Бек Борбиев-Алты тоонун тескейи

preview_player
Показать описание
Бек Борбиев-Алты тоонун тескейи
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Жаңырган айды көрсөм сени эңсеймин
Ачылган гүлдү көрүп аны сен деймин
Оо, гүлүм кыйнадың го мени мынчалык
Сагындым саргайдым го неге келбейсиң.

Алты тоонун тескейи
алты куш аны эңсейби,
Алсырадым-аздым го
алтыным эрте келбейби,
Алсырадым-аздым го
алтыным эрте келбейби.
Жети тоонун тескейи
жети куш аны эңсейби,
Жетимсиреп калдым го
жейреним эрте келбейби,
Жетимсиреп калдым го
жейреним эрте келбейби.

Өзүң бил максатыңа эми жеттиңби,
Өзүң бил биротоло менден кеттиңби.
Оо, гүлүм кыйнадың го мени мынчалык,
Же гүлүм сагындырып келем дедиңби.

Тогуз тоонун тескейи
тогузу аны эңсейби,
Томсоруп калдым го
тоо гүлүм эрте келбейби,
Томсоруп калдым го
тоо гүлүм эрте келбейби.
Бугусуз тоонун тескейи
бугулар аны эңсейби,
Буулугуп калдым го
булбулум эрте келбейби,
Буулугуп калдым го
булбулум эрте келбейби.

Алсырадым-аздым го
Ардагым эрте келбейби,
Томсоруп калдым го
Тоо гүлүм эрте келбейби.

Toloch
Автор

У красоты нет национальности и вероисповедания.Бесконечно прекрасно и светло на душе.Спасибо автору 🙏❤🍀🍀🍀

Takkata
Автор

Байэл азаматсын👍жакшы голосун бар. Талантын ташкындап, онорун оркундой берсин. Кыргызымдын керегине жараган мыкты мырзаларынан болушуна тилектешмин деп тайкен Уларбек. Биз сени жакшы коробуз 😘😘😘

UlarbekTurgunbaev
Автор

Не деген ыр не деген сулуу кыргыз кыздары

ЫратканКочорова
Автор

Бек
Замандаш бар бол ийгилик сага
Карыба арыба мыктысын

Перизат-ьх
Автор

Видео өзгөчө болуптур. Кыргыз айымдары... Сонун!

Nur-
Автор

Азамат ука, Сени Аллах колдосун укам 💥👍👍👍

tamerlanazimkulov
Автор

Прекрасно ! И музыка и песня ! Гоподь един. Надо любить мир без войны !❤😂🎉❤😂❤😂❤😂🎉❤😂🎉
Всем радости мира и добра !❤😂🎉❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤🤩🌏🤩😅😅😅😅😅😅
Перевести на казахский❤😂🎉

НадеждаРодионова-цф
Автор

Канча уксам да уккум эле келе берет го❤

Arzygyl-yigs
Автор

Бул ырлар айталгыс сезимдерди козгоду го. Бала кезибизди эске салат

МитТим-иф
Автор

Бек Аке аксы сен менее Россия дагы да уктум Сенин ырларыны

JanibekTurdaliev
Автор

Вот так надо одеваться, а не одевать хиджаба.

NovaNova-rjup
Автор

жайиырды груба ырдап койуптур назик ун менен Бек сонун ырдайт

МеергулЧокмоевп
Автор

Санжар коп жашан. Атанызды тантап журоберин. Гулжигит мырза чыныгы дос екен. Манас бердибековтун убагында коп ырчылар жандап жургон Бир да ыр жаза алган жок

КутпидинКадыров