Сокулук районуна караштуу Фрунзе айыл өкмөтүндө мыйзамсыз жайгашкан 7 соода күркөлөрү алынды

preview_player
Показать описание
Сокулук районуна караштуу Фрунзе айыл өкмөтүндө мыйзамсыз жайгашкан 7 соода күркөлөрү алынды. Себеби аталган күркөлөр эч кандай уруксааты жок, өз билемдик менен ишмердүүлүк кылып келишкен. Аталган соода күркөлөрүнүн ээлерине Мамэкотехинспекция жана Сокулук райондук прокуратура тарабынан мыйзамсыз курулмаларды буздуруп, жерди бошотуу талабы коюлган. Бирок талаптар аткарылбай, бүгүн Мамэкотехнспекция, прокуратура жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда аталган соода жайлары буздурулду. Учурда бошотулган жер тилкелерин ирээтке келтирип, тазалоо иштери жүрүп жатат. Эске сала кетсек, Республиканын бүткүл аймагында мыйзамсыз жайгашкан соода-сатык жайлары, курулуш сатуучу дүкөндөр, жер жемиш сатуучу күркөлөр алынууда. Себеби, кызыл чийинден ашып кеткен соода жана эс алуу жайлары унаалар өтүүчү жолду таарытып, айрым учурда ар кандай кырсыктарга себепкер болуп калууда. Андыктан бир гана Сокулук районундагы курулуштар эмес, Кыргызстандагы бүткүл аймагында мыйзамсыз иштеп келген соода жайлары Мамэкотехинспекция тарабынан ирээтке келтирилүүдө.
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Правильно!!!! А теперь ещё проверьте сколько нахапали себе сами представители аиыл окмотту

igorvladimirovich