✅ ШААР ИЧИНДЕГИ КӨРҮСТӨНДӨРДҮ СЫРТКА ЧЫГАРУУ СУНУШТАЛУУДА

preview_player
Показать описание
🔸 Ош шаарынын аймагында жалпы аянты 200 гектарга барабар 49 көрүстөн бар. Ал эми алардын ичинен жабылып, сөөк коюлбай калган көрүстөндөрдүн саны 14тү түзөт. Учурда шаар аймагында 35 көрүстөн иштетилип жатат. Бул деген шаардын туш тарабы көрүстөндөр менен курчалып калгандыгын билдирет.
🔸 Жабылган көрүстөндөргө арты 30 жыл болсо, алды 40-50 жылдан ашкан беш мүрзө жай бар. Бул көрүстөндөр жабылгандан бери каралбай, тазаланбай калып кеткен жана санитардык абалы начар.
🔸 Буга байланыштуу шаар бийлиги мыйзам жана шарият эрежелерине ылайык жабылганына 30 жылдан ашкан беш көрүстөндүн ордун башка багытта колдонуу боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жана дин аалымдарынын сунуш-пикирлерин алуу үчүн жыйын өткөрүп, маселени кеңири талкуулашты. Дин өкүлдөрүнүн жана расмий кызмат адамдарынын билдирүүсүнө ылайык, толуп, жабылган сөөк коюучу жайлардын ордун коомчулуктун пайдасы үчүн жашылдандырып, бак тигүүгө, мечит, медресе же музей курууга уруксат берилет.
🔸 Ошондой эле, учурда пайдаланылып жаткан шаар ичиндеги 35 сөөк коюучу жайдын орду толгон соң 25-30 жылдан кийин гана жылдырып же башка багытта иштетүүгө мүмкүн болору белгиленди. Ошондо, жабылган мүрзө жайларды 2055-2060-жылга барып гана мыйзамда жана шарият эрежелеринде көрсөтүлгөн багытта пайдаланса болот. Экинчи тарабынан шаар ичинде сөөк коюуда жай талашка чекит коюулат. Анткени шаар тургуну каза болгон учурда жергиликтүү жашоочулар сөөктү жайга коюуга тоскоолдук жаратып, келишпестиктер орун алып жатат.
🔸 Андыктан учурда Алымбек-Датка аймактык башкармалыгында жалпы аянты 13 гектардан ашуун болгон жаңы көрүстөндүн ордун чоңойтуу менен шаардын ар кайсы жериндеги пайдаланылып жаткан жайларды жабуу сунушу да берилди. Алдыда шаар чоңоюп, адам саны өсүп жатканын эске алуу менен бул сунушту карап чыгуу боюнча макулдашылды.
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Эн жакшы маселени козгоптурсуз Азаматсыз
Мурзолор шаардын сыртына жакшыда. Колдойбуз👍

Малика-нш
Автор

Жениш ака легенда мэр болот адашпай жакшы иштен Эл жардам берип туралы

gipartglobal
Автор

Энг тогри иш Кыргыз Узбек демасдан хаммамиз Мусульман динимиз бир Мазаримиз бир Бозоримиз бир .Бир тууган Эл

umarbrendShef
Автор

Урматтуу мэр! Домдордун биринчи кабаттарынын алдына аркасына туурасына улап үй, гараж, заборлор, короо жайлар салып алгандарды да тазалатсаңыз эң сонун иш кылган болосуз. Бул аталган нерселер жолдорго тратуарларга балдардын оюн аянтчаларына чыгып кеткен жана машине койчу жерлерди ээлеп алган. Ошондой эле көп кабаттуу турак жайларды/домдорду өтө жаман кир башаламан көрсөтүп турат. Айрыкча дайыма мусурлар ташталып тазалык жактан көптөгөн проблемаларды жаратууда.

