Май айы махабатым (remix) - Сыймык Бейшекеев

preview_player
Показать описание
#сыймыкбейшекеев #майайымахабатым #жанырыр2022 #ремикс #кыргызчаырлар #хитырлар #элмирбексыймык

Сөзү, Элмирбек Иманалиев
Обону, Сыймык Бейшекеев

Көк шибер жашыл көктөм,
Көнөктөп жамгыр төккөн.
Жадырап май айындай,
Жашарып көңүл өскөн.
Сезимдин айы ушул,
Сен күткөн, мен да күткөн.

Кайырма:
Май айы-махабатым,
Маңдайга жазган бактым.
Өзүңдөн таткым келет,
Өмүрдүн ыракатын,
Май айы-менин бактым.

Сулуусу он эки айдын,
Сурайлы сырын майдын.
Ачылып гүлдөй өмүр,
Арылат капа-кайгың.
Жашайлы ырга айлантып,
Жаштыктын жашыл айылын.

Кайырма:
Май айы-махабатым,
Маңдайга жазган бактым.
Өзүңдөн өмүр улап,
Өзүңдөн сүйүү таптым,
Май айы -махабатым.

Жаштыкты коштоп турган,
Жазга мен окшоп турам.
Жамалы-жашың ыраң,
Жакшы ойду козгоп турган.
Мезгилдин перзентине,
Мен сени окшоштурам.

Кайырма:
Май айы-махабатым,
Маңдайга жазган бактым.
Сүрөп бар сан жылдарга,
Сүйүүсүн ар бир жаштын.
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Ээх менин балалыгым жана силердин балалыгыңар👍👍👍👍🔥🔥май айында тапкан махабатым

АзимКудайбергенов-ьф
Автор

Керемет чыгарма, кайталангыс обон, уккан сайын уккун келип, алыста калган жаштыкты эске салып турат. Сонун чыгарма кылымдан кылымдарга ырдала турган .Мен суйгон ыр айы ийгиликтерди каалаймын сага Сыймык !!!


!!!





..

ГулайБекмурзаева-лу
Автор

Сыймык байке ден соолукта болуңуз, чыгармачылык ийгилик

АлтынбекКалмурзаев-ъм
Автор

Сыймыкаке
Чонырахиат
Денсоолуктвболунуз
Оорубаныз
Копжашаныз

my_favorite
Автор

жаш кезекте ушул ырларды укчу элек, Сыймык байке менен Бек байкемдин махаттары тугонбойт омуру😄кантсе да озумдун жердештерим Токтогулдук байкелерим,

anarakg
Автор

Бул ырды угуп чонойдукго чиркин керемет чыгарма👍👍👍👍👍👍

НазгулТурсунбекова-фш
Автор

....сезимдин айы ушул, сен куткон мен да куткон
МАЙ АЙЫ-МАХАБАТЫМ...

mirgulzhunusalieva
Автор

Керемет чыгарма болуптур . Чыгармачылык ийгилик каалайм.Унунузго сөз жок🔥🔥🔥💃💃💃💃😘😘😘😘🥳🥳🥳

НурайТамгаева
Автор

Сыймык байке мен Турцияда жашайиын Кыргызстанды сагынганда сиздин ырларынызды угуп саганычым таткатып алам

zarakudaybergenova
Автор

Ушул ырды сүйүнчү радиосунан угуп, жакшы жан киргизиптир деп койдум
Эми MP3 варианты керек болуп атат
Сонун ырдаптыр

РеалМадрид-ье
Автор

Сонун ырдайт Сыймык байке..ийгилик каалайбыз

aisuluumavlianova
Автор

Баракелде.чыгармачылык ийгилик, эки дүйнө бактылуулук каалайм.жаштыкты эске салган сонун ырды сонун ырдаган.

ЗульфияБабаева-шв
Автор

Ушул ырды уксам жолдошум экобуздун соонун кундорубуз откон май айы ал бейиште суйубуз бир башкача эле экобуздун коз карашыбыздан гана билип турчук ал адамды аябай сагындым😢

АэлитаТаштанбекова
Автор

Сыймык сонун чыгарма 👍Чыгармачылыгына ийгилик…Ден соолук каалайм…Коп коп чыгармаларды кутобуз…Биз сиз менен сыймыктанабыз…Баардык ырларын жанга жагымдуу…👏😍💐

ШайымЖумабекова
Автор

Сыймык Байкени ырлары керемет ушул ырлар менен чонойтуко

Мунар-ие
Автор

Чыгармачылык ийгилик бар болунуз суйуу закымы деген ырынызды жуктоп койунузчу

baiyshabdirayimov
Автор

Май айы махабатым.
Мандайга жазган бактым.

kamileromashka
Автор

Сыймык аке, Нуриза эже менен ырдаганды жуктосонуз .

АзаматЖумагулов-уц
Автор

Сыймык Бейшекеев ага мени Фейсбуктан эмнеге блоктоп салдыңыз

МекенимКыргызстан-лн
welcome to shbcf.ru