СУЛТАН САДЫРАЛИЕВ - КУНООМДУ КЕЧИР / СОЛО МЕДИАПОРТАЛЫ

preview_player
Показать описание
SOLO - это первый музыкальный медиапортал, посвященный исключительно кыргызской культуре и музыке.
Все права защищены. Полное или частичное копирование материалов запрещено, при согласованном использовании материалов необходима ссылка на ресурс.

Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Жарык турса нур толгон жансыз күнгө бекиндим,  
Жармашыпмын шайтанга теңин булгап бетимдин. 
Карегимди дат басып, аруулукту табалбай,  
Жаштыгымдын далайын жардан алыс кетирдим. 

Көздү нечен май басып жолду көрбөй эсирдим,  
Көкүрөгүм муз болуп барксыз күндү кечирдим. 
Жамандыктан кайтарчу жалгыз өзүң бир Алла,  
Жаркын жолго жетелеп күнөөлөрдү кечиргин. 

[Кайырма] 

Аллах, Аллах, Аллах,  
Күнөөмдү кечир, Аллах. 
Аллах, Аллах, Аллах,  
Тозоктон сакта, Аллах. 
Ля Иляха илля Ллах, Мухаммадун – расулю-Ллах 

Сактай көргүн, Жараткан, көкүрөгү сокурдан,  
Калыстык бер чалдарга наркын сатып отурган. 
Ыйлап сурайм, Аллахым, ал күндөрдү кечиргин,  
Ыйманымды тарталбай никеси жок кошулган. 

Бийлик үчүн намысын сойчуларды кечиргин,  
Эл ырысын соодалап тойчуларды кечиргин. 
Аруулугун жоготуп, битке турбас сом үчүн 
Абийирине чок түшкөн сойкуларды кечиргин. 

[Кайырма] 

Өлбөчүдөй күн көрүп жашап калдык жан сабап,  
Өзөгүбүз күйүүдө аракечтик аркалап. 
Келечеги жоголуп, багытынан адашкан,  
Бир тууганды кечиргин жолдо жаткан чалкалап. 

Баскан-турган жолуңдан кайдигерлик коштолуп,  
Багытыбыз бузулду шайтан күчү топтолуп. 
Бара турган жерибиз жарыгы жок түн беле? 
Жанчылууда акыл-эс жан дүйнөбүз бош болуп. 

[Кайырма] 

Жаңылууну кечиргин билип-билбей жасаган,  
Жардам сурап журт үчүн карегиме жаш алам. 
Барарыбыз кара жер, аларыбыз бир кепин,  
Баарыбызды пенде кыл намаз менен жашаган.

khankalenov
Автор

СУЛТАН, АЛЛАХ ӨМҮРҮНДҮ УЗУН, ЖАШООНДУ СООПКО, ИБАДАТКА МОЛ КЫЛСЫН!!! ДАРАЖАНДЫ БИЙИККЕ КӨТӨРСҮН УШУЛ ЫРЫН ҮЧҮН

С.С.АС.С.А-уг
Автор

Рахмат иним сонун ыр болуптур Аллахтан ыйык не бар.

cezimtaalaikyzy
Автор

Кагылып кетейин Аллахым, кечир куноолорубузду!!!Султан байкеге рахмат ыр учун.Ал эми "Жаратканым"сизге суйуум чексиз!!!

aiturgankonurbaeva
Автор

Керемет чыгарма, ыраазычылык Султанга! 2020-жыл. Куноомду кечир Алла!!!

jyldyzms
Автор

Аллахым баарыбызга эки дуйно бактылуулукту насип этсин!!!

АннаАлёша-чэ
Автор

Ыйманга чакырган ыр экен.Бар бол, иним.Алла колдосун!!!!

РахатКобонова-шр
Автор

Султан керемет ыр, үнүң да керемет, домбрага айкалышкан, өлбөс өчпөч чыгарма, өмүрүң үзуун болсун, үйдө да, жолдо да үй бүлөбүз менен кайра кайра уга беребиз .

НуржамалИбраева-кф
Автор

Аллахым кечируучу затардын кечиримдуусу озунсун билип билбей кылган куноолорубузду кечирокор Ааминь

КайназарКубанычбекУулу-йы
Автор

Кайсы маймылдар дизлайк баска .Карачы кандай ырдаган .Султан молодец рахмат ушул ырына .

GangoKg
Автор

Аябай сонун жана маанилуу ыр экен, онорунуз оркундой берсин, мындан ары да коптогон жакшы ырларды жарата бериниз

АлиАбдисаматов-йы
Автор

Жараткан Аллахым Кечиримдуу Кечируучу бир гана озунсун, билип билбей кылган куноолорубузду кечир. Аллах ыраазы болсун!

БактыгулЖумаева-ъю
Автор

Ооба Алла Таалам кечирсин кунолорубузду, откондордун суроосун женил кылсын, Султан Садыралиевке кудай таалам раазы болсун

islambekzakirov
Автор

Султан байке соонун ырдапсыз унунузго тазим сиздин жонокойлугунуз аябай жагат ийгилик! Качан дагы ыр чыгарасыз жоголуп кеттиниз 😌

aigerimmaanaeva
Автор

Оо Аллахым апамдын, атамдын, менин инилеримдин, келечектеги аялдарыбыздын балдарыбыздын неберелерибиздин жалпы момун мусулмандардын куноолорун кечире кор Аллахым. Менин жасаган жана жасай турчу соопторумду бардык момундарга каалайм. Оомийин.

РадикМамасадыков-ъп
Автор

😢😢😢😢АЛЛАХЫМ күнөөлөрүмдү кечир! Кабыр азабынан тозоктун отунан сактасын! Сурактарыбызды жеңилинен берсин АЛЛАХЫМ! ОООМИИИЙН!

МахабатТагаева-яз
Автор

Алла ыраазы болсун!
Джаза- ка Ллаху хайран!
Эн соонун ыр болуптур🤗👏

maditenizova
Автор

Козумо жаш тегеренди, аллахым куноолорубузду кечирсин! Туз жолду корсотсун!

АрыкбаеваГульнара
Автор

Түркияда окуучуларына угузуп жүрчү элем. Аларга да аябай жакчу эле. Султан мырзага жана авторлорго алкыш!

IbrahimTurkhan
Автор

Азаматсыз байке туура ыр чыгарыпсыз, келгиле тугандар куно иштерден тыйылайлы🙏🙏🙏

daniyarkanybekov
join shbcf.ru