#Норуслыжабазасы #7канал #сайткасаякат #kabar

preview_player
Показать описание
#Норус_тоо_лыжа_базасы

Лыжа тебүүнү үйрөнөбүз.
______________________________
Лыжа тебүү - кыш мезгилинин көңүлдүү жана кызыктуу спорт түрүнүн бири. Аталган спорт эс алуу менен экстримди айкалыштырып, ылдамдык менен жаратылыш кооздугун жактыргандарга майдай жагат.

ЛЫЖАНЫ ӨЗ АЛДЫНЧА ТЕПКЕНДИ ҮЙРӨНҮҮ

Лыжа тандоо

Кыска лыжа тоодон түшкөнгө, ал эми узуну түз жерде тепкенге ылайыктуу. Бойго ченегенде кыска лыжанын ээгиңизге же мурдуңузга чейин жеткенин тандаңыз. Узун лыжаны тандоодо өйдө көтөргөн колуңуздун учу тик турган лыжанын узундугуна жеткидей болушу керек. Алдыга карай түз сунулган колдон ылдый жерге чейинки аралыкка жеткен таяк сиздин лыжа таягыныз.
Булчуңдарды жибитүү

Кандай гана спорт менен машыкпаңыз, алгач денени жибитип алуу керек. Тагыраагы, дароо эле лыжага секирип «мине» калбай, 15-20 мүнөттөй жөнөкөй көнүгүүлөрдү жасоо зарыл.
Денени тең салмакта кармоо

Лыжанын таякчалары денени тең салмакта кармоого жана түз жерден тебүүгө жардам берет. Жаңы шайманды «мингенден» кийин дароо эле тебе калбаңыз. Алгач лыжанын салмагын, жердин тайгактыгын толугу менен сезип алуу кажет.
Алгачкы кыймылдар

Алгачкы кыймылдарды атайын инструктор менен баштасаңыз, сиз үчүн оңой болот.

Лыжада туура туруу жакшы тебүүнүн пайдубалы. Лыжаны бутка илген соң эми бул бутуңуздун уландысы катары сезиңиз. Дененин салмагы лыжанын ортосунда болуп, акырындан алды-артка кыймылдаңыз. Баштапкы тебүү өтө эңкейиш эмес жер болушу зарыл.
Түз жерде тебүү

Үйрөнүү үчүн түз жерде тепсеңиз натыйжалуу. Буттарды түз алып, таяктардын жардамы менен тебүү классикалык стиль деп аталат. Ал эми басымды алгач бир бутка, кайра экинчисине кылып коньки сыяктуу тебүү коньки стили деп аталат.

Өргө чыгуу

Лыжа менен өйдөгө чыгуу үчүн эки ыкманы кармансаныз болот. Биринчиси «карагайча» (ёлочка) жана «тепкич» (лесенка).

Ылдыйышка тебүү

Ылдыйышка тебүү үчүн ылайыктуу жайды тандоо керек. Мында ылдамдыгыңыз катуулашы белгилүү. Тебүүдө басым эки бутка тең жасалат. Үйрөнчүктөр көпчүлүк учурда белди гана бүгүп ката кетиришет. Андыктан сан, тизе, кызыл ашыкты да бүгүү керектелет. Ушундай баштапкы абалды өзгөртпөңүз.
Токтотуу

Тепкенди кандай үйрөнсөк, токтотууну да билүү зарыл. Лыжанын эки чети атайын металл менен жасалып, кант деп аталат. Бул токтотууга жардам берет. Токтоо үчүн таманыңызды четке буруу менен басымды канттарга жасап токтой аласыз. Канттарга болгон басым канчалык күчтүү болсо, ылдамдык ошончолук азаят.
Бурулуу

Лыжа тээп баратып бурулуу үчүн токтотуудагы ыкма жардамга келет. Лыжаны кайсы тарапка бургуңуз келсе, ошол тарапка дененин басымын жасап, таякчанын жардамы менен кайрыла аласыз. Бурулууда денени жантайыңкы абалда кармап, тең салмакты сактаңыз.
Туура кулоо

Лыжа тебүүдө үйрөнчүктөр гана эмес, чеберлер да кулашат. Бул кадыресе көрүнүш. Андыктан өзүңүзгө залал келтирбей кулоону үйрөнүп алыңыз.

• Кулоодо тизе менен жерге урунуудан абайланыз. Дененин жумшак жерлери менен куланыз.

• Эгерде кулап баратканыңызды сезсеңиз, тең салмакты кармап калуу үчүн катуу күрөшпөй эле койгонуңуз оң.

• Үйрөнчүктөр токтоо үчүн лыжа таягын колдонбой эле койгону туура. Эгерде таяктарды туура колдонбосо, денеге оор залакат тийүүсү мүмкүн.

Биздин сайт жана соц тармактар:
________________________________________________
#7KANAL #KABAR #7KANAL_JANYLYKTAR #7KANAL_ZHANYLYKTAR
#7КАНАЛ #7КАНАЛ_КАБАР #7КАНАЛ_ЖАҢЫЛЫКТАР
#7KANAL_LIVE #7КАНАЛ_ТҮЗОБО
Рекомендации по теме
join shbcf.ru