Деңизди тазалаган балык

preview_player
Показать описание
Суу асты дүйнөсүндө балыктардын өтө көйгөлүү маселесинен болгон САПРОЛЕГНИОЗ аттуу оорусу бар. Бул ар түрдүү курттардын жана паразиттердин денеге жабышып, кирип кетүүсүнөн улам пайда болот. Натыйжада балыктардын терсинди, оозунда жана бакалоорлорунда пайда болот бул оору. Балык аны өзү тазалай албайт. Бул оору менен жүрө берсе натыйжасы өлүм да болушу мүмкүн. Суу астындагы жырткыч балыктар кандай коркунуч жаратса Сапролегниоз оорусу да ошончолук эле коркунуч жаратат балыктар үчүн. Бирок ушул жерден балыктарга океандын санитарлары жардамга келет. Бул океандын санитарлары устрицалар, майда чаяндар жана майда балыктар. Учурда 40тан ашуун санитар майда балыктардын жана ондон устрица жана майда чаяндардын түрү белгилүү.
Бул деңиз санитарлары атайын белгилүү бир жерде жашашат. Сапролегниоз оорусуна чалдыккан балыктар бул жерге “дарыланганы” келишет. Бул деңиз санитарлары жогорудагы видеодо көрсөтүлгөндөй оорукчан балыктарын денесине жабышып алардын денесиндеги, оозундагы паразиттерди жеп жок кылып, тазалашат. Дарылануу, тазалануу процессинде чоң балык бул кичинекей санитерларга эч чабуул да жасабайт, жеп да салбайт. Б.а. санитарларга ыңгайлуу шарт түзүп, оозун ачып туруп берет. А санитарлар болсо алардын денесин тазалап эле тим болбостон, жарааттардын ордунда калган жараларды да дарылашат. Кээде балыктар денеси жараланса да тазаланууга барбай жүрө беришет. Кудум азыркы күндөгү ооруса да дарыгерге барбай жүрө берген бир туугандарыбыз сыяктуу. Мындай жалкоо балыктарды майда чаянчалар денесиндеги түркүн түстүү кооз болгон оймо чиймелерин кыймылдатып, бийлеп өзүнө чакырат. Бул кооздукту көргөн оорукчан балык, анын жанына барып, тазалануу үчүн кантип туруп калганын өзү да байкабай калат. Натыйжада санитарлар өз ырыскыларын алып, азыктанышса, оорукчан балыктар паразиттерден кутулуп, бейпил жашоого аттанышат.
Суу асты дүйнөсүндө 250 жаныбарлардын түрү бар. Булардын арасында албетте дайыма өлгөндөр болот. Эгер ошол өлгөн балыктарды тазалап салбаса деңиз үчүн өтө чоң апаатты алып келиши мүмкүн. Бирок өлүк балыктардан бактериялар чыгып, деңиз үчүн эч кандай апаат келген жок. Эмне үчүн? Себеби деңиз астында дагы башка санитарлар өлүк балыктарды жеп, деңиздин булгануусунун алдын алууда. Бул санитарлар акулалар. Эгер бир жерде кит сыяктуу балыктар өдүп калса акулалар заматта келип жеп тазалап кетишет. Бул сыяктуу деңиз асты дүйнөсүндө дагы толтура маалыматтар бар.
Бул майда балыктар, устрицалар, чаяндар тазалоо илимин кайдан үйрөрүнүштү? Акула өлгөн балыкты жеп салбаса деңиз кирдеп кетээрин кайдан билди? Акылсыз жандыктар акылдуу адамдардын кыла албаган ишти кантип акылмандуулук менен кылып жатат? Дегеле бул процессти, системаны ким койду, ким ишке киргизди?
Аллах Тааланын “Ал Куддус”-деген ысмы бар. “Куддус” ысмы-“Таза, Эң Таза, Ыйык, Кемчиликтерден оолак”-деген маанилерге келет. Демек Бул деңиз санитарлары аталган жандыктар деңизди тазалоо менен Аллах Тааланын “Ал Куддус” ысымын чагылдырып берүүдө. Аллах бул жандыктарга ошол тазалоо ишин милдет катары бергендиги үчүн бул макулуктар милдетин так атакарышууда.
Курандын Хашр сүрөсүнүн 23-аятынын баш жагында болсо мындай деп айтылат:
“Ал – Аллах! Андан башка Кудай жок, (Ал) Малик (Чыныгы Падыша жана Өкүмдар), Ал Куддус (Таза, Ыйык, Кемчиликтерден оолак)”
Ааламга көз чаптыра турган болсок Аллахтын Куддус ысмын чагылдырган өтө көп макулуктар бар. Алар өз милдеттерин бизден айырмаланып өтө жогорку деңгээлде аткарышууда.
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Аллах
Ар.Рахман
Ар Рахиим
Аль.Малик
Аль.Куддус
Аль.Мумин
Ас.Салям
Аль.Мухаймин
Аль.Азиз
Аль.Жаббар
Аль.Мутакаббир
Аль.Халик
Аль.Мусаввир
Аль.Гаффар
Аль.Каххар
Аль.Ваххаб
Ар.Раззак
Аль.Фаттах
Аль.Бари
Аль.Алим
Аль.Кабит
Аль.Басит
Аль.Хафид
Ар.Рафи
Аль.Муиз
Аль.Музилл
Аль.Басир
Аль.Сами
Аль.Латиф
Аль.Хабир
Аль.Халим
Аль.Азыым
Аль.Гафуур
Аш.Шукур
Ал.Али
Аль.Кябир
Аль.Хафиз
Аль.Хасиб
Аль.Мукид
Аль.Жалиль
Аль.Карим
Аль.Рокиб
Аль.Хакам
Аль.Адль
Аль.Муджибу
Аль.Васи
Аль.Хаким
Аль.Вадууд
Аль.Мажиид
Аль.Баис
Аль.Хакк
Аль.Шахиид
Аль.Вакил
Аль.Кавий
Аль.Матин
Аль.Валий
Аль.Хамит
Аль.Мухсий
Аль.Мубди
Аль.Муид
Аль.Мухий
Аль.Мумит
Аль.Хайй
Аль.Каййум
Аль.Важиид
Аль.Маажид
Аль.Ахад
Ас.Сомад
Аль.Кодиир
Аль.Муктадир
Аль.Мукаддим
Аль.Муахир
Аль.Авваль
Аль.Ахир
Аль.Зохир
Аль.Батн
Аль.Вали
Аль.Мутавали
Аль.Барр
Аль.Тавваб
Аль.Мунтаким
Аль.Афу
Аль.Рауф
Аль.Мони
Малик.аль.мульк
Зуль.жалаль.валаль.икром
Аль.Муксит
Аль.Жами
Аль.Гони
Аль.Мугни
Аль.Ходи
Ад.Дарр
Ан.Нафи
Ан.Нур
Аль.Бади
Аль.Баки
Аль.Варис
Ар.Рашид
Ас.Сабуур

