ИЙГИЛИКЕ АЗ КАЛДЫ!

preview_player
Показать описание
1935-жыл. Аясофия мечити жабылып, музейге айланды. Муну ишке ашырган адам Кемал Ататүрк.
Пайгамбарыбыз САВ бир хадисинде:
“Константинополь же болбосо азыркы аты менен Истамбул сөзсүз фатх болот, мусулмандардын колуна өтөт. Аны фатх кылган кол башчы кандай гана бактылуу. Ошол армия да кандай кооз армия”-деп азыркы Истамбулдун мусулмандардын колуна өтө тургандыгын кабарлайт. Арадан жылдар өтүп 1453-жылы Фатих Султан Мехмед Константинопольду алат. Аясофияны мечитке айландырат. Аясофиянын мечитке айланышы Фатхтын, мусулмандардын жеңишинин символу катары калыптанып калат. Фатих Султан Мехмет кийин атайын фонд ачып мечитте жеке өзүнө каттаттырат. Мунун артынан осуятнаама даярдан ал жерде: “Кимде-ким Аясофияны азыркы абалынан башка абалга айлантса Аллахтын ага наалаты болсун”-деп жазып калтырат.
1935-жыл. Кемал Ататүрк Аясофия мечитин жаап, музейге айландырат. Себеби анын максаы бүтүндөй Увропага христиан ааламына жагынуу жана алардан материалдык колдоо алуу эле. А 1932-жылы Ататүрктү буйругу менен азан түрк тилинде айтылып калган эле. Негизи эле бул мезгилдерде бүткүл Ислам ааламы кыйналып турган кез эле. Бул музейге айландыруу аракети негизинен 1922-жылы башталган. Бул жылы Бедиуззаман Саид Нурси менен Ататүрк бул темада талашып тартышышат. Ататүрк планында Аясофияны музейге айлантуу бар экендигин Бедиуззаманга айтат. Бедиуззаман болсо анын бул ниетине ушундай жооп берет.
“Элестетип көр. Аясофия сыяктуу улуу мечиттин ичинде улуу мусулман жамааты намаз окуп жатат дейли. Ошол эле кезде мечиттин сыртында бир нече европалык турист мечитти көргөнү келишкен, же болбосо ойноп кулүп, бийлеп атышат. Сен мечиттин ичиндеги улуу мусулман жамаатын ыраазы кылып, аларга щерик болгонуң жакшыбы, же сырттагы европалык артист сыяктуу туристтердин тилине кирип аларды ыраазы кылышың керекпи. Албетте ичкеридеги улуу мусулман жамаатын ыраазы кылып, алар тарапта болушуң керек. Мечитти музейге айлантуу ниетиң да кудум ушул мисал сыяктуу европалык бөтөндөрдө кубантуу, ыраазы кылуу бирок мусулмандарды нааразы кылуу иш-аракети болуп саналат.”
Бул тартышуудан кийин жогоруда айткандай Ататүрк мечитти музейге айлантат. 1938-жылы Ататүрк өлөт. 1950-жылы премьер министр Аднан Мендереске Бедиуззаман 3 сунуш менен кайрылат.
1-Аясофияны кайрадан мечитке айлантуу
2-Азанды түкрчөдөн кайра арапчага айлантуу
3-Ыйык Курандын тафсири болгон Рисале-и Нур чыгармаларына эркиндик берүү жана расмий турдө мамлекет тарабынан бастыруу. Ал өз кайрылуусунда ушул үч нерсе аткарылса балээлерин жок болоорун баса белгилейт. Ушул жылы көптөгөн кыйынчылыктарга карабай азан кайра арап тилинде айтыла баштайт. Бедиуззамандын айткан бир осуяты ишке ашат.

Ал эми 14 томдон турган Рисале-и Нур тафсирлери мамлекет тарабынан 2014-жылдары басыла баштайт.

