Тата Улан - Ыйык көл (01-11-2011 ж)

preview_player
Показать описание

Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Абдан кооз тартылыптыр, талантынызга береке! Оркундоп осо бериниз, баракелде!!!👍👏👏👏

AselsuSupataeva
Автор

Ар бир ырыңыз өтө мазмундуу, үлгү-насаат, терең маанилүү! Рахмат сизге Тата Улан!

sezima
Автор

Тата Улан байкенин соз байлыгы аябай кучтуу, ишинизге ийгилик

НурданОзубеков-зх
Автор

Жарык жарып көлдүн жээгин,
Ыйык көлүм, кетирбегин.
Нур толтуруп суунун жээгин,
Топ булутту келтирбегин.
Чалкайсынчы төрүң,
Эс алдыргын, кейитпегин.
Чайпалсынчы көлүң,
Жай майрамдан кетирбегин.

Кайырма:
Көл кайнап,
Көк чапанын жамынып.
Шарпылдап,
Жээкке толкун чабылып.
Бир сүрдөп,
Асман жарып чагылган.
Жай гүлдөп,
Ыйык көлүм чакырган.

Көк көзүм сени карап,
Кучагыңа жайылды.
Ээ-эй, жаным көлүм,
Сени жүрөк сагынды.
Ак кеме көлдө сүзүп,
Жалдырата каратты.
Ак чардак тентектенип,
Жайып жүрөт канатты.
Көз салып күтүп жүрөт,
Секирет деп балыкты.
Ээ, кандай сонун,
Тосуп алат табият.
Таптаза болсо,
Кучак жайып кубанат.



Ээ, досум, айтып кетем,
Өз жериңди сыйласаң.
Жердеги таштандыга,
Жаның күйүп ыйласаң.
Сактайлы көлүбүздү,
Бабалардан калганы,
Өз жерибизге,
Кайдигерлик кылбайлы.

Кайырма:

Телегейиң тегизби?
Айкөлдүгүң негизби?
Кылымдарды карыткан,
Сен баатырсың, негизи.
Сенин ханың Манас хан,
Кыргыз үчүн кармашкан.
Каркыра жайлоо ээлеген,
Элге керек жер деген.
Ыйык көлдү көлүм деп,
Кас душманга бербеген.
Кыргызга деп мөңгүнү,
Өз мекенин бектеген.
Тоолуу жердин ортосу,
Ыйык көлдүн ордосу.
Чындап эле ыйык көл,
Болгон экен мурда чөл.
Чөл үстүндө бир шаарды,
Каптап алган ыйык көл.
Ыркы кеткен бир калкты,
Жазалаган ыйык көл.
Ала-Тоо, тоолор курчаган,
Бабаларың тандаган.
Ушул жериң сеники,
Мен кыргызмын, меники!

икигай-ок
Автор

👍👍👍Абдан жакшы чыгарма болуптур! Ыссык-Колубуз учун!🌊💧

cholponamyrzaeva
Автор

Тата Улан байкени ушул ыры менен таныйм 🥰 Алга байке

kanykeiesenbekova
Автор

Тата Улан байке эн мыкты красавчик 👍👍👍❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤

marketmarlet
Автор

Э Тата Улан байке мындай ютубта дагы движения кылып турунузчу!!! Видеолорду коп-коп чыгарын, аман болунуз брат!!!
Чыныгы кыргыз атуулдарынын бирисиз!!!

KG-tzym
Автор

Сөз байлыгы укмуш, ма шаа Аллах, Кудайдын керемети ушундай кыргыздын пешенесине жаралган уулубуз бар, ма шаа Аллах, ырлары ушунчалык таасирлүү, сени менен сыймыктанып, мактанам Тата Улан, менин да балдарым сендей эр азамат, мекенчил болсо экен оомиин 🤲

ГульзатАлдароваАллахбаарыбызды
Автор

Ким дизлайк басса ошол МЫРК ЖЕ МАНБЕТ ЭКИ ВАРИАНТ !

nuriknurlanov
Автор

Сонун ар бирибиз ушул жаш баладай боло албасак да озубуздун артыбыздан тазалап кетсек тазалык болот

Nurbek
Автор

Жакшы ырдайт маниси мененкоптогон ырларды дарата берниз ишинизге ийгилик🤲🇰🇬🇰🇬🇰🇬

muratbekjetimishov
Автор

Мен ушул ырды угуп толкунданып Кыргызстанга болгон суйум дагы курчуйт ...келгиле табият менен таттуу мамиледе болуп ...деги эле Ысык колду эмес буткул жерибизди таштандылар менен булгабайлы

ulukmanap
Автор

Уке байке, чыгарчы ырларды . Катууууу, катууууу, угалычы сени кайрадан …

SBJ-kG
Автор

Азыркы тил менен айтканда, лайк братка !!!

SBJ-kG
Автор

Дай Бог ему ❤ успехов в делах и здоровья

Diana_kolilo
Автор

Азаматсын Кыргыздын чыныгы патриот уулу, бар бол, омурлуу бол, ийгилик сага, алга

КараматЖудомишова
Автор

Улан байке эн сонун. Ырлырыныз эн жакшы.колдойбуз

zinkzink
Автор

Куч кубат сизге Улан Мырза. Патриоттук сезимди ойготкон чыгармаларыныз кобойто бериниз.

rusnurres
Автор

Сиздин баардык клиптериниз жакшы эмнеге чыкпай калдыныз

Даси-гч