Covid-19.Дагы бир адам каза болду. жаңы жуктургандар 13 адам

preview_player
Показать описание
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 13 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 5-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Үсөнбаевдин айтымында, 4-майда коронавирус жуккан 69 жаштагы бир адам каза болду. Анын эски оорулары күчөп, абалы оорлогон. Эки өпкөсү тең сезгенип, дем алуусу кыйындаган, мээси шишигени тууралуу диагноз коюлган. Кант диабети менен ооругандыктан инсулин алчу:

"№1 ооруканага кайрылып, ошол жерден пневмония диагнозу коюлган. 4-майда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына которулуп, лабораториялык анализинен коронавирус тастыкталган. Дарылоого карабастан, бүт эски оору курч мүнөздө күчөп кетип, жалпы аракетке карабастан жоготуу болду. Кызы №3 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштегендиктен текшерилип турган, анализи таза чыгып жаткан. Башка да жуга турган жолдору бар".

Соңку бир суткада 25 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 5-майга карата Кыргызстанда коронавирус 843 адамдан табылды, алардын ичинен 11 бейтап кайтыш болду, 8 бейтап оор абалда, алардын ичинен 5 бейтап жандандыруу бөлүмүндө, 600 бейтап айыгып чыкты.
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

урматтуу кыргыз калкым сабырдуу болсок.чондор деле элди ойлоп атышат .бар учун ооруп атышатда жок ооруну бар демек беле сактансан сактайм деген соз бар сак бололу туугандар.сабыр кылалы сабыр орозодо жаман айтпайлы

ЭльмираМамытбековп
Автор

Кудай сактасын, кантсе да этият бололу туугандар

Динараташполотова-гу
Автор

постторду албай койсонор болмок кайра тосуш керек май айында карантин кылыш керек болчу кыйналсакта вирусту женет элек

ЭльмираМамытбековп
Автор

Алар акчанарды алып болдунар эми элди тынч койгулачы же дагын алатурган жеринер барбы уяты жоктор.

ЖанышНасриддинов
Автор

Урматтуу бийликтегилер ЭЛ КОЧОГО БАТПАЙ КЕТТИ КАРАНТИНДИ АЧПАЙ ТУРУУ КЕРЕК БОЛЧУ. ЭЛ ДЕГЕН ЭЛ ЭКЕН ДА. ЭМИ ОРУ КОБОЙУП КЕТЕБИ ДЕП КОРКУП ЖАТАМ. БОШОТУЛГАН ЭЛ ЭЧ БИР ИШ ДЕЛЕ БУТУРО АЛБАЙТ.СЕБЕБИ КАРЖЫЛАРЫ ЧЕКТЕЛУУ.МОСКВАДАН ДА РУБИЛ КЕЛБЕЙТ АЗЫР.ЗЕРИККЕН ЭЛ ЖОН ЭЛЕ БАШ АЛАМАНДЫКТА НАРЫ БЕРИ КУН ОТКОРУУДО.ТАЖКТЕРДЕ ЖОК ДЕП ЖУРУП ПИККЕ ЖЕТЕЙИН ДЕП КАЛЫШЫПТЫР БАТКЕН ЭЛИ М/Н КОНТАКТ БОЛУП КЕТСЕ КРга кыйын болот. БАТКЕНДИ КАЙРА ЖАБУУ КЕРЕК.МУРДАГЫДАЙ РУКСАТ МЕНЕН АЙЫЛ ЧАРБА ЖУМУШКА ИШТЕГЕНГЕ

СенирТуу
Автор

Олгон адамдар жалан элэ вирустар олуп жатат дейсинер уяты жоктор Оз ажалынан олгондор жокпу

mahabatkaiypkulova
Автор

Тан калышту дарысы жок болсо кандай айыгып жатат бейтаптар

gauxarachokubasheva
Автор

Кайсы даары менее даарылап атасынар мы хотим знать

nurlanmup
Автор

Надоели! Бул оюн качан бутот экен а? Оорудум деп кыйналып жаткан кишини бир жолу корсотуп койгулачы!

gulzatraimova
Автор

Олгон адамдын аты жону адресин эмнеге айтпайсынар

ТргунбайЖолдошов
Автор

Бизнесмен математиктер алдабагыла суки

telefontelefonov
Автор

Урматуу ооруну б- ча ишенбегендер. Инфенционный больницага келип маскасы жок оорулууларды коруп чыксанар болот. Бирок оору жуктуруп алсаныздар оору боюнча ишенбегендигиниздер учун больница карабайт.

ТимучинМонголов
Автор

Ошол олгонду да медик деп акча албайсынарбы кралдавай мышыктан айрман жокко я

медербек-уя
join shbcf.ru