АЙТУРГАН ЭРМЕКОВА - Балама - Кыргызча караоке тексти менен

preview_player
Показать описание
🎵 Эсенбек Мааданбековдун "Балама" ырын биз менен чогуу караоке ырдаңыз. Айтурган Эрмекованын аткаруусундагы варианты тексти менен.

🎼 Кыргызча караоке издесеңиз, биздин каналга катталыныз 👌. Күн сайын жаңы ыр караоке форматында чыгып турат.

🎶 Кыргыз ырлары караокеге 2 түрдө киргизилген:
✔ сиз сүйгөн ырчынын аткаруусунда (ыр жаттоого жеңил болуу үчүн, ырчы менен чогуу ырдап, обонду кырааты менен ырдаганды үйрөнөсүз), мындай клиптер “караоке” деп белгиленген;
✔ жалаң ырдын обону, ырчынын үнү жок варианты, же минусовка (өзүңүз музыканын коштоосунда ырдаганга), мындай клиптер “караоке минус” деп жарыяланган.

🎥 Баардык клиптер тексттери менен берилген, обондун ыргагына жараша сапаттуу даярдалган караоке кыргызча ырлар.

🎵 “Ыркесе” каналына келип, сизге жаккан кыргыз обондорун уй бүлөңүздун ичинде, тууган-туушкандар менен, достор менен, жакшы санаалаштар менен чогуу ырдаңыз. Тойдо, шеринеде, туулган күндө ыркесе 🥣 уюштуруңуздар.

🎹 Биздин даярдаган караоке кыргызча ырларыбыз сизге жакса, лайк 👍 басып, досторуңуз менен бөлүшүңүз 🙋‍♂️, ошондо биздин каналга чоң салымыңызды кошкон болосуз! Каналга жазылууну унутпаңыз.

💬 Сизге жаккан кыргыз ырлары жок болсо, уялбастан комментарийде жазыңыз, колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.

Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!

❗ ЭСКЕРТҮҮ:
© Чыгарманын автордук укуктары анын мыйзамдуу менчик ээлерине тиешелүү. Биздин канал жөн гана чыгарманы калың элге караоке форматында жеткирүү максатында пайдаланат. Эгерде сиз ушул чыгарманын менчик ээси болуп, анын караоке форматында таркатылышын каалабасаңыз, биздин дарекке кайрылыңыз.

#ыркесе #кыргызча_караоке #АйтурганЭрмекова #Балама #yrkese
======================================================

"БАЛАМА"
Сөзү жана обону: Эсенбек Мааданбеков
Аткаруучу: Айтурган Эрмекова
---------------------
Көлөкөлөп көңүл ачарым,
Берекем деп жарпым жазарым.
Бал татыган балдыр тили бар,
Балам бактым, балам базарым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Балам бактым, балам базарым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Балам бактым, балам базарым.

Көңүл төтө кылган медерим,
Көзүмдөгү эки карегим.
Канттан таттуу, гүлдөн жыты артык,
Кандан чыккан асыл данегим.
Алдей ай, бөпөм ай,
Кагылайын орун басарым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Кагылайын орун басарым.

Самаганда жетер кулачым,
Сагынганда жыттаар кубатым.
Башкаларга эч бир алмашпас,
Бар байлыгым, мүлкүм, мурасым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Бар байлыгым, мүлкүм, мурасым.
Алдей ай, бөпөм ай,
Балам бактым, балам базарым.
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

"БАЛАМА" – тексти менен караоке кыргызча.

Ыр жактыбы? 👍 Лайк басып, досторуңуз менен бөлүшүп коюңуз!


💬 Кийинкиде кайсы ырдын караокеси чыгуусун каалайсыз?

✍ Комментарий калтырып, сунуш бериңиз! Колдон келишинче сунушуңузду аткарууга аракет кылабыз.

Сиздерди терен урматтоо менен 🥣Ыркесе🎵 каналы!
♫ ♫ ♫ ♫ ♫ Ырдайлы, достор, ырдайлы! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫

Yrkese
Автор

Спасибо АЙТУРГАН. Счастья ВАМ и семейных благ.🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺🌺

МирзалиМамиркулов
Автор

Эн сонун ыр бала уктатарда ырдап берем

НаргизаДжумабекова-щж
Автор

Бала деген башкача экен балалуу болгондо билет экенсиң

ЭлизаДжаманкулова-гю
Автор

Саламатсыздарбы! Айтурган Эрмекованын балалыгым аттуу ырын да караоке минус кылып чыгарып бере аласыщдарбы, сураныч☺

СыйнагульБекишова
Автор

Саламатсызбы. Минус кылып чыгарып бериниздерчи. Күтөбүз. Ишиңиздерге ийгилик каалайм 💐

meerima-
Автор

Караоке деп созун обонун эле чыгарып койсонор отунуч, а так жакшы ырдагансынар ❤

СалтанатЖунусалиева
Автор

Авторун, текст кимдики жазып койсонор Айтурган аткаруучубу?

jumabaimamatov
Автор

Ушул эле ырдын уну жок эле чыгарып койсонор жакшы болот эле, ырчы кыздын унун чыгабай

altynmuljumabekova
Автор

Караоке эле болгонун таппай атам го созу эле болгон .Жиберип койгулачы сураныч

meerimumurhodyjoyeva
Автор

Озунор обон чыгарып врдаганга аракет кылгыла. Сенин каплдыраган унун жарашпайт апсебиздин Гулмайрамдвн ункно

Нуралы-гх
Автор

Колунан кедлбейби ырдаба . Саган жарашпайт экен

Нуралы-гх
visit shbcf.ru