Урок № 1 по Графическому Дизайну для курса по Веб - Разработке.

preview_player
Показать описание
Портфолио из 12 кейсов ментора Алишера Байбекова от концепций до реализации.
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Ассалоому алейкум, бул интервью аябай кызыктуу болуптур 👍. Интервью учун Алишер байкеге жана Jyldyz академиясына чоң рахмат.

Бул интервьюдан мен дизайн жөнүндө кененирээк маалымат алдым. Графический дизайн менен Веб дизайндын качан пайда болгонун, алардын айырмачылыгын билдим жана арт менен дизайндын айырмачылыгы жөнүндө маалымат алдым.
Дизайнерлер үчүн дизайн тармагында насмотренность аябай маанилүү экен. Ар кандай дизайнга тиешелүү сайттарга кирип же инстаграмдан дизайнерлерге катталып көздүү көнүктүрүш абзел экен.

Экинчи бөлүктө Алишер байке өзү иштеген проектери жөнүндө тааныштырды. Бул жерден мен Алишер байкенин кандай креативдүү жана идеяларга аябай бай экенине таң калдым. Мага аябай жакканы бул Judo логотиби жана Вселенная Юрта болду. Judo логотибинен бир караганда барсты эле көрүшүбүз мүмкүн, бирок андай эмес экен. Бир логотип бир Философияны камтышы мүмкүн экен. Ал эми Вселенная Юртада болсо, бир проект үчүн канчалаган объект керек экени белгилүү болду. Бул бөлүктөн мен ар бир логотипке ар бир дизайнга кандайдыр бир маанилүү, керектүү нерсе камтыла тургандыгын жана Mood Board, Brandbook терминдери жөнүндө түшүнүк алдым.

Алишер байкенин айтуусу боюнча эгер сен дизайнер болсоң өзүңдүн эмгегиңди туура презентация кылганды, жакшы сунуштай алганды билиш керек экен. Туура жерге акцент кылып, бул же тигил объект эмнеге керек экенин жана эмне үчүн туура экенин далилдеш керек. Подача аябай маанилүү.

Алишер байкенин берген кеңештери: Эгер сизге коммерциялык долбоордон эмес фейк долбоордон сунуш тушсо, эч жалкоолонбой, коркпой, жасалма долбоорго убакыт коротуп жатам дебей, ал долбоор менен иштеш керек. Алар сизге материалдык жактан эч нерсе алып келбейт, бирок сиз сатып ала албаган нерсени алып келишет. Бул-тажрыйба, бул-колуңузду көнүктүрүү, бул-мээни көнүктүрүү. Канчалык көп машыксаңыз, сизде ошончолук горизонттор (Кругозор) көбөйүп, жаңы идеялар пайда болуп, жаңы долбоорлорду тезирээк жаратууга, жасоого жардам берет.
Күнүгө иштөө менен мээни курчутсаңыз болот, дизайнер үчүн эмгекчилдик, тырышчаактык жана туруктуулук абдан маанилүү.

dianazhusupbekova
Автор

Буйруса баардыгыбыз ушул курста окуп эн мыкты IT программисти болойук

orozkulbasytov
Автор

Мен ар кандай жумуштар боюнча 2005-жылдан баштап бир топ дизайнерлер менен иштешип калгам. Азыр америкалык компанияда бир канадалык, бир АКШлык дизайнер менен иштешем. Бирок Алишердей дизайнерди көрө элек болчумун! Ушундай мекендешибиз бар болгонуна сыймыктанышыбыз керек!

MuratJumashev
Автор

Алишер Байбеков оз ишине чыгармачылык менен мамиле жасаган профессионал. Эн жакшы сапатынын бири чын ниети менен тажрыйбасын болушкону. Логотип менен иштеп, мурунку эмгектерине сын коз карашы анын онугуп жатканын айтат, бизге бейтааныш иштер сиздер аркылуу эшигин ачып жатканына ыраазыбыз, урматтуу уюштуруучулар, жалпыбызга, ден соолук, чыдамдуулук, талыкпас эмгек жана ишибиздин узурун королу. Оомин

МединаМырзанаева-цф
Автор

Чувствуется как Алишер профессионально увлечен своей профессией, детально всё объяснил.
Два дня подряд посмотрела видео по частям, очень интересно, вдахновилась.Спасибо за обзорное представления о веб дизайне, график Диз, иллюстрация и т.д.Особенна было интересно как создаются логотипы, насколько в нем есть большой смысл, а не только рисунок или название .Фантазии нет границ, какже четко дал понять дизбаланс в креативе.Насколько простата, красиво и легка.
Очень приятно знать наших соотечественников профессионалов и любителей своего дело .

