ГҮЛҮМАЙ - СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ

preview_player
Показать описание
Эстен кеткис эски ырлар

Гүлүмай
с.о. Сыймык Бейшекеевдики

Кызыктырган гүлүм ай,
Кызыгамын билиң ай.
Жандап баса албаймын,
Жалтантат го сүрүң ай.
Кыйнап мени бүттү го,
Кызгалдактай түрүң ай.
Күлмүң көзүм татынам,
Күбүлбөсүн бүрүң ай.

Кайырма:
Ах гүлүм ай, гүлүм ай,
Сага таза дилим ай.
Чаңкап суусап ыр ырдап,
Чарчады го тилим ай.
Ох гүлүм ай, гүлүм ай,
Сага таза сүйүүм ай.
Чаңкап суусап ыр ырдап,
Чаалыгып мен жүрүм ай.

Басканың куп маралдай,
Батынып мен баралбай.
Чаңкоом сага канбады,
Чай ичкендей карандай.
Кол сунсам да жетпедим,
Койсоң эмне жаралбай.
Ээнсиреп кыйналдым,
Эл баспаган аралдай.

Суу аласың булактан,
Сугум артып караткан.
Качан сага сырдашам мен,
Калыс болчу жараткан.
Сезилбестен өткөмбү же,
Сени сүйөр курактан.
Таң беремин жүрөкө,
Тамшандырып сураткан.

Ырдын чыккан жылы
2005-жыл август айы. Бишкек.
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Гүлдөй кулпурган баардык асылзат, ааламды бейиш гүлбака айланткан кыргыз гүл кыздарынын урматына арналган чыгарма, бар болуңуздар гүл кыздар!!!

СыймыкБейшекеев-йю
Автор

Азаматсыз Сыймык байке Аллахым омурунузду берсин сизди ото катык сыйлайм 👍👍👍🤲

МирланбекАкматов-во
Автор

Сыймыктын ырлары уккулуктуу адамды эс алдырат .Сыймык ден соолукта бол .Чыгармаларыңа ийгилик .

УранКубатбеков-юш
Автор

Саламатсызбы Кыргыздын эң мыкты мырзасысыз 👍👍👍ар бир аялзатынын жан дүйнөсүнө жаз тартууладыңыз💐💐💐чын дилибизден ийгилик каалайбыз💖💖💖

ЭрнисСтамов-тщ
Автор

Керемеееттт, Сыймык байке кыргыз элинин сыймыгы эски ырды угуп бир ырахаттанып алдым

АминаНурлан-йм
Автор

Атына Заты Жарашкан Кыргыз Элинин Сыймыгы

argymakchui
Автор

👏👏👏 Соонун ыр экен.Азыр баарыбыздын конулубуз чогуп турган убакта.Жакшы маанай тартуладыныыз.Сизге да ден соолук, уй булолук бакыт каалаймын.Аман болунуз.

ГуляБаитова-яж
Автор

Ырды түнү бойу угам жагат мага ушул ыр 🎉

АлымбекСулайев
Автор

Кызыктырган гүлүм ай,
Кызыгамын дилиң ай.
Жандап баса албаймын,
Жалтантатго сүрүң ай.
Кыйнап мени бүттүго,
Кызгалдактай түрүң ай.
Күлмүң көзүң татына,
Күбүлбөсүн бүрүң ай.
Кайырма
Ах гүлүм ай гүлүм ай,
Сага таза дилим ай.
Чаңкап суусап ыр ырдап,
Чарчадыго тилим ай.
Эх гүлүм ай гүлүм ай,
Сага таза сүйүүи ай.
Чаңкап суусап ыр ырдап,
Чарчадыго тилим ай

Басканың куп маралдай,
Батынып мен бара албай.
Чаң кол сага канбады,
Чай ичкендей карандай.
Кол сунсам да жетпедим,
Койсоң эмне жаралбай.
Ээн сиреп кыйналдым,
Эл баспаган аралдай.
Кайырма
Суу аласың булактан,
Сугун артып караткан.
Качан сага сырдашам,
Калыс болчу жараткан.
Сезилбестен өткөнбү же,
Сени сүйөр курактан.
Таң берейин өзүңө,
Тамшандырып сураткан.
Кайырма

begaialmazbekova
Автор

Ырларыныз уккулуктуу, абдан сонун ырдайсыз. Дагы көп чыгармаларды тартуулап жүрө бериңиз. Өмүрүңүзгө береке.

alinaalyshbaeva
Автор

Сонун чыгарма сонун ИНСАНДАН бар болунуз 💐💐

elnuraibakova
Автор

Сыймык байке сиздин колго алып комузумду деген ырды кайдан табабыз

ЧЫНДЫКАЧУУБОЛОТ-со
Автор

Сыймык байке чыгармачылык ийгилик ырларыныз уккулукту сиздин ырларыныз менен чонойдук

БакайКабакбеков-йщ