2020-жыл. 10-июль. 86 жыл бою жамаатсыз калган, музейге айланган Аясофия кайрадан ибадат үчүн мечитке айланды. Бул иш аракеттер башталаардан мурун да бүткүл христиан ааламы ар кандай коркутуулар менен, үркүтүүлөр менен бул кадамдан баш тартуу керектигин Түркия өкмөтүнө эскертишет. Бирок буларга карабай Аясофия кайрадан мечитке айланып, азан үнү жаңырып, бүткүл үммөттү кубанычка бөлөдү.
Ушул жерден суроо туулат. Аясофиянын бизге кандай тиешеси бар?
Аясофиянын ачылыш кубанычы бул-жабылып калган бир мечиттин ибадат үчун кайрадан ачылышынын кубанычы эле жеген мааниге келбейт андан да ары жака бара турган болсок Аясофия Ислам ааламы үчүн мааниге ээ. Бул-мусулмандардын башкалардан көз карандысыз бир көрүнүштө чечим кабыл ала алуу укугуна ээ болуусу жеген мааниге келет. Мусулмандар караңгы түндөн чыгып бактылуулук таңына, чыныгы таңга жетти деген кабарды берет. Ошол эле кезде жеңиштин символу, кабрчысы, сүйүнчүсү.
Демек Пайгамбарыбыз САВдын башында айтылган: “Константинополь же болбосо азыркы аты менен Истамбул сөзсүз фатх болот, мусулмандардын колуна өтөт. Аны фатх кылган кол башчы кандай гана бактылуу. Ошол армия да кандай кооз армия”-деген хадисинин дагы бир чагылуусу 10 июль күнү кайрадан ишке ашты. Бул окуя руханий бир фатх, жеңиш. Мындан ары жылмаюу эмоциясы жашыл жака өтө берет. Фатх мубарак болсун! Оо менин бир туугандарым! Бизди бактылуу келечек күтөт! Аллахтын Мээриминен эч үмүт үзбөйбүз! Себеби Аллах Таала Куранда: “Аллаhтын ырайымынан үмүтсүз болбогула!”-деп айтылган!
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Эрдоган сендей президент баардык мусулман мамлекетке насип этсин🤲🤲🤲 Кыргызстан мен сени суйом ♥️

АдилетБатыров-ыр
Автор

Кимде ким Ислам дини учун кызмат кылса Аллахым жардам берсин🤲🤲🤲

АдилетБатыров-ыр
Автор

Аллага чексиз шугурлор болсун...
Чубак Ажы устазыбызга кооп кооп дуа кылалы 🙌

aitemirsulaimanov
Автор

Тайип Рэжеп Эрдоганга АЛЛАХ ыраазы болсун, АЛЛАХтын рахматтары болсун!!! МаашаАЛЛАХ!!!

МирбекОмурбеков
Автор

Лидер деген ушундай болуш керек. Эрдоган ✊👍

РаушанЖенишбекуулу
Автор

Оо мээримдуу берешен АЛЛАХЫМ бизге игиликтерди жакшылыктарды денсолуктарды бер бер Аллахым илим бер аминь

АсылбекДжумаев-бч
Автор

ээх кандай улуу инсандар өтүп кетти Чубак ажы Жалиловду эми кайдан көрө бүз жүрөктөр тилинип кан токтобой, көздөн да жаш токтобой канча жыл кайгырып жүрөбүз Кыргызым 😣😣😣😢😢😢😭😭😭

БарсбекКаган-эр
Автор

Маа шаа Аллах фетх мубарек болсун. Фетх кылган кол башчылардан Аллахым эки дуйно раазы болсун. Биз учун коптон бери кутулуп келген эн сонун кабар.

mufaddelsezen
Автор

Эң сонун класс бир эле басылат да болбосо миң жолу басмакмын.Онугуп өсө берсин ИСЛАМ дини каналга рахмат

kyrgyzjigit
Автор

Эрдоган Эрки кучтуу адам экен динин катуу туткан

mans
Автор

Чынында кандай сонун Башчы АЛЛАХЫМ ЫРААЗЫ БОЛСУН АМИНЬ

АзадаМелисбекова
Автор

Аясофия нын ачылышы биз мусулмандардын кадыр баркы оскону Аллах таллама шугур падыша Ражап Тайип Эрдогандын Омуруу узун болсун

aziretaliaytiev
Автор

Аллах ыраазы болсун! Ислам дини чыныгы дин.

aimusdzh
Автор

Ушул каналдан буга чейин билбеген коптогон маалыматтарды алам. Аллах ишиниздерди ийликтуу кылсын жана эки дуйно жакшылыктарын насип этсин.

ЖумагульМухтаржанКызы
Автор

Аллаһыма мақтау болсын бүгін мен үшін қуанышты күн болды, Аллаһым мұсылмандарды кафирлерден үстем етсін әмин

СүндетЖолдас-нл
Автор

БЕЙИШ НУРУ рахмат жакшы кабарыңыздарга! АЛЛАХКА ЧЕКСИЗ ШҮГҮР!

syrgakparpiev
Автор

Ердогандан улгу алыш керек кыргыздар бизде болгондо сатыблыб кетет болчу Аллах ыраазы болсун турктордон🤲☝️

ЖанболотЖапаров-щп
Автор

Аллах сидерден ыразы болсун бизге умут бергениниздерге Аллаху Акбар Аллаху Акбар Аллаху Акбар Лаилаха иллалах

Ыйманмедиа-пб
Автор

Аллах таала баарыбызды эки дүйнөдө бактылуу кылсын оомин

УрматМолдобаев-вз
Автор

Аллахым өтүп кеткен аалымдарыбызга Бейишинен Фирдаусту насыип кылсын. Бизге бекем иман бекем биримдик берсин. Амииинь

urmatkanaev