ЧолпонАйтиева-ыв
Автор

Чон рахмат Алишер Байбеков, Дизайндин мааниси IT деле эмес дуйно жузундо чон экен. Адамдын психологиясына коз карашына ылайыктап дизайн куруу албетте оор, ошонусу менен кызык экен. Ички дуйносу бай болуш керек экен дизайнердин.
Дизайн жазаардын астында информация издеп, клиент менен акылдашып логотиптин идеясын брейн шторминг кылып компаниянын атына, тарыхына, продукциясына жараша логотип чыгаруу.

Логотип оной жана, жонокой, козго илинетургандай болуш керек.
Бир логотипте Оор жана бир нече графиктерди абайлап колдонуу керек.

Дизайнер болуш учун, суротчу болуу зарыл эмес.

Кесибинди суйуу керек, жана практиканы коп кылсан ошончо тажрыйбалуу болосун

elijan
Автор

Кыргыздар озубуз аябай акылдуу келебиз, эмнени болсо дагы оздоштуруп кетебиз, мен ишенем Жана тилек кылам кыргызтан ITинин мекени болот деп.Бутуруучулордун баардыгы IT тармагына тапшырса, жашы улуу эжей агаларыбыз IT +
(курстарга) окуса келечегибиз Кен болот кудайым буйруса.Рахмат сиздерге уюштуруп жаткан эжей агарабызга сиздер тарыхта калдыныздар, кечеки Кун тарых, бугунку Кун ...., эртенки Кун табышмак деп койотко.Азыр алыскы айыл жергелерине ITтушунук Келди.Бийик бийик тоолордо, ат жалында ойногон, эрте менен туруп Ата энелерине жардам Берип, таза абада дем алып, кымыз ичип чонойгон кыргыздын уул кыздары ойгонду жол бошоткула, жол бошоткула!!!график дизайнды да тез оздоштуробуш деген ойдомун анткени кыргыздын оймо чийме, фантазиябыз кучту, табигаттын кооздугун коруп чонойгонбуз да.
Инша Аллах катышып жаткандар баардыгыбыз IT деги мыкты жаратман developer бололу, дуйно жузундогу Адам баласына оор жумушун женилдетип, дуйного кызмат кылган инсандардан бололу 🤲🤲🤲

Bakaidev
Автор

Саламатсыздарбы
Бул агайша рахмат бизге дизайн тууралуу коп маалымат берди. Эгерде фантазия, ой жугуртуу, кызыгуу кучтуу болсо бизде мыкты идеалар чыгат. Мисалы ар бир логотиптерди же башка нерселерди жасоодо жакшылап конул койсок мыкты маанилуу бооуп чыгат.Тушунсонуздор бул агай айтып жатат, дизайнер болуш учун мыкты суротчу же башка болуу маанилуу эмес, негизгиси фантазиябыз ой жугуртуубуз кучуу болуш керек, ошондо бизден мыкты дизайнерлер чыгат. Видеонун аягына чейин корсонуздор коп маалыматтар камтылган. Рахмат!😍

adahanmuktarov
Автор

Здравствуйте. Прям очень классная и познавательная видео про графический дизайн или веб-дизайн👌. В дизайне я понял что самое главные это идея, фантазия, креативит и находить в мелочах шедевры🤯. Мне понравилось работа Алишер ага для Judo очень все вместилос🤪

УларбекАбдусаламов-цв
Автор

Кыргызстанда Алишер Байбековдай күчтүү дизайнерлер болгонуна абдан тан калдым, көз карашынын кенендигине жана ушунчалык креативдуулугу абдан суктандым. Алишер байке логотиптеринизге соз жоок! Келечекте сиздей устатымдын болушун каалайт элем!!!!

gulshatkaipbekova
Автор

Алишер Байбеков, Вы крутейший веб-дизайнер. Мне оочень понравилась ваша вторая работа про дзюдо и барса, прям круто. Вы смогли совместить в работе столько смысла и при этом не испортить ее. Браво. Как я поняла, дизайнер должен быть разносторонне развит, начитан, насмотрен, уметь хорошо ассоциировать и совмещать разные предметы и в симбиозе создать один полноценный, красивый логотип. Спасибо вам за открытый, честный, интересный, информативный урок и опыт.

