахадат келимесин айтып, акырет ааламына жөнөп кетет. Учурда кабыры Бухара шаарынын Касры Арифан айылында жайгашкан. Арадан канча жыл өтүп кетсе да анын кабырын зыярат кылгандардын саны арбын.
“Накшыбандиййа тарикаты” Орто Азия, Түркия, Индия жергелерине чейин жайылган. Бул тарикаттын жолдочуулары Мухаммад Парса менен Алауддин Аттардын эмгеги менен Накшыбандиййа тарикаты Маверауннахр чөлкөмүнө т.а. Азыркы Сырдаря менен Амурдарянын ортосундагы чөлкөмдөргө жайылган. Кийин Убайдуллах Ахрар заманында Истамбулга чейин жетти. 18-кылымда Мавлана Халид Багдадинин кызматы менен Осмон дөөлөтүнө кеңири жайылган.
Пайгамбарыбыз САВ бир хадисинде “Үммөтүмдүн аалымдары, Исраил уулдарынын пайгамбарлары сыяктуу”-деген. Бедиуззаман Саид Нурси болсо “Бул хадистегидей аалымдык даражага жеткен аалымдардан болгон Мухаммде Бахауддин Накшыбандий”-деп айтат. Айрыкча бул зат аркылуу миңдеген мусулмандар ыйманын куткарып, эки дүйнө бакытына жеткендигин айтат.
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

БЕЙИШ НУРУ слерди АЛЛАХ жолунда суйом...

ЧынараЗикирова-щя
Автор

оо АЛЛАХым пенделериндин журогуно ыйман бере кор

zamirbekimomidinuulu
Автор

Аллахым раазы болсун адалга ото бекем болгон экен!

hghgvj
Автор

Маа ша Аллах сонун баян ! Уланта бериниздер!

gggh
Автор

Чоон рахмат админ бардыгыбызга адал ырыскы жегенди насип кылсын Аллахым

АлишерАббосов-рк
Автор

Эн жакшы сайт ушул болгонду болгондой айтат ооомин.

ЖонокойЖигит-мм
Автор

Ассаллому алейкум ООО бир туугандар кандайсынар намазды калтырбай окуп атасыздарбы сабр кылалы дуа кылып АЛЛАХТАН сураналы оорудан сактасын

МужикЕсть
Автор

Ураттуу админ Халид ибн Валид жонундо чыгарынызчы?

БарсбекКаган-ор
Автор

Аллахым ыраазы болсун. Ишиңиздерге ийгилик берсин Жараткан.

busairaaidarova
Автор

Аллахым ыраазы болсун сизден. Жараткан Аллахым илиминизге илим кошсун.

aliisranov
Автор

Маа шаа Аллах
ханафий маатрудий накшыбандий баары мазхабка такалат .
сыймыктанабыз Имам Накшыбандий менен Имам Маатрудий менен алхамдулиллах .

Shergazy_Askarov
Автор

Аллоху акбар админ Аллах разыболсун көбрөк чыгарсаңар ушундай жакшы манилүү өрнөктү окуялдан рахмат сизге Аллах баарыбызга толук ыйман берсин.

АхматЗулпуев-фд
Автор

Ушул Бейиш нуру соонун ун менен коштогону жагат, Аллах сизден ыраазы болсун

maksat
Автор

Аллахым ыраазы болсун сиздерден Бейиш нуру каналынын жааматы

ХиминСон
Автор

Аллах ыраазы болсун, Бейиш Нуру каналынын жалпы жамаатына

liquidatorkg
Автор

БЕЙИШ НУРУ силерден Аллах ыраазы болсун

Bin_Lade
Автор

Аллах ишинерге ийгилик Жана береке берсин

Бакытбек-кщ
Автор

😢😢😢кандай гана ыйманы бекем адамдар откон Аллахым журогубузду шек кумондон сактагын!😢

myrzaiymorozalievnaa
Автор

Машаллах э Аллах бизге да ушундай ыйман берчи биз каратып туруп бироонун нерсесин алып иштетип койобузго

muamuarkaddafi
Автор

Бизда да, бул тарикатты кармангандар коп. Алар ото жонокой, момун сыпат менен журушот.

КабылТаиров