Аваз Акимов & Айдана Дека - Дил кайрык / Жаңы клип 2024

preview_player
Показать описание
Аваз Акимов & Айдана Дека - Дил кайрык

Follow Аваз Акимов:

Follow Айдана Дека:

Сөзү: Н. Жакыповдуку
Обону: А.Карымовдуку

Сага арнап жакшы ыр жазгым келип жүрөт,
Санаага, сагынычка батып жүрөк.
Жүзүмдөй мөлтүрөгөн жароокерим,
Жүзөгө ашаар бекен аруу тилек!?

Толкуса көңүлүңүз мени самап,
Тор жайган балыкчыдай колду карап.
Токтоосуз чалынсам дейм торунузга,
Мен болуп сиз эңсеген алтын чабак.

Өмүрдүн өтчү кези өткөн кезде,
Өткүрлүк өз айлымдан көчкөн кезде.
Озокко чок таштадын, өчпөй турган,
Өрүкзар гүлүн кубуп төккөн кезде.

Армандын ачуу даамын ким татпаган,
Ашыктык алоосуна ким батпаган.
Айыкпас оору болду таппай жүрүп,
Сиз берген жылуулукту мен башкадан.

Арбалып ай жүзүңө алда качан,
Айрылбай элесинден турсам бассам.
Тушалган туткун болдум бир өзүңө,
Ай перим чыгарып ал боор оорусан.

Жоодурай карап коюп бирибизге,
Жол таппай жүрүптүрбүз дилибизде.
Ак суйуу нурун чачты мына бүгүн,
Жашыбыз тоскоол болбойт эми бизге.

#АвазАкимов #АйданаДека #Дил кайрык #Жаңыклип
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Мына Кыргыздын маданияты, салты урп адаты, кийими биз ушуну менен КЫРГЫЗБЫЗ!АВАЗ, АЙДАНА мыктысынар!!!Кандай гана кооздук❤❤❤🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬

aikanur
Автор

Москвадан кыргыз жерин сагынып жургонгон мекендештерге жагымдуу корунуш болуп атабы жаратылыш кооз болуп кыздалдактар коштолуп Кыргызстан чынында бейиш Жер азаматсыздар Аваз Айдана❤

Jainagul-iqec
Автор

Кандай сонун Кыргызстандын бейиштей жерин коргозуп, клипке оздору жарашып.... Азаматтар... Бактылуу болгула...

МинураАйтибаева-чл
Автор

Балдарым кыздарым силердей бактылуу тугойлордон болушсун Аминь дуба кылып коюнуздар

ГулсайраМамасалиевна
Автор

Москвада эрте менен туруп бугун да жумуш дееп кичине маанайды которуп анан жоноюнчу деп ютубту ачсам жаны клип чыгыптыр, угуп эргуу алып эми жумушка жоноп жатам.Ийгилик акылдууларым❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤🎉

ГулбарчынБекназарова
Автор

Аваз мен Айдана око бактулуу тугойлор менин Уулум мн Аваз мн Айданадай бакттулуу болсун Унунорго береке гоп ийгиликтти багындырып журобергиле омиин🤲

ПрМр-дю
Автор

Аллага чексиз шугур Ата бабаларыбызга мин мерте рахмат бизге ушундай кооз жерди душмандан коргоп урпактарынп таштап кеткет😢😢

ЖиТа
Автор

Эн сонун чыгарма болуптур, кыргыз кийимдер куп жарашыптыр, уй булоолук бакыт каалайм балдарым.🤲🤲🤲

ЭркайымОсонова
Автор

Соонун клип болуптур, ушундай жарашыктуу тугойсунор, коз тийбесин тфу тфу соз жетпейт, молодцы, чыгармачылык ийгилик

АдиеваЗамира
Автор

Эркекти эр кылганда кара жер кылганда аял ☝Айдана азамат акылдуу кыз экен сонун тугойсунор коз тийбесин жандарым❤

Роза-фд
Автор

оз балдарымдай жакшы кором, коз тийбесин❤

ЖанылТоконова-ъй
Автор

Аваз Акимов
Айдана Акимова
Эки дүйнө бактылуу болгула❤❤
Эки кыздын апасы кундон кунго сулуу болуп баратат

🎉🎉🎉🎉🎉

aizadazamirbek
Автор

Аваз озу Мыктысын жигитин гулусун кудайым еки дуйно бактылуу кылсын жар тандаганда да адашбапсын бактылуу болгула Рахмат клипке соз жок

БерметСагынбаева-эь
Автор

Жаркылдаган алтын кызым, үй бүлөң менен бактылуу өмүр сүргүлө! Чыгармачылык ийгилик каалайм силерге алтындарым! Аллахым силерди жаман сөздөн, суук көздөн сактасын! Аман болгула алтындарым!

uxgfiet
Автор

ийгилик Аваз иним Озгондук эжен Москвадан..👏👏👍👍👍

tolkunmamatova
Автор

Ушундай клиптерди тартсанар болот екенго жарым жыналач болуп чыгып албай игилик

NurbekJetimishov
Автор

Аваз азамат үнү сонун Айбек акадай эле ырдаптыр🎉🎉🎉

Gulbadam-xo
Автор

Коз тийбесин, бактылуу омурду.бактылуу каарылыкты насип кылсын 🤲🤲🤲❤

gula-ttro
Автор

Кыргызстаныбыз кандай кооз, ошол кооздукту корсотуп ырдаган Айдана Аваз ❤❤❤❤Вы Прекрасны

МадинаКенжебекова-уч
Автор

Браво ❤ молодцы 🎉супер Авас абдан жакшы ырдаптырсынар бактылуу болгула

АйидаТурусова