ДуйшобайКурбанали
Автор

Аллахтын кудурети карагыла кандай керемет!!!

asadbeknurgaliev
Автор

Автордон, тексти которуп даярдаган кишиден негизи ушул видиолорду даярдагандардан Аллах ыраазы болсун 💐💐💐

karimatorokulova
Автор

Аллах ыраазы болсун сиздерден Бейиш Нуру каналы

ХиминСон
Автор

АЛЛАХ ТЬААЛА Кудуреттуу, Адилеттуу, Мээримдуу, Жаратуучу, Ырыскы беруучуБаарын билуучу, Улук, Бврды жок кылвт, Жоуту бвр кылат

saifulloabdullaev
Автор

АЛЛОХУ АКБАР булар да корунот туура куудум эле биз врачка корунгон сыйактуу

НурБереналиев
Автор

Аллах Аллах Аллах
Аллахыма чексиз шугурлор болсун.
🤲🤲🤲

animefandom
Автор

Йа Аллах йа Рахмаан йа Рохиим йа Куддус!сен менин Кудайымсын мен сенин кулунмун!мен сыймыктанам ыраазымын озуно😊🤲

abumuhammad
Автор

Аль Малик, Аль Куддус, Аллах Тааламдын кандай гана ысым сыпаттары бар, Субханааллах!

БатмаОрозалиева-пе
Автор

Аллах Таала чыныгы падыша . Ал мээримдуу чексиз шугурлор болсун

shafaatfahridinovna
Автор

Ассаллому алейкум керемет тасма Аллахым раазы болсун!!!!

МужикЕсть
Автор

МааШааАЛЛАХ. Аллахым баарына кудуреттуу.👆

ПОТПИЩМК
Автор

Ассалаяму алейкум админ! Мышык тууралуу куранда айтылган деп уккан элем ошол жонундо видео даярдасаныз сонун болот эле! Деги эле куранда эскертилген бут жаныбарлар жонундо

публичныйканал-эжэ
Автор

Өтө сонун түшүндүрүп бересиз рахмат дагы күтүп калабыз

adilaydarov
Автор

Океандын Тубундо Балыктын Миндеген Турлору бар ! Алар азайып да кетпейт кобойуп да кетпейт Аллах Тааламдын Казынасы чексиз

Ibrahim-qwqq
Автор

Аллах ыраазы болсун сиздерден Бейиш Нуру!

УмарАманбай
Автор

АЛЛАХУ АКБАР, АЛЛАГА ЧЕКСИЗ ШУГУРЛОР БОЛСУН, АЛЛАХ ЖАЛГЫЗ ЖАНА АНДАН УЛУК ЗАТ ЖОК😥😥😥

MaRa-zpnv
Автор

Копол айтканда өтө кайф кылам Бейиш нуру чыгарган видеолорду көруп

nurislamalem
Автор

Кудайдын кудурети бул дагы Бейиш Нуру Аллах ыразы болсун аябай Соонун видео Экен мен такай кором ишинерге ийгиликтер Болсун 👍👍👍👏👏👏

ТилекТоктоназаров-фю
Автор

Дизлайк баскандардын мойнун жулуп салса э.. Эн сонун ютуб канал👍👍👍

bi_bi_biii