Жаныбек Онолбаев-Сирендерим //Жаны клип 2023//Хит

preview_player
Показать описание
#music #жаныбеконолбаев #клипы #музыка
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Ассалому алекум биртуугандар.
Коптон куткон клибибиз дагы даяр болду.Сиздерге жагат деген ойдомун 🤗
Лайк басып, комментарий калтырып кетиниз🙌
Жакшы соз жан эргитет 🤗
Баарыбызда ийгиликтер коп болсун 🤲🤲🤲

Onolbaevjanybek
Автор

Мен Узбекистан дан эшитябман просто музыка супер❤

ravshan
Автор

Сирендерим!
Өзүңдү таппай көптүн арасынан,
Жүргөндө айыга албай жараатымдан.
Куюлуп арман болуп агып жаттым,
Куштардын куса серткен канатынан.
Алдастайм ары-бери ары-бери,
Жалгызмын жан көргөн жок аны деги.
Тиктетет кайра-кайра тигил көктөн,
Тизилген каркыранын сабы мени.
Көп жаштар көчө бойлоп агат улам,
Көрө албай жалгыз сени арасынан.
Атыңдын баш тамгасын тапчу болдум,
Талпынган куштун гана канатынан.
Күйүттүн өзү өчсө да зарпы калаар,
Билгендей махабаттын дартын алар.
Атыңдын баш тамгасын көккө жазып,
Алыска учуп кеткен каркыралар.
Күн батат, таңдар атат, агат суулар,
Күйүтүн өчүрө албайт жараттуулар.
Муңумдун баш тамгасын эске салып,
Муңайта бербегиле канаттуулар.
Жаз келди жашыл жайып килемдерин,
Билгендей келбес жайга жибергенмин.
Сирендер гүл ачканда сени эстейм,
Сиреним, сирендерим силер менин.
Бул адат кайдан мага калган билбейм,
Адашкан арманымды жаздан издейм.
Бирок сен жүрөгүмдүн жазы болдуң,
Түбөлүк калышынды билээр дедим.
Сени эстеп жашай берем ойдо сонун,
Мен үчүн махабаттан артык орун.
Сезбесмин көкүрөктө кайгы барын,
Сен болсоң уктатаарым, ойготоорум.
Көз күйөт көрүп жаздын сирендерин,
Жаштыктын жашап коюп ширин жерин.
Муңайдым, муңайбаска аргам барбы?!
Муң, арым, муң, арманым силер менин.
Сирендер гүлүн ачса сени эстейм,
Сирендер, сирендерим силер менин!

АЖА-зб
Автор

Баардык версияларын уктум бул ырдын, арасынан эн мыкты денгээлде аткаруу Жаныбек Онолбаевдики экен.Унунузго береке, бийиктей бериниз!

ЭльвираЖалилова-ъщ
Автор

Сирендер гулун ачса сени эстейм.Сиреним сирендерим силер менин Сирен гул ачаарына аз калды.Ырдын авторуна Жана аткаруучусуна таазим

kairylsyn
Автор

Кайран Элмирбек агабыздын ыры кандай сонун жаткан жери жайлуу болсун

Азат-эв
Автор

Жылдын мыкты клиби мына ушул болсо экен

РеалМадрид-ье
Автор

Чындыгында уккулукту ыр экен обону мазмуну. Аллахым баарыбызга бактылуулук насип кылсын.

ruslanmendiev
Автор

Элмирбек агабыздын журоктон чыкан ыры экен жеткире ырдапсын азаматсын.

BakuMyratova-mozy
Автор

Сонун чыгарма 😍👍 ! Ырга жаңы боек киргизипсиз Жаныбек. Чыгармачылык ийгилик 👏

moni_
Автор

5 миллион го жеткиребиз келиниздер кыргыз элим Элмирбек агабыз дын урматына жана жаныбек жакшы ырчы

НурСыдыев-ьэ
Автор

Қандай мағыналы, әдемі ән ! Керемет 🎉

aigulmoldash
Автор

Ен соонун чыгарма болуптур кешке Ыраматылык Елмирбек иним козу тируусундо ушул ырлары чыканда озу уканда кандай соонун болмок атин бир кем дуйно кличке Гулбубу синдибизди койсон жакшы болмок аябай ыйладым екоо тен бир келген талантуу ар тараптан топ келишкен инсандар еле бир кем дуйно еерчишип кете беришти силерди еч качан унут байбыз Елмирбектин дагы да соонун ырларды жазган ал ырларын да чыгаргыла ырда соз жок аткарган Ырчыда да соз жок Ыр просто бомба кыргыз елин еч качан силерди унутбайт ар заман есибисдесинер атин дуйно ерте кетинер бул ырды 100 жолу уктум тажабадым ыйладым буркурап айла жок дуба кылам жатканжеринер жайлуу болсун алтындарым

МыскалАтакулова
Автор

Эн мыкты чыгарма экен!Элмирбек Иманалиев, кылымда бир жаралчу талантуу адам эле😢❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤

АйгеримМырзатаева-кя
Автор

Кылымда бир жаралган, -- Кайран гана Элмирбек, Жаткан жерин жайлуу болсун.

НазгульТоктоболотовна
Автор

Мен жолдошумду кара жерге бергениме жети ай болду, ушул ырды угуп ыйлап алам. Өлумдун куйуту ушунчалык ачуу, оор экен, ичим орттонуп жүрөт. Балдарым аманат, ошолор менен соороном.

Кукук-жж
Автор

Ырга жаңы жан кириптир өтө сонун жүрөк сергийт😢 ийгиликтер коштосун🤲

mikamika
Автор

СУПЕР МЕГА КАТОСТРОФИЧЕСКИЙ!!!🎉🎉🎉🎉🎉🎉❤❤❤❤❤❤❤Жаныбек, эн мыктысыз!!!❤❤❤❤❤❤🎉🎉🎉🎉🎉🎉

elmiraergeshova
Автор

Эн соонун уккан сайын уккун келетгоо отто соонун таалантынызга таазимдер болсун чыгармачылык ийгилик ден соолукта болунуз.

aijanaabdimajitova
Автор

Жаныбек, азаматсын! Эн мыкты чыгарма болуптур. Элмирбектин ырлары туболуктуу ырлар, аны ырлары менен эстеп турабыз. Жаныбек, сага дагы да чыгармачылык ийгилик каалайм! Онорун оркундой берсин!

КадырбекСатывалдиев