Рита Карасартова: 'Коррупцияга каршы күрөш реалдуу болуш керек'

preview_player
Показать описание
Бүгүн, 3-июнда Бишкекте, Ак үйдүн алдында укук коргоочулар "Коррупцияга каршы күрөш реалдуу болсун" деген талап менен митинг өткөрүп жатышат.
"Бишкекте өтө турган саммитке байланыштуу 20-июнга чейин борбордук аянтта митинг өткөрүүгө тыюу салынган экен. Бизге ал тууралу кечээ билдиришти. Бирок, биздин чакырыкты угуп келип алгандар камалып кетпесин деп биз атайын чыктык. Андан сырткары биз Президентке бүгүн өз кайрылуубузду тапшырабыз. Анда 4 маселе камтылган: Биринчиден, коррупцияга каршы күрөш системдүү болушу керек. АКС кызматын УКМКдан чыгарып кетиш керек. Анткени УКМК жабык орган, коррупция менен күрөш жабык органда эмес, ачык-айкын өтүш керек. Экинчиден, 2016-жылы УКМКга тергөөнү да берип койгон. Бул туура эмес, тергөөнү да УКМКадан алыш керек, антпесе бийликтин тең салмактуулугун, балансын бузат. Тергөөнү чыгарып, атайын Тергөө комитетин түзүш керек. УКМК чалгын жана контрчалгын менен гана иштеш керек. Үчүнчүдөн, чуулгандуу коррупциялык иштерди ачык-айкын тергеп-соттош керек. Төртүнчүсү - биз президентти жарандык сектор, журналисттер менен жолугушуусун кайра улантуусун талап кылабыз", - деди укук коргоочу Рита Карасартова.
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Туура айтасыз баардык жерде ушундай иштер болуп жатат. Биздин мамлекетте баардык органдар жаап жашырып жатышат. Ушундай кызматкерлерди чекеден камаса ошондо ишенсек болот. Жабып жашырган тергоочулорду жетекчилерин тергоочулорун кошуп камабаса эч качан карупция жойулбайт

МаксатбекБердикулов
Автор

Рита эже тергоону кайра прокуратурага откоруп бериш керек. Прокуратурада тергоо болбосо алсыз боюнча калаберет. Мисалга Жалал Абад областында фин пол ГКНБ жетишпей калып милитцияга откоруп алар дагы жетишпей калды тергоого. Карупция менен курошу журбой эле жатат.

МаксатбекБердикулов
Автор

Туптур ошлол желмогуэдар жеп ичкендер качан жоголот

asawasawasawasaw