filmov
tv
Жалал-Абад: 24 үйгө компенсация төлөнөт

Показать описание
Жалал-Абад шаарынын Михаил Бабкин көчөсүн кеңейтүү иши жүрүп жатат. Анын алкагында курулуштары буздурулган 24 турак жайга жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнөт. Учурда компенсациясы берилген 12 үйдүн курулушу буздурулуп, ушул тапта тазалоо иштери жүрүп жатат.
Узундугу бир чакырымды түзгөн Михаил Бабкин көчөсү кеңейтилген соң жаңыдан асфальт төшөлүп, көчөнүн эки тарабына тротуар курулуп, темир-бетон арык куурлары жаткырылат.
Аталган көчөнү реконструкциялоо Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен каржыланууда.
Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарында жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.

Комментарии