Суран Садыбакасов - Зарыкканда | Жаңы клип 2022

preview_player
Показать описание


#СуранСадыбакасов #Зарыкканда
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Ажарыңа арбалып дидарыңа зарланып
Муңканып ыр ырдадым бул бул кушка айланып
Кыйноо салган кылыгың кызгалдактай бууралып
Күн кечке созом обон күкүк болуп үн салып

Айыбы жок жаралган ажайып көркөмүңө
Ашыгып ыр арнайымн асыл кечим өзүңө
Өчпөс болуп жанасын өрт сымал жүрөгүмдө
Өзүң гана болсоң дейм өмүрлөшүм өмүрдө

Миң сулуунун ичинен бир өзүңдү каалаймын
Туткуну болдум эркем тушалган бул жагдайдын
Бир өзүңдү ойлоймун бир өзүңдү самаймын
Тагдырга башымды ийип тартым сен деп убайым

Алдыман чыга калсаң ай сымал түндө жаркып
Арзум күчөп ансайын алоолойт сага тартып
Күлмүңдөп чыга келсең күндөй жаркып таңдагы
Суусатат бүткөн боюң сулуулугун андагы

Карааныңа зар болуп кайгырсам кубансамда
Мен жалгыз өзүңдү эңсейм келсең деп кучагыма
Сагынтасың күн сайын саргайтып сар санаада
Арманга тумчуктурбай алганым болчу жанымда

НурилаАртыкова-яи
Автор

Керемет ыр. Бул ырды уккандан тажабайсын. Кылым каарытарлык ыр болуптур! Суран байке унунузго береке! Аман болунуз! Рамазан айы куттуу болсун! 2024.20-март.

АсельОрозакунова
Автор

Классная песня. Каждая женщина пусть найдет своего мужчину который будет восхищаться ею, мечтать о ней, любить ее, и говорить такие слова 😍 Оомин🤲

gulnizaishenakunova
Автор

Ажарыңа арбалып
Дидарыңа зарланып
Муңканып ыр ырдадым
Булбул кушка айланып
Кыйноо салган кылыгың
Кызгалдактай буралып
Күн кечке созом обон
Күкүк болуп үн салып
Үн салып эй
Үн салып ой
Үн салып

Айыбы жок жаралган
Ажайып көркөмүңө
Ашыгып ыр арнаймын
Асылкечим өзүңө
Өчпөс болуп жанасың
Өрт сымал жүрөгүмдө
Өзүң гана болсоң дейм
Өмүрлөшүм өмүрдө
Өмүрдө эй
Өмүрдө ой
Өмүрдө

Миң сулуунун ичинен
Бир өзүңдү каалаймын
Туткуну болдум эркем
Тушаган бул жагдайдын
Бир өзүңдү ойлоймун
Бир өзүңдү самаймын
Тагдырга башымды ийип
Тарттым сен деп убайым
Убайым эй
Убайым ой
Убайым

Алдыман чыга калсаң
Ай сымал түндө жаркып
Арзуум күчөп ансайын
Алоолойт сага тартып
Күлмүңдөп чыга келсең
Күндөй жаркып таңдагы
Суусатат бүткөн боюм
Сулуулугуң андагы
Андагы эй
Андагы ой
Андагы

Карааныңа зар болуп
Кайгырсам, кубансам да
Мен жалгыз өзүңдү эңсейм
Келсең деп кучагыма
Сагынтасың күн сайын
Саргайтып сарысанаада
Арманга тумчуктурбай
Алганым болчу жанымда
Жанымда эй
Жанымда ой
Жанымда

linhchihihihi
Автор

Аскат Жетиген уулу азаматсыз. Сөзү менен обону жуурулушуп, аткаруучу да келтириптир. Кыргызды Эне-Сайдан ээрчип келген кайрык окшойт. Ошол жакта жүргөндөй болот экенсиң.