алпарс
Автор

Маа шаа Аллах
Оштун Казысын туура тандапсынар
Оштун Умары экен😂

AnasAnasov-qkkp
Автор

Женишбек байке сиздин ар бир кылып жаткан ишинизге Аллахым ыраазы болсун тарых барактарына сиздин атыныз алтын тамга менен жазылып калсын Атаке, Жантай, Шабдан ж.б.у.с. баатырлардын аттары тарыхта калган болсо сиздин атыныз дагы жазылып калсын сизге ийгилик.Чуйдон коруп жатабыз.

МаксАргынбайев
Автор

Ноокаттын жолунда жер толуп жатат мурзоого

РайканСакабаева
Автор

Жениш Ата Сизге чон рахмат Сиздей Уулду Торогон Апанызга Тазим Сиздей Инсанды тарбияалаганы учун Сиз Ото сонун иштерди кылып жатасыз мен ото кубанычтамын Рахмат чон

ГулнараНуриддинова-эй
Автор

Кабрдагы соок 20 25 30 жылда чирибейтко жок дегенде жабылгандан кийин50 жылда сооктору чирип жоголбойт экен муундарынан болунуп башы жаактын соогу буту колу болок болок болуп калат экен бирок соогу биротоло жоголбойт экен мен озум коргонмун мен азыр 74 то жашым мен мектепте окуучу элем жаныбызда ото чон мурзо бар мурзонун усту жагында бош таштак жерге кореистер пияз эгишкен алардын пайнап суусу мурзонун бир жак капталын жеп ойуп бир куну эрте менен карасак биздин огородторго бут мурзодон аккан сооктор агып кириптир мен 7 8 класта окуган кыз элем атам да отуп кеткен эле мен ыйлап журуп бешилик менен баарын ачылып калган горго ташыганмын ошол учун айтканым Ош

watermellon-gb
Автор

Ош карысы жакшы сүйлөдү рахмат Алла ыраазы болсун

Akylmyrza-kz
Автор

Көрүстөнгө тийишбейт, жаңы маркумдар сыртка көмүлсүн, токтотулсун жылдар өтүш керек, бул мүрзөлөр 25, 30 жылдан кийин иштеткенге мечит, бак дегендей, түшүнбөй жаза бербегилечи

Raya-kotn
Автор

Кудай туура жолдон адаштырбасын Мээрибизди

МируМир-жх
Автор

АссаломуАлайкум Ва Рохматуллох Ва Баракатуху! Молдо Ака жакшы сулодыз.

Мухаммад-.н
Автор

Корустондо жаткандарга тийишбегиле алардын жайларына тийишбегиле
Арбактар жон койбойт андайларга барбагыла
Жаны олгондорду ошол башка Жака койо бергиле
Бирок эски корустанды тегерегин тосуп койгула
Ал жерге башка нерсе курсанар дагы жакшылык алып келбейт . Андай иш менен ойношбугула

АрзигулСагынбаева
Автор

Урмату мер силер тратуварды кенербегиле машине жургон асфалт жолду кенертиш керек

SHERZODBEKKHAMRAKULOV-vi
Автор

Курулуп эле журот союз убагынан бери болницалар курулган жери бар ал жерде акыркы адам коюлгандан кийин 50 жыл деп койчу

МобиСалон-гч
Автор

Как это так, зачем закрывать кладбищи грода, пусть город растёт в ширину, и не только в высоту, на этих кладбищах наши предки, родители, близкие похоронены, думаю судьбу городских кладбищь должны решать жители города. Нужно територию города разширять не за счёт кладбищь, а за счёт наружных пустых земель. Но мэр отлично работает, нужно зделать опрос населения города по поводу кладбищей...

МусаАбдуллаев-уп
Автор

Мы должны подчиняться закону. Через 100 лет нас вами не будет, кто читает мой комментарии. Так что не заморачивайтесь, что будет нашими костями. Живите этой жизнью, делайте больше добро, садака, читайте намаз и наши с вами души в той жизни должны успокоится. Согласны?.

AzizSarbashev
Автор

А не легче ли будет что то построить на этих новых териториях чем тревожить всех и живых и мёртвых мечети сносим это понятно сегодня было землетрясение в 5 баллов было очень страшно.

ШвлвьвьаьаДвдяьчььч
Автор

Аллахтан коррккула корустонду кантип кочуросун,

shuhratshermatov