Нурмира Кубанычбекова-Апам менен атама (2024)

preview_player
Показать описание
Созу жана обону: Роза Алькожа
Аткаруучу: Динара Тилекеева
—--------------------------------------------------------

Жан күйөрүм мага,
Сен сүйөрүм апа,
Бар асылым апа,
Ынагымсың.
Багбанымсың ата,
Зор бактымсың ата,
Коргонумсуң ата,
Чырагымсың.

Кайырма:
Апа, дайыма сен менен мактанамын,
Апа, мен сени Меккеге алпарамын,
Апа, бейиш го сен барда төрт тарабым,
Булагымсың.
Ата, бир айткан сөзүңө шаттанамын,
Ата, мен сени Меккеге алпарамын,
Ата, бийикке жетелейт айткандарың,
Чынарымсың ата.

Өмүр берген мага,
Көңүл бөлгөн мага,
Кудай берген мага,
Ай, күнүмсүң.
Камкорлорум даана
Кубат берер мага.

Кайырма:
Апа, дайыма сен менен мактанамын,
Апа, мен сени Меккеге алпарамын,
Апа, бейиш го сен барда төрт тарабым,
Булагымсың.
Ата, бир айткан сөзүңө шаттанамын,
Ата, мен сени Меккеге алпарамын,
Ата, бийикке жетелейт айткандарың,
Чынарымсың ата.
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Азаматсын сулуу кыз, ата энелер аман болушсун!!!

Bjjkgbjjkg
Автор

Азаматсын кызым унуно береке онорун оркундой берсин
Ийгилик коштоп журсун
Атан апанды сыйласан сени кудайым озу колдоп журсун
Айжан аяш апанан 1000ден ашык лайк ❤ 😊

AijanNurakova
Автор

синдим онорун оркундой берсин акем м н женем омурунор Узун Ден соолукта болгула синдим келечекте мыкты дарыгер болуп бактылуу бол

eraanarbekovish
Автор

Унуно береке кызым онорун оркундой берсин кызым Соня аяш апан

SalamatOmorkulova
Автор

Менин кызым дайыма ден соолукта болуп мартабан улук болсун Досум менен Аяшым бактылуу кундоруно кубо болуп журо беришсин🤲

МотобарБорубаева-йч
join shbcf.ru