Нурчолпон “Буулуккан булбулум ай”

preview_player
Показать описание
"Элесиң элдин эсинде, Эл акыны Элмирбек" аттуу китеби жарык көрдү

Кыргыздын залкар уулу, төкмө акыны, көп кырдуу талант ээси Элмирбек Иманалиевдин дүйнөдөн кайтканына бир жыл болду. Бул убакыт аралыгында акын тууралуу көп эскерүүлөр айтылды. Ырлар жаралды. Китептер жазылууда. Ушул аптада журналист Мелис Арып-Бектин “Элесиң элдин эсинде, Эл акыны Элмирбек” аттуу китеби да жарык көрдү. Китеп бир гана Элмирбек акынга арналган эмес. Анда көзү өтүп кеткен таланттуу акыныбыз Элмирбек Иманалиевдин досу Зайырбек Ажиматов, Сүйүнбай Бөрүбаев тууралуу да эскерүүлөр камтылган.
Китептин бет ачаарына коомдук, маданий ишмерлер, Элмирбек Иманалиевдин жубайы Нурзат айым да катышты. Токтогул жергесинен төкмө акындын жердештери да иш-чарага келип, авторго чоң ыраазычылык билдирип кетишти. Эстрада ырчысы Нурчолпон “Буулуккан булбулум” аттуу ырын аткарып, төкмө акын эскерилди.
Мелис Арап-Бек:
- Элмирбектин көзү өткөндө мен аябай кайгырып, акыныбызга арнап китеп жазам деп өзүмө сөз берген элем. Бул китепте эскерүүлөр, акындын бала чагы, чыгармачылыгы тууралуу көп жазылды. Аны энциклопедия катары да карап окуса болоорун айткым келет. Бул китеп Элмирбек тууралуу биринчи китебим. Экинчи, үчүнчү китепти да жазайын деген пландарым бар.
Рекомендации по теме