Аруузатым - Аскат Мусабеков

preview_player
Показать описание
Аскат Мусабеков
"Аруузатым"

Сөзү : Э. Иманалиевдики
Обону : Э. Иманалиевдики

Аруузатым, ай чырагым, аппагым,
Сени көрүп мен тазара баштадым.
Карегиңде жүргөн экен катылып,
Качанкы бир мен жоготкон асманым.

Кайырма:
Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Кайран жаштык өткөнчө,
Кайрылбаска кеткенче.
Карындашым, кагылайын, мага бир жолук.

Бир уу жылан сойлоп өтүп сүйүүмөн,
Бир заматта ойрон болгон дүнүйөм.
Өзүң менен айыкчудай сезилип,
Өзүм билбейм неге мынча сүйүнөм.

Кайырма:
Тагдыр, мени каалагандай калчадың,
Акың калса, алып бүтчү, чарчадым.
Жаштык узап кете электе бир жолу,
Жашоо берчи жашылындай арчанын.

Кайырма:
Карайлаган көңүлүмө нур толуп,
Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп.
Арман болуп дүнүйөм,
Айрылганча сүйүүдөн.
Аруузатым, айланайын, мага бир жолук.

#monomedia
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Эң сонун ырдаптыр ❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤
Элмирбек 😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢

МамамМамамова
Автор

Унунузго береке рахмат сиздин ырларынызды угуп дем алабыз талантыныз ташкындай берсин

НуржанЖолдошева-гя
Автор

Элмирбектин ырларын адамдарга жеткире ырдаган Аскат Мусабековко чыгармачылык ийгилик журогунон ырдайт садага сага уузун омур чын ден соолук каалайм.

НурбубуРыскулбекова
Автор

Кандай сонун ыр жараткан Элмирбек Иманалиев маркум.

СалтанатМуратова-гч
Автор

Элмирбек Иманалиевтин ырлары журогубуздо омур бою жашайт.

МаралЖээнбекова
Автор

Ыйманы саламата болсун абдан жакшы жигит эле, омуру ото кыска экен айланайын, бейиштен жаратканым орун берсин айланайын жок ушинтип ырларын угуп кала берет экенбизда. Аскат айланайын ырларын аябай жакшы ырдайсын сени кудайым колдоп омурун узун болсун, алган жарын менен бактылуу бол.

ГулсайраБейшекеевна
Автор

Браво! Залкардын керемет чыгармасынын мыкты аткаруусу!

zaksad
Автор

Элмирбектин эрте кеткени өтө өкүнүчтүү, бирок Аскаттай ырчыларыбыз бар, уучуубуз кур эмес…
Аскатка чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

👏🏻👏🏻👏🏻👏🏻👏🏻💐

CholponAldasheva
Автор

Уну сонун, уккулуктуу, эн кучтуу ырчы.

minuraakaeva
Автор

Иий мындай ырлар дагы жаралар бекен арман, кандай керемет 👍👍👍👋👋👋😩

Мояжизнь-чо
Автор

Карегинде жургон экен катылуу,
Качанкы бир мен жоготкон асманым

ЭламанКамалдинов
Автор

.КАНАЛГА РАХМАТДААНА КӨРСӨТӨТ ЭКЕН АСКАТ ӨСӨБЕР ЭЛМИШ ЖАТКАН ЖАЙЫҢ НУРГА БӨЛӨНСҮН

СайрабүбүСултанкулова
Автор

Сен экөөбүз эки жээктей
Өйүз-бүйүз жактагы
Болгон менен ортобузда
Көл толкундай баштады.
Ак чардактар менден сага
Сенден мага каттады.
Сага арнап бир ыр жаздым,
Өзүм окуп жүрүүгө.
Ошол ырдан жан дүйнөмө
Бир жылуулук кирүүдө.
Жүрөгүмө катып алып
Ошол аруу дүйнөнү,
Сезимимде бир жаш кайың бүрдөдү.
Сен жакшы түш көрдүн бекен,
Мен ыр жазган түндөрү.
Көрүшпөсөк мейли дейли,
Андан оор бир жери-
Кайра келбес асыл кездин
Кайда калат издери?
Мен ыйласам сенден башка
Соорото алат ким мени?
Али жашсыңАруузатсың,
Студент кыз татына.
Экзаменден башка түйшүк
Түшө электир башыңа.
Менден болсо-
Турмуш катуу бороондоп,
Туш тарапка чачууда.
Тагдыр бурчук таштар менен атууда.
Сенин гана мээримиңдин кубаты
Жетет эле мунун баарын басууга

АбасЖаныбеков
Автор

Моно медиа ийгиликтер коп болсун! Дагыда жакшы чыгармаларды кутобуз

АлмазКочкоров-ът
Автор

Улуу акындын жолун жолдогон Элмирбек маркумдун элеси кыргыз элинин журогундо.

СуйунбекЫзаков
Автор

МЕДИКТЕРГЕ НААРАЗЫ БОЛОМ АРЫ БАР БЕРИ БАР ДЕБЕЙ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН КАРАЙ АЛБАЙ КОЮШТУ КАЙРАН ЖИГИТ УККАН САЙЫН КАНЫРЫГЫП ТУТОП КОЗУМО ЖАШ ТОЛОТ.БЕЙИШТЕН ОРУН БЕРСИН.

НуржамалСадыковна
Автор

Как он пел оригинал...так не смогут петь.там он с душой пел

meerimjoldoshbekova