filmov
tv
СЫЙ МЕНЕН ЖАША! ТИРҮҮЛҮК ШАҢЫ, ӨМҮР БИР КЕЛЕТ! Айтор, аталышы коюла эле ыр.)
Показать описание
Сөзү Гүлзат Кудайбердиеваныкы
Обону Ильяз Абдыразаковдуку
Аткаргандар: Жайнагүл Тентиева жана Айжамал Асилбекова
Ильяз чалып, "Жайнагүл менен Айжамал ырды жаздырганы жолдо келатышат. Текстин бүтүрө койчу"-дегенда. Анан бир "разгомдо" отуруп чиймелеп койгон элем. ))
Ошол ырдын тексти төмөндө🔽
***
Ачылган ар бир жашоонун жаңы барагын,
Сүйүлүп, сүйүп махабат менен жашагын.
Бактылуу ирмем жашоону бөлөйт майрамга,
Сен аны сүйгөн көздөрүң менен карагын.
Байкасаң жашоо балдан да таттуу керемет,
Сый менен жаша, бул өмүр бизге бир келет.
Мээримге толгон толуктап көңүл көңүлдү,
Адамдын гана маанайын адам көтөрөт.
Жылмайсаң жашоо сага да кайра жылмаят,
Кайгыңа билсең эч нерсе дагы арзыбайт!
Тирүүлүк шаңы түзүлөт ар бир мүнөттөн,
Ар мүнөт майрам, ар мүнөт бизге салтанат.
Ноябрь 2020
Сөзү: Гүлзат Кудайбердиева
Обону: Ильяз Абдыразаков