Сиздин да багыңыз барбы?..

preview_player
Показать описание
Ассаламу алейкум!
Замандын шары менен жигулиден- мерс- тайота машиналарына өттүк!Эртели кеч көчөттөрдүн ыргаалдуу коммерциялык сортторуна өтөбүз.
Урматтуу мекендештер!
"Бир адам-бир көчөт" акциясын айылыбыз үчүн быйыл да баштадык . Өзүңүздүн үйгө ыргаалдуу багбанчылыктын бир көчөтүн отургузуп, акцияны колдоп бериңиз!
Анткени, биз качан гана , өз көзүбүз менен көрүп, үзүп алып жегенде гана жашыл бизнести кура баштайбыз!Ошондо тигебиз!Замандын тездеп калганына карабай, өзүбүздүн эле эски көчөттөрдү алып тигип жатабыз.Европа супер карликке өтүп кеткенине карабай,биз жарым жапыз көчөттөргө өтө албай келебиз. Келиңиз!
Кыргыз Жерин бүтүндөй "жашыл фабрикага" айландыралы туугандар!.
Мөмөлүү бактар рентабелдүүлүгү жогору болгон өндүрүш.
Коркпой инвестиция жасай бериңиз мекендешим.
Айылдагы ар бир үй-бүлөнүн туруктуу киреше булагын түптөйлү туугандар.
Ички сырткы миграцияны тизгиндейли! Көптөгөн үй-бүлөлөрдүн мигранттарыбыздын балдарынын тагдырын жөнгө салалы.
"Бак өстүрүү каналы" бак тигүүнү сунуштайт :
Бак кылууга ыңгайлуу жер табыңыз.Жер-шартын ,климатына көңүл буруңуз."Эмне өндүрөм?, Кайда сатам?" деген суроого жооп табыңыз.Бак кылуу үчүн сөзсүз жерди короолоп тосуңуз.Суу көйгөйүн чечиниз.Беш жыл дээрлик киреше , кеткен чыгашаны жаба койбойт.Ага даяр болуңуз.
1. Сөзсүз сапаттуу көчөт тандап отургузуңуз;
2. Сөзсүз тамчы сугат системасын орнотуңуз;
3. Бактын айланасын сөзсүз коен жана келемиш, жылкы, бодо жана майда мал кире албагыдай кылып майда көздүү шарнир сетка менен тосуңуз;
4. Жерди күзүндө узун-туурасынан терең айдап, борпоң кылып, кыктап даярдаңыз;(Бербей туруп ала албайсыз).
5. Сөзсүз курстарга катышып, бутоонун ыкмаларын, бакты кароонун алтын эрежелерин үйрөнүп, өзүңүздү интеллектуалдык агробизнеске даярдаңыз;
6. "Жашыл фабрика" - кадимкидей ишкана. Эрте менен саат 6.00 дөн кечки саат 21.00 чейин иштегенге көңүлдөнүп жалкоолукту унутуңуз!
6. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн иш менен камсыз кыласыз.Балдар кара ишке бышып чоңоёт.
Бак чоңойгончо ,бактын арасына кара эгин-тигин айдоого болот.(Ошентип киреше кылып турса болот)
Азыр техниканын өнүккөн заманы!Каалоо болсо бардык жерге суу чыгарса болот.(1т суу 1сомдон-3сомго чейин чыгат).Кореянын бактуу тоолорун көрүп тамшанабыз!Өзүбүздүкүн иштетпей көр тутабыз!Кылымдардан бери кысыр жаткан тоо этектерин өздөштүрүп, жаңы, татыктуу жашоого кадам таштоого болот.
Шаардан, булганч фреондон, стресстен, машина тыгынынан тоону көздөй качкыла!Тоодо малын багып,багын тигип,кымыз ичип,курсак кашып жаткыла!
"Жакшыдан бак калат, жамандан так калат"-деген кыргыз.
Бул биздин келечектеги чоң мүмкүнчүлүктөр!
Таянаар күч жаштар силерсиңер! Өзүңө-өзүн бел бол!
Мындан ары да келчү кризистен алып чыкчу силерсиңер!
Кыргызстан дагы 20 жылдан кийин биз кандай болсок ,ошондой болот.
"Жаздын бир күнү -жылга тете".Чырпык сайып кала турганга жетишип кал!Тур, телефон чукубай, мээнет кыл.
Дитиңердин баарын өндүрүшкө койгула!
Күжүрмөн калкым,буюрса бизди эмгек гана алдыга чыгарат.

Бак өстүрүү Кыргызстан каналы...
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Иии кандай сонун
Озунчо бир рахат бактын ичинде тамактануу
Иш илгери байке

chahrasopoloeva
Автор

Баракелде 👍👍👍
Талаанын тамагы кандай гана даамдуу!!!

Goodboy-bhvt
Автор

Тамагыңар таттуу болсун багбандар. Талаада отуруп тамактанган кандай маззза А?

Denmark
Автор

Тушунбодум бул видеого аш жакшы болуптурбу кандай?🤔

baxaulukbekov
Автор

таланын тамагы ширинда мендеда бак бар

ЖайлообайНыязов-ое
Автор

Жалан эле алма, алмадан башка нерсе да тиккиле

ЦумБ-вй