Сезим жанары - Изат Айдаркулова

preview_player
Показать описание
Изат Айдаркулова
"Сезим жанары"

Сөзү : Майра Керим кызыныкы
Обону : Майра Керим кызыныкы

Кандай жүрөсүз деп сурап дарегиң,
Кадала түштү оттой карегим.
Бейкапар жүрсөм, берип кеттиңби,
Багып алгын деп сүйүү дарагын.

Сезим жанарым, селдей агарым,
Сезим көлүнө чөгүп барамын.
Сагынган кезде санап кадамың,
Санаага түшсөң кайдан табамын?
Кабарың мага айтчы, карагым,
Кусалык кысса кайдан табамын?
Кучагым жазып тосуп аларым.

Өзүңдү кээде көрөм түшүмдө,
Тунук сырларым толуп ичимде.
Күтүүсүз жерден көрүп калсам деп,
Көчө кеземин элдин ичинде.

Сенин көздөрүң, жүрөк эзгениң,
Кадыр сүйүүмдү кантип сезбедиң?
Сени табам деп дүйнө кезгемин,
Аппак таңдардан калбай издерим.
Сагынчымды кел таркат тез менин,
Кажети да жок анда өзгөнүн,
Өзүңдү күтүп жүргөн кездемин.

Оюмдан чыкпайт ошол саламың,
Оозун тырмадың бүткөн жаранын.
Жарк эткен таңдан жалтана түштүң,
Жалынга толо сезим жанарым.

Сенин көздөрүң, жүрөк эзгениң,
Кадыр сүйүүмдү кантип сезбедиң?
Сени табам деп дүйнө кезгемин,
Аппак таңдардан калбай издерим.
Сагынчымды кел таркат тез менин,
Кажети да жок анда өзгөнүн,
Өзүңдү күтүп жүргөн кездемин.

#monomedia
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Комуз бир гана кыргыздын улуттук кийими менен жакшы жарашат .

КүмүшайНазирбекова
Автор

Ассалоому алейкум кыргыз элим Изат кыздын уну сонун Элмикенин баардык ырларын аткарсан жакшы боло эле

ИСражидинМатишев-иб
Автор

Изат жандуу уну менен журоко жеткире аткарыптыр❤❤❤Токмо акын айтыштарда укмуш сонун соз таап бийик денгээлде тогулот❤❤❤

Shayim-yt
Автор

Азамат кыз, жакшы ырдапсын. Токмолукту дагы жакшы оздоштуруп кеттин. Бакыт, таалай узун омур.. 🤲🤲🤲🤲

БурулЭсеналиева-цл
Автор

Ушинтип ырдап тур Изат кыз, сенин ырларыны ар дайым угам

АнараНарматова-мс
Автор

УНУНО БЕРЕКЕ ОНОРУН ОРКУНДОЙ БЕРСИН КЫЗЫМ. ДЕН СООЛУКТА БОЛ, АМАН ЖУР.

РаяТезекова-рл
Автор

Изат азаматсыз, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм, урматтап сыйлап баалайм! Ак жолунуз ачык болсун!

nurbekabdrahmanov
Автор

Изат унуно баракелде, жакшы во сонун.Бирок шляпа жарашпай калыптыр.Улуттук кийим коркуно кору кошот. Биз сени ар дайым ошон ой коруп козубуз конуп калыптыр

ВитяДарбанов
Автор

Сонун ырдапсыз ийгиликсизге ийгилик ушинтип тез тез чыгып турунуз кутуп калабыз сизге улутук кийимлед жарашат сизди урматап

МавлюдаПулатова-пм
Автор

Кандай жүрөсүз деп сурап дарегиң,
Кадала түштү оттой карегим.
Бейкапар жүрсөм, берип кеттиңби,
Багып алгын деп сүйүү дарагын.
Сезим жанарым, селдей агарым,
Сезим көлүнө чөгүп барамын.
Сагынган кезде санап кадамың,
Санаага түшсөң кайдан табамын?
Кабарың мага айтчы, карагым,
Кусалык кысса кайдан табамын?
Кучагым жазып тосуп аларым.
Өзүңдү кээде көрөм түшүмдө,
Тунук сырларым толуп ичимде.
Күтүүсүз жерден көрүп калсам деп,
Көчө кеземин элдин ичинде.
Сенин көздөрүң, жүрөк эзгениң,
Кадыр сүйүүмдү кантип сезбедиң?
Сени табам деп дүйнө кезгемин,
Аппак таңдардан калбай издерим.
Сагынчымды кел таркат тез менин,
Кажети да жок анда өзгөнүн,
Өзүңдү күтүп жүргөн кездемин.
Оюмдан чыкпайт ошол саламың,
Оозун тырмадың бүткөн жаранын.
Жарк эткен таңдан жалтана түштүң,
Жалынга толо сезим жанарым.
Сенин көздөрүң, жүрөк эзгениң,
Кадыр сүйүүмдү кантип сезбедиң?
Сени табам деп дүйнө кезгемин,
Аппак таңдардан калбай издерим.
Сагынчымды кел таркат тез менин,
Кажети да жок анда өзгөнүн,
Өзүңдү күтүп жүргөн кездемин.

bubusarabeishenalieva
Автор

Баракелде, талантына талант кошулсун.Онорун оркундой берсин.Бирок бир жери начар болуп калыптыр, озубуздун улуттук кийим корккуно корк кошот, чырайлуу болуп аябай сонун жарашат.Орконун оссун!

ЭльдияроваЭльзана
Автор

👍👍сонун ыр таланттына таазим баш кийимиңиз бир аз болбой калыптыр

БаххаБахха
Автор

Ой бай укмуш ырдайтко азаматсын изат озумун синдимго

КундузАрстанбекова-пк
Автор

Иззат сен киргиз комузини пирисин Рахмет сага

kushutabaldyev
Автор

Оо керемет добуш балии азаматсын колундан комузун тушпосун

КыялОлилова-дч
Автор

Эң сонун. Каналга иигилик каалайм. Эң сонун канал.

ОБОНМЕДИА
Автор

Жандуу, жагымдуу ун.Чыныгы ырчы ушундай болуш кк.Азаматсың Изат айым.👏👏💐

ДанагулАшимова-ыю
Автор

Сонун Кыз, Сонун ырды, Сонун аткарыптыр.

КанышайОморова-пт
Автор

Изат азаматсын үнүңө береке булбулдай обон созуп жүрөө бер карындашым 👏👏👏

raim_ff
Автор

Сиздин онорунузду баалаймын ишинизге ийгилик

МинаварМатсаева