filmov
tv
Премьер Боронов: Ички иштер органдарына болгон элдик ишеним 2,7 эсеге көтөрүлдү
Показать описание
Кечээ күнкү брифинг учурунда премьер-министр Кубатбек Боронов ковид оорусу менен күрөшүүдөгү өкмөттүн аракеттери жана коронавирустун айынан Кыргызстанда борбордук жана жергиликтүү түзүлүштөрдү санариптештирүү иштери алдыга жылганы тууралуу баяндап жатып, акыркы мезгилде калктын бийликке болгон ишеними бир кыйла жогорулаганына дагы токтолду.
«Улуттук статистика комитети тарабынан дайыма чыгырылып туруучу калктын ишеним индексинин көрсөткүчүнө караганда, 2020-жылдын ичинде 3 органга болгон элдин ишеними жогорулады. Бул – ички иштер органдарына болгон элдин ишеними өткөн жылы 15,1 баллга туура келе турган болсо, быйыл – 40,8 баллга жетти. Саламаттык сактоо органдарына өткөн жылы 17 балл берилген болсо, быйыл – 36,7 баллга жогорулады, айыл чарбасындагы органдарга өткөн жылы 24,9 балл берилсе, быйыл элдин ишеничи 33,5 баллга чыкты», – деди кечээ күнү премьер-министр Кубатбек Боронов.
Бирок эмне себептен Статкомитеттин эсеби боюнча, айрым өкмөттүк уюмдарга болгон ишеним 170 пайызга жогорулаганы түшүнүксүз. Статкомдун сайтында – эл ишенимин аныктоо методологиясын Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институт иштеп чыккан деп айтылат, ал ыкмалар КМШнын мамлекет аралык статистика комитетинин эрежелерине негизделген жана аны Кыргыз статкомунун коллегиясы бекиткен.
Андан тышкары, калктын бийликке болгон ишенимин өлчөөдө сурамжылоо дагы колдонулат деп айтылат, бирок эмне үчүн акыр-аягында сурамжылоого катышкандардын тиги же бул пайызы деген көрсөткүчтүн ордуна баллдар пайда болгону чечмеленбейт. Статком кайсы бир жергиликтүү адамдарга же башкаларга суроо камтылган кандайдыр бир анкеталарды таратып жана беркилер бийлик түзүмдөргө баа койгон сыяктуу.
Эл арасында сурамжылоо жүргүзгөндө, суралган адамдар кокусунан тандалгандар болуш керек, маселеде кызыкчылыгы барлар суралбоого тийиш. Экинчиден, жалпы калктын, мисалга, 30 пайызы айыл жергесинде жашаса, суралган бир миң адамдын арасында айылдыктардын саны сөзсүз 300 болууга тийиш, өлкөдөгү студенттердин саны 2 пайыз болсо, суралган миң адамдын жыйырмасы студент болуш керек.
Бирок азыр кайсы болбосун маалымат агкенттиги же деги эле кайсы болбосун интернет-сайт өз алдынча да сурамжылоо жүргүзө алат. Алардын сурамжылоосуна катышкандардын, мисал үчүн, 70 пайызы тиги же бул министрди жакшы же жаман көргөнү – бүткүл элдин 70 пайызы дагы ошондой пикирде дегенди билдирбейт. Мүмкүн, ал сайттын окуучуларынын баары – студенттер, министр болсо алардын стипендиясын көтөрбөй жатат. Же тескерисинче.
Кыргыз статкомитети акыркы мезгилде жалпы элдик сурамжылоо өткөргөнү тууралуу кабарланган эмес, тек гана анын сайтында улам жаңы жадыбалдар пайда болот, аларда – жалпы өкмөткө же анын ар башка министрликтери менен мекемелерине эл канчалык ишенгени тууралуу сандар жазылат жана ошол баллдар индекс болуп эсептелинет. Ал баллдарды кантип чыгаруунун методикасы болуш керек, бирок биз аны сайттан таппай койдук.
Сентябрдын башында дагы бир сурамжылоонун жыйынтыктары жарыяланды. Аны америкалык Республикалык институттун тапшырмасы менен SIAR Research and Consulting деген компания жүргүзгөн жана ишти америкалык ЮСАИД агенттиги каржылаган. Алар бардыгы болуп 1223 адамды сураган, алардын 75 пайызы – ушундай сурамжылоого мурда катышкандар, калган 25 пайызы болсо кайсы бир тизмеден кокус тандап алынган.
Суроо узатылган 1223 адмдын 47 гана пайызы жооп берген, бирок эң кызыгы – Кыргызстанда азыр эң белгилүү саясий партия деп КСДП аталган. Сурамжылоо августта өткөрүлгөн, бирок июлдун башында эле – күздөгү шайлоого 44 партия катышаар ниетин билдирген, сурамжылоонун жыйынтыгы болсо – шайлоо өнөктүгү так башталган күндөргө туура келген. Мындай сурамжылоо эмне себептен жана ким үчүн уюштурулат?
«Алардын мүмкүнчүлүктөрү бир топ – техникалык дагы, уюштуруу же технологиялык да, каржылоо мүмкүнчүлүгү дагы. Ким заказ кылганын жана чыныгы утуш кимге таандык болоорун дагы унутпаш керек. Негизги максат, менин оюмча, шайлоочуларга, саясий партияларга жана деги эле коомго объективдүү маалымат берүү эмес, тескерисинче, октябрдагы шайлоо таза, адилет жана калыс болоорунан күмөн санатуу. 5-октябрда шайлоонун корутундусу чагарылганда – жыйынтык мындай болду, биздин сурамжылоо болсо такыр башканы көрсөткөн деп айтыш үчүн», – деген пикирде коопсуздук маселелери боюнча эксперт Таалайбек Джумадылов.
Статкомдун акыркы баалары эмне үчүн чыкканын болсо түшүнсө болот – аброю түшүп кеткен өкмөттү мактап коюш керек.
#Кеп_ошондо #Бешинчи_канал