Назгул Каныбек кызы// Аруу сезим

preview_player
Показать описание
Созу: Элмира Төлөкова
Обону: Азиз Батыров

Жаңы чыгарманы сиздерге сунуштайм.🤗
Азиз байкем биринчи угузганда эле жактырып, дароо ырдайм дегем.☺️💓
Ой пикир жазып, колдоп туруңуздар.❤️😘
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤
Ийилген кирпигиңе, илинип кубангым бар,
Дирилдеп жүрөгүңдөн ак сүйүү сурагым бар.
Жайнаган карегиңден, жар болуп көрүнгүм бар,
Сен үчүн кошулуп же, дүйнөдөн бөлүнгүм бар, нур болуп төгүлгүм бар….

Жылмайган ууртуңда күлкүңө айлангым бар,
Жашоону аруулаган, арзууңа байлангым бар.
Жайнаган карегиңден, жар болуп көрүнгүм бар,
Сен үчүн кошулуп же, дүйнөдөн бөлүнгүм бар, нур болуп төгүлгүм бар….

Аздектей жүрөгүмө батырган ажарың бар,
Бактымды дүйнөдө же, аздырган азабың бар.
Жайнаган карегиңден, жар болуп көрүнгүм бар,
Сен үчүн кошулуп же, дүйнөдөн бөлүнгүм бар, нур болуп төгүлгүм бар…. нур болуп төгүлгүм бар….
❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤
(Текст)

burulaiismailova
Автор

Эң сонун ыр. Сөзү, обону, аткаруу баары төп келиптир. Акынга, обончуга, аткаруучуга рахмат.

MouKyrgyzs
Автор

Керемет ун ., супер аткаруу .Алтын кыз бактылуу бол .

НАса-ют
Автор

Азаматсын Назгул унуно береке ийгилик калайм сен менен сыймыктанабыз,

ЧынараСапарбекова-юу