АСКАТ МУСАБЕКОВ - Аруузатым - Кыргызча караоке тексти менен

preview_player
Показать описание
🎵 Элмирбек Иманалиевдин "Аруузатым" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Аскат Мусабековдун аткаруусундагы варианты тексти менен.

🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.

🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.

🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.

🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.

🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.

💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.

Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!

❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.

#ыркесе #АскатМусабеков #караоке_аруузатым #yrkese
======================================================
"Аруузатым"
Сөзү жана обону: Элмирбек Иманалиев
Аткаруучу: Аскат Мусабеков
---------------------
Аруузатым, ай чырагым, аппагым,
Сени көрүп мен тазара баштадым.
Карегиңде жүргөн экен катылып,
Качанкы бир мен жоготкон асманым.

Кайырма:
Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Кайран жаштык өткөнчө,
Кайрылбаска кеткенче,
Карындашым, кагылайын, кагылайын, мага бир жолук.

Бир уу жылан сойлоп өтүп сүйүүмөн,
Бир заматта ойрон болгон дүнүйөм.
Өзүң менен айыкчудай сезилип,
Өзүм билбейм неге мынча сүйүнөм.

Кайырма:
Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Кайран жаштык өткөнчө,
Кайрылбаска кеткенче,
Карындашым, кагылайын, кагылайын, мага бир жолук.

Тагдыр, мени каалагандай калчадың,
Акың калса алып бүтчү, чарчадым.
Жаштык узап кете электе бир жолу,
Жашоо берчи жашылындай арчанын.

Кайырма:
Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Арман болуп дүнүйөм,
Айрылганча сүйүүдөн.
Аруузатым, айланайын, айланайын, мага бир жолук.
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

"АРУУЗАТЫМ" Аскат Мусабековдун аткаруусунда тексти менен кыргызча караоке.
Ыр жактыбы? 👍 Лайк басып, досторуңуз менен бөлүшүп коюңуз!


💬 Кийинкиде кайсы ырдын караокеси чыгуусун каалайсыз?
✍ Комментарий калтырып, сунуш бериңиз! Колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.

Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
♫ ♫ ♫ ♫ ♫ Ырдайлы, достор, ырдайлы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫

Yrkese
Автор

Аруузатым, ай чырагым, аппагым,
Сени көрүп мен тазара баштадым.
Карегиңде жүргөн экен катылып,
Качанкы бир мен жоготкон асманым.

Кайырма:
Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Кайран жаштык өткөнчө,
Кайрылбаска кеткенче.
Карындашым, кагылайын, мага бир жолук.

Бир уу жылан сойлоп өтүп сүйүүмөн,
Бир заматта ойрон болгон дүнүйөм.
Өзүң менен айыкчудай сезилип,
Өзүм билбейм неге мынча сүйүнөм.

Кайырма:
Тагдыр, мени каалагандай калчадың,
Акың калса, алып бүтчү, чарчадым.
Жаштык узап кете электе бир жолу,
Жашоо берчи жашылындай арчанын.

Кайырма:
Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Арман болуп дүнүйөм,
Айрылганча сүйүүдөн.
Аруузатым, айланайын, мага бир жолук.🎉❤

Каныкей-эш
Автор

Жарықтық тағдырың өзің әнге қосқандай аршаның жасылындайақ қысқа болды. Ақың қалса алшы депсің. Ай Элекемай. Жаның жәннатта болсын. Ән жырын жақсы көріп тыңдаймын.

Дастантурсынгожин
Автор

Элмирбек байкенин чыгармаларынан эн жакшы коргон ырым ушул обону да ыры да аябай сонун жайы жаннаттан болсун😢😢

Омуш
Автор

Аскат Аллахым узун омур бекем ден соолук берсин
Кыргыз элине аскат.

СултанДарбишев-ом
Автор

Аскат байке биринчи ушул ырды ырдап чыкканда жакшы коруп укчу елем .аялы еки баласы мн ажырашкандан кийин жакпай калган мага

ЧолпонайАкимжанкызы
Автор

Ыракмат сизге ырдап бергениңиз үчүн менин атым Аруузат угуп алып абдан сүйүндүм 🎉 ❤ чооң ырахмат

HFIt-mjwz
Автор

Создору аябай маанилу кайра кайра уккун келет☺️

FatiAdylbekovva
Автор

2023- жыл угуп абдан жакшы ыр экенин билип отурам суктанып🤩

Free_brunette
Автор

Соонун сонун ыр ыйлагым келет Аскат азаматсын❤❤❤❤❤

BishkekBishkek-kvhd
Автор

Биз дагы биринчи. Неберебизге. Аруузат деп чон атасы койду❤❤ жакында эле жарыкка келди

Аку-мр
Автор

Ушул ырды таенем экообуз аябай укчу элек эми жалгыз угуп калдым 😢

АкылбекКочконбаев-лт
Автор

Баракелде, унуно береке, сонун ырдапсын.

АйнагулМанасова
Автор

Тагдыр мени каалагандай калчадын
Акын болсо алып бүтчү чарчадым 😢😢

Alhamdulillah...
Автор

Мин армияда кыргыз балалары белэн хезмэт иткен идем Иссык-Куль районыннан иделэр Мамбетбаев мухтыбек Асанкожаев1979_80елда кезге айга кадэр Эле тагын берсебар Асангулов германияда пархим шэхэрендэ.

РинатВалиуллин-дю
Автор

Аска зоодой тирегим Атам мен 1чи класста окуп жатканымда дүйнө салды.Мен Атамдын күчтүү, сырдуу,сындуу сөздөрүн унута албаймго.Атам жаным Атам аска зоом тирегим мен Сизди аябай Сагындым😢😢😢😢😢😢😢

jamilaalykulova
Автор

Болот Тасмаевтин алгачкы суйуусун чыгарчы тууган минус кылып

umarmamatali