Элмирбек Иманалиев - БУЛБУЛУМ

preview_player
Показать описание
Элмирбек Иманалиев - Булбулум

Сөзү : Э. Иманалиевдики
Обону : Э. Иманалиевдики

Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Армандуу сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.

Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.

Кайырма:
Булбулум, булбулум, ай,
Буулуккан кургурум, ай.
Бул кечте үнүң баспай,
Буулуктуң неге мынча, ай,
Булбулум, булбулум, ай?

Жаңшайсың, жаш булбул, токтобогон,
Жашоодо жан жок, эй боздобогон.
Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
Жаштыгым жаштыкка, эй, окшобогон.

Сайрашың өткөндү эске салып,
Санааркайм, ал күндөр четте калып.
Буулуккан булбулдай сени жоктойм,
Буйруксуз сүйүүмдү эстеп алып.

Кайырма:

Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.

Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.

#KUTTV #ЭлмирбекИманалиев
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

☝☝ *КАНАЛГА КАТТАЛЫП КОҢГУРООНУ БАСАБЫЗ* 💯% 👍👍💥
ЭЛМИРБЕК ИМАНАЛИЕВдин башка видеолору👇👇👇

Элмирбек Иманалиев // ЧОҢДОРГО КАЙРЫЛУУ

Элмирбек Иманалиев - БУЛБУЛУМ

Элмирбек Иманалиев Гүлбү Ороскул кызы ЖАШ КЕЗИНДЕГИ ВИДЕОСУ

Элмирбек Иманалиев - ЖАЛГЫЗДЫК (карап - карап)

КОШ ЭЛМИР БУЛБУЛУМ ДОСУМ // Жеңишбек Жумакадыр ЫР САПТАРЫН АРНАДЫ

KUTTV_production
Автор

Смысл песни поймёт только носитель кыргызского языка😢, великий народ, с богатым языком и культурой. Глубокий смысл стихов, 😢😢❤ браво! 👏

allofme-vzkh
Автор

Шын талантқа өнерде шекара жоқ расында... Нағыз ел ағасы болып, ұлтты ұйытар шағында... Ажалға араша барма, иманың жолдас болсын АҒА

Адай.Казахстан
Автор

Биздин арабыздан кеткенине канча жыл болду ырларын уга алчу эмесмин жүрөгүм чыдайбай эми кичине угуп жатам өттө өкунүчтүү ушундай залкарлар кетип жатат эмне кылабыз кудайдын жазганынан эч ким кутула албайт өмүрү кыска экен түбөлүккө Элмирбек биздин жүрөгүбүздө болот ырлары менен

КГС-же
Автор

😪😪😪😪🤲жаткан жерин жайлуу болсун Гулбубу экоон Фирдауста жолугуп Жаннат та гулзарда эрчищип жургуло амминь

Жана-яг
Автор

Ак калпак эли шерденткен.
Алп акын болуп эр жеткен.
Улуу сөз, улуу баянын,
Уксам деп калкын дегдеткен.
Ар таланты ташкындап,
Ак жылдыз болуп жарк эткен.

Обону ойго терметкен,
Оболоп атак даңкы өскөн
Кайрылып күндө уксак деп,
Казак, кыргыз дегдешкен.
Улуу элдин баалуулуктарын,
Урпака таасын көрсөткөн.

Ойлору тунук берметтен,
Орошон талант элең сен.
Улуу ойчулдук мурасын,
Улантаар бирөө бар бекен.
Улуттун улуу тарыхын,
Улантаар талант элең сен.

Күн чыккандай чыгыштан,
Күлгөнү жүрөк жылыткан.
Күү чертсең миң кубултуп,
Кары- жаш сүйүп угушкан.
Керемет нечен күүлөрдү,
Көөнүнө журттун уюткан.

Ай чыккандай булуттан,
Ажары жүрөк жылыткан.
Булбулдай таңшып өзү да,
Булбулун айтып буулуккан.
Бул керемет обон деп,
Бүт элдер эңсеп угушкан

Ачуу сөз айтпай кыйыткан.
Адамдан башка сылык жан.
Айтышта нуска ырына,
Агаин журтун муюткан.
Түрк элдери берилип,
Таланттын сүйүп угушкан.

Жалган сөз айтса ийгиби,
Жаман көз сага тийдиби.
Жашоосун ойлоп элиңдин,
Жалындап ичин күйдүбү.
Жан алгыч келип капилет,
Жаннаттын жолун чийдиби.

Кыңыр кеп айтса ийгиби,
Көөдөнүн түтөп жүрдүбү.
Акыйкат ырын кектеген,
Адамдын сөзү тийдиби.
Намыс, арды билбеген,
Наадандын тили тийдиби





Өзүңдөн алган үлгүнү.
Өзөктөр өрттөй күйдубу.
Өрт болуп жанган асыл жан,
Өлүмгө башын ийдиби.
Жазмышка айла жок экен,
Жалп өчтү өмүр бир күнү...

"Жаз деми" жыйнагы.Сыдыкбек Самадинов.

СыдыкбекСамадинов
Автор

Элмирбек озу кыргыз элинин булбулу эле. Аттин ай.

jainajuzupov
Автор

Элиндин булбулу, Ала-Тоонун шаншыган барчыны элен, жаш болсон да акылдын кени сенде эле алтын балам, балалык сезимди сактай албай, арманда кеттинер.Жанынар жанатта болсун.

byby
Автор

АЛП акын Кыргыздын сыймыгы Аттин.жайы жаннаттан болсун.

aselasel
Автор

Булбулум деп ырдачы элен атин ажал улук эмне дейбиз айла жок Аллахым жантан орун берсин кыргыздын булбу очту атин мындай ырчы кайра келбейт атин.

ЖаныбекМукамбетов-эз
Автор

зор!!! очень душевное исполнение каракалпактан салам
биртуган яшан жирныи ЛАИК

Armani-uivd
Автор

Иии балам сен бизге дайыма тируусун кыргыз эли сени менен жашап келет ❤👏✋

aiperykadyrova
Автор

Булбулум деп сайраган өзүң булбулу элең элиңдин.кыргызым деп күйүп жанып ыр төккөн кырааны элең кыргыздын.чолпону элең жарыгын жарык чачкан жылдыздын

АрсенВалиев-дж
Автор

Журокту сыктынарго экообуз.жон эле бири биринерди кечиришип жашай берсенер болот элего кайрандарым.аа дуйно барбы жокбу Ким билди.атаганат Бир берилген омурду кор кылдынар.

АйымканХайдарова-бй
Автор

Қайран Элмир! Жатқан жерің жайлау, жаның жаннатта болсын!😢😢😂

azia
Автор

Булукан булбулум элмир Гулбубуно булугуп кетинби сагынып артынан Гулбубун буралып тосуп алдыго жаным

НурланбековаАдеми
Автор

Ма Шаа Аллах сонун ырдайт экенсиз үнүңүзгө береке келечегибиз кең болсун буюрса Ин Шаа Аллах 😍👏😍😍😍👏😍😍😍🎉🎉🎉

АйдайТурсунбайева
Автор

Кошо ырдап комуз менен…Аттин дедим🥲…Ырларын туболуктуу кала берет Элмир 🥲🥲🥲

ШайымЖумабекова
Автор

Журокожеткизип ырдаган бир гелген бул дуйно адамгерчилик менен тушунуп жпшасак кана эле жашоодо эч жамандык горбо

OrozgulTurdueva
Автор

Эхх тагдыр неге мынча жакшы адамдарды алып кетесин😢😢😢😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😭😪🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺🥺эх, эх

РайханУсубалиева-цд