МуктарОсмонов-щч
Автор

Ушул окуп жаткан адамдын ата энеси бактылуу болушсун 🥰😇💗

jenil_oi.kg__
Автор

Суран ырдайт, Суран жыргайт күнүгө.
Буулук Суран, буулугу да дүнүйө.
Билесиңда жалгыз болот көк жалдар.
Аны билбейт, жамыраган көп жандар.
Коштогула жакшыларды, жакшылар.
Кол чапкыла жүрөгүндө өрт барлар.
Деп Элмирбек акын айткандай, Суран сага чын дилимден көп жетишкендикти, бийиктикти каалайм! Жакшылык болсун.

kubantaiishenuulu
Автор

Мынча керемет аткаруу, 100жолу уктум окшойт❤

syrgakasymalieva
Автор

Аскат Жетиген уулуна терен ыраазычылык ушундай мыкты чыгарма учун!

rakhat_askarbekova
Автор

Ушул ырды угуп, издеп баштадым аткаруучуну ютубдан.Сонун, керемет чыгарма болуптур! Суран Садыбакасов спел песню великолепно! Спасибо и автору и исполнителю❤❤❤❤.Каждый день слушаю, сплошной восторг!🎉🎉🎉

robloxtv
Автор

Ырдын сөзү да, обону да жана аткаруу абдан чоң деңгээлде экен. Талантыныз Ташкындай берсин!👏👏👏

alihan
Автор

Өзгөчө үн!Үнүңүздү эмнегедир
"Кыргыз Үнү" деп атагым келди.Үнүңүз өзгөчө жана Кыргыз жыттанган үнүңүз бар!

teksheruu
Автор

Биз конгон эле ырчыларды угуп жургон турбайбызбы...Жанылар укмуш чыгып аткан экен.Соонун

ЖылдызТемирканова-гп
Автор

Аябай мыкты ыр болуптур
чынында азаматсыз, чыгармачылык сизге Суран таяке🇰🇬🇰🇬🇰🇬🔥

АрзыматАбдраев
Автор

Песня Вышла два года назад, я услышал это сегодня.Всё на высоком уровне.👏👏👏👏

БрюсУиллис-ях
Автор

Ыр жакшы экен, клиптин коркун ачкан кызыбызга Адинайга омур берсин, бак таалайлуу бол алтын кыз

nurisa
Автор

Бул кереметтүү ырдын сөзү, обонун жазган Аскат Жетиген уулуна ийгилик каалайм! Аскат азаматсың! Аткаруучу дагы келтире ырдаптыр! 👏👏👏👏👏👏👏👏👏

tolgonaiosmonova
Автор

Ажарыңа арбалып,   дидарыңа зарланып,
Муңканып ыр ырдадым булбул кушка айланып,
Кыйноо салган кылыгың,   кызгалдактай буралып,
Күн кечке созом обон,   күкүк болуп үн салып,

Айыбы жок жаралган ажайып көркөмүңө
Ашыгып ыр арнадым,   асылкечим өзүңө,
Өчпөс болуп жанасың,   өрт сымал жүрөгүмдө
Өзүң гана болсоң дейм өмүрлөшүм өмүрдө

Миң сулуунун ичинен бир өзүңдү каалаймын,
Туткуну болдум эркем тушалган бул жагдайдын
Бир өзүңдү ойлоймун, бир өзүңдү самаймын
Тагдырга башымды ийип тарттым сен деп убайым

Алдыман чыга калсаң, ай сымал түндө жаркып
Арзуум күчөп ансайын алоолоп сага тартып
Күлмүңдөп чыга келсең, күндөй жаркып таңдагы,
Суусатат бүткөн боюм сулуулугуң андагы

Карааныңа зар болуп, кайгырсам кубансам да,
Мен жалгыз өзүңдү эңсейм, келсе деп кучагыма
Сагынтасың күн сайын, саргайтып сарсанаага
Арманга тумчуктурбай, алганым болчу жанымда

PlanetWorld-qtxq
Автор

Аскат Жетигенге рахмат ушундай сонун ырды чыгарганына

РенатСабыржанов
Автор

Бул ырды таппай канча жүрдүм радиодон кайра кайра берет же ким ырдаарын айтпайт кашайып.

НурбекБаймонолов-уп
welcome to shbcf.ru