nurgulzhamshitbekova
Автор

Дизайнер болуш учун чоон чыгармачылык керек экен, какой он молодец

jazgulduishembieva
Автор

Боже сколько креатива, сколько идей. Посмотрев видео полностью я очень вдохновилась дизайном.
Смотреть, слушать таких прекрасных людей как вы хочется трудится, начать что-то делать, ваши советы, ваши работы дают людям сильную мотивацию. Хочется ещё больше узнать именно от вас и от вашей команды.... Спасибо большое вам.. 🤗🤗❤️

ainagulsultanova
Автор

Кезектеги интервью IT нин канчаалык ар тараптуу кендигин корсотту. Менин тушунугумдо Graphic Design бул IT ге киришуу катары элес калтырды. Демек бизди алдыда ары кызыктуу, ары пайдалуу маалыматтар кутуп жатат.

Алишер Байбеков- аябай креативдуу инсан экенсиз. Берген интервьюнузга жана озунуздун тажрыйбаныз менен болушконунузго рахмат. Ustukan- Toidon kiyinki maarake идеяныз сонун иштелип чыгыптыр 🤗

Graphic design - бул бир гана сурот тарткандар учун деп ойлочумун. Эгер инсанда каалоо, максат жана аракет болсо, баарына жетсе болоорун кезектеги интервьюлар тастыктап жатышат.

Jyldyz Academy, Айдана Омурбаева жана Бакыт Абдишов, Турат Алыбаев сиздерге ыраазычылык 🙂

АйданаТурдубаева-ъъ
Автор

Аллахым IT ден алган билимибизди пайдалуу жугумдуу илимден калсын баарыбызга.

ЗыйнатКурбанбаева-шх
Автор

Менин тушунугум боюнча: Логотип жаратуунун алдында, аябай изденуу керек ☝. Жана маркетинговый ход жагын дагы ойлонуш керек.
Мисалга алганда: National Geographic башындагы сары квадрат. Эмнеге именно сары цвет ? Анткени сары цвет адамдын озуно тартып турат.
Абдан изденуу жана кызыгуу болуш керек экен. Элден озгочо жазоого аракеттениш керек экен.
Биздин колубузда азыр баары бар экен. Керектуу инструменттер дагы бар экен. Эми жаратууга эн негизи талант, аракет, фантазия керек экен.
Фантазия озуш учун кругозор чонойтуу керек а ага аракет керек. Бунун баары кыймыл аракет, ошондо жалкоо биздин чон душман ☝
Эн мыкты, атактуу логотиптер- чон тарыхы бар экен, мыкты логотиптин аркасында чон изденуу жана аракет болгон учун. Андай логотиптур кылымдар бою сакталып кала берет экен!

Tizer_matrix
Автор

Ушундайда креативдүү адам болобу
Алишер байке респект
Өтө сонун түшүндүрүп берди мыкты сабак болду. Мага айрыкча Алишер байкенин долбоорлору өтө жакты😍 (IN FLOW, BHH, BEST FOOD, AMELI, Равные возможности, шоро курут кочевники ...) бардыгы жакты. Ар бир логодо өзүнчө бир креативдүүлүк жатат. Өзүнүн тарыхы бар экен. Өзүнчө бир түпкү маанилери бар экен.
Суроо жаралды бирок акырында мырза берип кетти ал суроону бир жолу суроомо да жооп ала алдым 🤗😍

mirlanrahmanov
Автор

Жашообузда көп кездешүүчү эн белгилер, эмблемаларды ким ишке ашыраарын көп деле ойлобоптурмун. Бул сабак аркылуу кичинекей нерсе бир чоң мааниге ээ боло турганына күбө болдум. Сиздерге чоң рахмат!

akzholzhusupov
Автор

Спасибо что делитесь своим опытом, обучаете нас ...столько энергии вкладываете в нас ...меня удивляет что эти творения создают наши Кыргызы...значит у нас есть будущее🙏🙏🙏

aisalkynobolbekova
Автор

Мен бул видеодон дизайн боюнча жалпы маалымат ала алдым, абдан кызыктуу болду. Мыкты дизайнер үчүн эң башкысы фантазия, эмгек, аракет жана "креативность" керек экен. Бир эле логотиптин ичинде канчалаган маани-маңызы камтылат экен. Мисалы дзюдо боюнча жасалган, барстын сүрөтү тартылган логотип же беш бармак логотиби🤩👍. Эң башкысы ар бир деталь эске алынып жасалышы керек экен.
Алишер Байбековдун поекттерин көрүп абдан чоң мотивация ала алдым.

aelitaabdyldaeva