filmov
tv
Чаткалда 2 кишини, бульдозерди кар көчкү басып калды

Показать описание
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка жолунун 93-94-чакырымында кар көчкү түшүп, жолду тазалап жаткан бульдозерди жана андагы эки механизатор кызматкерди басып калды. Ал жерде жүргөн 10 чакты киши жумушчуларды 10 мүнөткө жеткирбей кар күрткүсүнөн чыгарып алышкан. Бул тууралуу маалыматты райондогу №27 жол тейлөө мекемесинин башкы инженери Талант Субаналиев дагы тастыктады.