NURI - Көрүшкөнчө (Mood Video)

preview_player
Показать описание
NURI - Көрүшкөнчө

Follow Chingiz Albert:

Күнү-түнү сагынганым
Көңүл ачпай зарыкканым
Күлсөм дагы көңүл үчүн
Жалгыз калсам жашыганым

Бал кошулган капучино
Баары бир мага ачуу даамы
Сенсиз өткөн жай күндөрү
Сууган бойдон калды баары

Күнүгө алдыңан өтсөм мен
Гүлүмү күн нуру өпсө деп
Көңүлүн бурса көз караңдап
Кайран жүрөк толкундап, толкундап
Көз карай албай толкундап
Сөз таба албай кол буулап, кол буулап
Кала берем

Көрүшкөнчө
Адатта көнгөн түшүмдөн гана
Булуттардан жолугалы

Көрүшкөнчө
Зарыгып күткөн түшүмдөн гана
Булуттардан жолугалы

Дагы бир күн, бүгүн дагы
Кафе, капучино маалы
Карабастан терип өттүң
Жүрөгүмдүн кылдарын, а

Аалам билбейт, мен билемин
Жашыруун сүйүү таап алганым
Адам билбейт, мен билемин
Сүйүүм сага арналганын

Бир, эки, мынакей
Эрким күчтүү, эркем
А ким экен атың деин десем
Сурай албай дале кайра толкундап, толкунтап
Көз карай албай толкундап
Сөз таба албай кол буулап, кол буулап
Кала берем

Көрүшкөнчө
Адатта көнгөн түшүмдөн гана
Булуттардан жолугалы

Көрүшкөнчө
Зарыгып күткөн түшүмдөн гана
Булуттардан жолугалы

#NURI #Көрүшкөнчө

© ℗ Infinity Music. All rights reserved.
Music and Video are Copyrighted
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

👍👍👍👍👍 классно поет! Прям юность вспоминаешь 😊 17 лет, вечер, дождь капает и ты возле ее дома ждешь, предвкушая вкус встречи 😊

ГулчороБайзаков
Автор

🎉🎉🎉❤❤❤хорошая получилась песня, Чынгыз))

ДаниярОмурбеков-бо
Автор

Бул жанагы таксист кызбы? Жакшы ырдайт экен 🔥

aza