ДОСКО КАТ

preview_player
Показать описание
Салам дос,
Мен баягы жолдо турам,
Сага бир барсам деген ойдо турам.
Билбеймин кайда экенин башка достор,
Ортого мезгил дубал орнотулган.
Турмушка куурчак болдук ойнотулган,
Көр тирилик кызыгына батып алып,
Билинбей туш тарапка чачырадык.
Дүйнөнү багынткандай басып кеттик,
Болгону бирден сулуу катын алып…

Эх досум,
Кандай таза балдар элек…
Сөөлөткө, шөкөттөргө алдана элек.
Достукту ыйык тутуп баарысынан,
Чок сыңар жалын чачып жанган элек.
Чогулуп Манас, обон, жаңы ыр угуп,
Жаштыкты өнөр үчүн сайган элек.
Оо, азыр убакыт жок көрүшкөнгө,
Арманды, кубанычты бөлүшкөнгө,
Жадатты супсак көздөр, сылык сөздөр,
Мен бүгүн сага атайын барайынчы,
Ыр окуп анан досчо сөгүшкөнгө…

Эх досум,
Өмүр деген аргымакпы,
Шашабыз карап алып алды жакты.
Билемин канча боздоп ыйласак да,
Бизге эч ким кайрып бербейт ал куракты
Жок эми сүйлөп бербейт баягыдай,
Капилет жоготконбуз Анарбекти.
Сүрөтүн көргөн сайын ыйлайт жүрөк,
Мени бир оор санаа кыйнап жүрөт,
Барында бапыратып мактай албай,
Калдык биз ошол досту барктай албай.

Эх досум,
Өмүр деген паравозбу,
Бир жумуп ачкычакты кара көздү.
Агымы чоң турмуштун адаштырып,
Ай жылга бөлүп салды арабызды.
Ыңгайын табып ылдам убакыттын,
Ыр менен даарылайлы жарабызды.
Адырдын чаң жолунда кубалашып,
Ак жүрөк эстейличи бала кезди.
Махабат ыр арнасак теңсинбеген,
Менчиктеп ким алды экен сары кызды?

Эх досум,
А мен болсо оңолбодум,
Махабат дартка айланды айыкпаган.
Дагы эле өксүгүмдү жоготподум,
Дагы эле баягыдай азаптанам.
Дагы эле кино көрөм, архив сактайм,
Дагы эле ыр жазам деп ушаланам.
Дагы эле сүйлөбөгөн түнт бойдонмун,
Дагы эле катуу айтсаң ызаланам.
А баса, коркпо бирок тоорулам деп,
Азыр мен көчөгө чыкпай калдым,
Коменданттык саатты да бузбай калдым….

Салам дос,
Мен баягы жолдо турам,
Сага бир барсам деген ойдо турам…
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Аман болгула Нургулдун окуучулары, мыктысынар

ЖазгульАширова-дч
join shbcf.ru