Мелис Аспеков абактан ырайым менен бошотулду

preview_player
Показать описание
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) активист Мелис Аспеков президенттин соттолгондорго ырайым берүү боюнча жарлыгынын негизинде 23-майда Молдовановка айлындагы №27 абактан бошотулганын билдирди.

Маалыматка ылайык, алты жылга соттолгон Аспековдун жаза мөөнөтү 2021-жылы 9-январынан баштап эсептелген. Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылы 23-майда “Соттолгондорго ырайым берүү” боюнча жарлыгынын негизинде Аспековдун жаза мөөнөтү үч жыл сегиз айга кыскартылган.

"Аспеков абакта 2 жыл 4 ай 14 күн отурганы жана ырайым менен 3 жыл 8 айы кыскартылганы кошулуп жаза мөөнөтүн өтөп бүттү",- деп билдирди ЖАМК.

Мекеме “Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө” мыйзамына ылайык, ырайым берүү соттолгон адамдын жеке кайрылуусу менен караларын белгиледи. Ырайым берүү бул – сот чечими чыккан адамды толук же жарым жартылай жазадан бошотуу жана өкүмдү жумшартуу.

2022-жылы 23-мартта Биринчи май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча алты, “Алдамчылык” боюнча да алты жыл чегерип, жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн жарыялаган.

Ошол жылдын июль айында Бишкек шаардык сот өкүмдү өзгөрткөн. Анда райондук соттун өкүмүндөгү Аспековдун Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) “Алдамчылык” беренеси менен күнөөлүү деп таап, бирок жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чарасы берилген эмес.

Шаардык сот Аспековдун алты жылдык абак жазасы каралган “Опузалап талап кылуу” айыбын күчүндө калтырган.

2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Аспеков 2021-жылдын январында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен “250 миң доллар талап кылган” деген шек менен кармалган. Буга байланыштуу ага Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) “Опузалап талап кылуу” деген 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголгон.

Кийин ал ишке "15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу" деген айып боюнча ошол эле кодекстин “Алдамчылык” деген 204-беренесинин 3-бөлүгү кошулган.

Аспеков соттук жараяндарда күнөөсү далилденбегенин, "саясий негизде иш козголгонун" билдирген. Президент Садыр Жапаров анын айыптоосун четке каккан. _________________________________________
"Азаттыктын" тиркемесин көчүрүп алыңыз.
Шилтемеси:
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Биз бул жашоодо убактылуу конокпуз баардык ишибиз учун Жараткан АЛЛАНЫН алдында жооп берерибизди унутпайлы

Kumush-Bakbolotovna
Автор

Лапшагондор Элди камап коркутуп кайра ырайым бердим деп Шооу кылып

ЖакшылыкЖолдошев
Автор

Мен мындай нерсеге таң калбайм үйрөнүп бүттүк камап кайра бошотконго спектакль оюну

РахатШерматова-лр
Автор

Жигит айта берет созунон катынча кайта берет болуптурда.

koddigarbrend
Автор

Карандай жалаа Аллах бар баарын коруучу, тараза!

СалияАкматова-рг
Автор

Калыптыр казаны кайнабайт дегендей, Кудайымдын астында эн чон куноо калп айткан!

МираБайс
Автор

Кыргыз элим ушундай жаман арам жашоону токтотолу

Kumush-Bakbolotovna
Автор

Ушул бети жокторго ырайым Берген.. Карапайым калктын балдарына деле ырайым берип койсо болмок..канчасы жатат болоор болбос нерсе менен...

АкунбекВайгардалрв
Автор

Кааласа каматып, кааласа соттотуп кааласа ырайым берип коюп . Келечеги туңгуюкка кетип бара жаткан мамлекетке айланды Кыргызстан.

ЦДС
Автор

Бийлик Аспековту колдонуп анан ушундуй кылганы убадасын аткарбай койгондон чыкан чыр жакшылыка жамандык

ГулАл-уф
Автор

чыксын жаш боюнча ден соолуктан ажырап Мелис эми тынч эле жашай бер

ЖАЛАЛАБАД-шц
Автор

Раим миллион камалат, болбосо ордуна мно мелис камалат 😂😂😂.

KG-twne
Автор

Корупционерлер чыгышып атат, а эки соз суйлогондорчу айлап жатышат бээ куноо

Чикенган-ке
Автор

Не виновным тоже отпустите, мурунку президентердин да айыбы бар, чеченди койбердиго жон эле.

Katya-rjyy
Автор

КАЙРАН КЫРГЫЗ ЭЛИМ, ДАГЫ ШОРУН КОП ЭКЕН .

azataaliev
Автор

Карапайым Адам кирсе он жылга камалат депутат министр кирсе кечирим сурагы чейин камалат😢

ИскендерКабулов
Автор

Аспкековго райым бергени жакшы бул айколдук Казино Садыр мн Камчыбек баламын башына тушкон тушкон кара балээ

Калипа_к
Автор

Садыр дабдырабай эртерээк кетсен боло, кааласан камап, кааласан бошотуп, конституцияны тебелеп жатасында .

АбдурасулТурдукулов-чв
Автор

🌎🕊Алга Жашасын Кыргызстан 🇰🇬✊🤲. Ырыс алды ынтымак Кыргыз Элим ✊

У Нас закон работает для простого народа на автомате, , , для элит👎 другие законы всегда так было, это сущность человека всё быстро забываем к сожалению. Есть сдвиги в экономике но судьи👎 у Нас в ручном управлении куклы у кукловода. Нет у нас независимых судьи

Oljobay
Автор

Мелис, чуркап чарчаганын басылыптыр. Эми акырын кадам таштап бас. Садыр, карапайым калктын баласына да ырайым берип чыгарып кой, куноосуз куноолулорду

kg.kyrgyz
visit shbcf.ru