Биз тобу ⭐- Аппагым (аудио) // #Kyrgyz Music

preview_player
Показать описание
Сөзү : Бактияр Токторовдуку
Обону : Бактияр Токторовдуку

Адыр-адыр тоолордо жүргөндүгүм, аа,
Акылымдан адашып сүйгөндүгүм, аа.
Сезимдердин сезилер назик кылдары,
Ошол адыр тоолордун ак гүлүндөй, аа.

Кайырма:
Аппагым, ай, аппагым, аппагым менин,
Айлап, жылдап, кылымдап тапканым менин.
Алтынга да, айга да, күнгө да эми,
Алмаштыра албаймын, аппагым сени.

Бийик-бийик тоолордо жүргөндүгүм, аа,
Бийиктигин талашып сүйгөндүгүм, аа.
Ойлогонум, ойлорум, күлүк ойлорум,
Ошол бийик тоолордун ак карындай, аа.

Кайырма:

Махабаттын ак жолун баштаганым, аа,
Кадамдарым алыска таштаганым, аа.
Калем-калем кашыңды, чийме кашыңды,
Чыбыгына чырмалып калгандыгым, аа.

Кайырма:

Мокок болуп далайга жүргөндүгүм, аа,
Мончок, кара көзүңдү сүйгөндүгүм, аа.
Мажүрүм тал көлөкөлөп кылымдар аккан, эй,
Ак тилегим Ак-Бууранын тилегиндей аа.

Кайырма:
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

2001 жылы 10 жылдык юбилейибизде 2 сутка бийлегенибиз эстен чыкпайтко чиркин

ДимаБИЛАН-ьх
Автор

2005 2003чу жылдары дискотекада оллло бийлейт елек суткондо 3кочодо садыр аканин музыкальный сентринде иииии

КанатМадымаев-эн
visit shbcf.ru