Аксыда сел эки унааны агызып кетти

preview_player
Показать описание
Аксынын Кош-Дөбө айыл өкмөтүндө бүгүн, 9-июлда сел жүрүп, унаа жолдорду суу каптады. Ошондой эле 2 турак үйгө, короосуна чейин суу киргенин Жаңгак айылынын тургундары кабарчыга билдирди.

Жашоочулардын айтымында, Бозбу тоосуна жаан жаагандан кийин Мундуз, Жаңгак айылдарын сел каптаган.

«Сарайдагы тосмолорду сел алып кетти. Сай аркылуу өткөн автоунаа жолдору да жараксыз абалга келди», - дешет тургундар.

Кош-Дөбө айыл өкмөтүнөн учурда селдин кесепеттерин жоюу, чыгымды тактоо иштери жүрүп жатканын билдиришти. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери иштеп жатышат.
Рекомендации по теме
join shbcf.ru