Турусбек Мадылбай

preview_player
Показать описание
Турусбек Мадылбай - заманыбыздын көп тилде сүйлөй да, жаза да билген полиглот жазуучусу. Мындай таланттар сейрек кездешсе керек. Бирок 32 тилди өздөштүрүп, ааламды таң калтырган Турусбек агайдын өзүн гений же өзгөчө жөндөмү бар деп эсептебеген жөнөкөйлүгү бар экен. Ал чет тилдерди үйрөнүү, ал тилдерде эркин сүйлөө үчүн жөн гана коркунуч сезиминен арылуу керектигин баса белгилейт. Андан кийин адамдын каалоосу күч болушу керек дейт. Бул жазуучунун кыргыз адабиятына кошуп келе жаткан зор салымы бар. Дүйнөлүк классиктерди кыргызчалатып, кыргызча чыгармаларды чет тилдерге которуп гана тим болбостон, калеминен жаралган чыгармалары эл аралык сыйлыктарды багындырып келет.

Канткенде чет тилде эркин сүйлөп кетсе болот, Чили президенти Сальвадор Альенде кантип анын жазуучулук шыгына шык кошо алган?

Эмне себептен айрымдар жазуучуну “чунак киши” деп сыпатташат?

Мына ушул тууралуу жана башка кызыктуу окуяларга, пайдалуу кеңештерге толгон маекти Limon Media порталынан окусаңыз болот.
Рекомендации по теме