Асанкалый Керимбаев Сендей мага

preview_player
Показать описание
Асанкалый Керимбаев
"Сендей мага"

Сөзү : Анатай Өмүркановдуку
Обону : Асанкалый Керимбаевдики

Дарак билип жазда бүчүр байлаарын,
Күздө түшкөн жалбырагын сагынбайт.
Сенден сулуу болсо дагы алганым,
Сендей мага бул дүйнөдө табылбайт.

Көлгө жетпей суулар соолуп акпаса,
Жарга жетпей жигит жалгыз жатпаса.
Кайсы кызга кадалбасын карегим,
Баары бөлөк, баары сенден башкача.

Кимден калган табигатка таарыныч,
Кимден калган үйлөнүүлөр жаңылыш.
Жүрөктү өрттөп коштоп жүрүп отурат,
Өзүмдөгү сага деген сагыныч.

Дарак билип жазда бүчүр байлаарын,
Күздө түшкөн жалбырагын сагынбайт.
Сенден сулуу болсо дагы алганым,
Сендей мага бул дүйнөдө табылбайт.
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Қырғыз халқынын өте талантту композиторы дауысы да керемет ел есінде мəңгіге жасайт жатқан жері жайлы топырағы торқа болсын

РысханАйтбаева-кт
Автор

жыл өткөн сайын жашың өткөн сайын бул биздин эски ырлар эң жакшы ыр экенин билип баштайт экензиң

taitorukarager
Автор

Барган сайын эски ырларды угуп баштайь экенсин
Мааниси ото терен уккулуктуу ырлар

НурайкаСооронбаева
Автор

Жаныңызды жаннаттан берсин Кудайым. Ырларыңыз кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

ЭлдарАлмасканов
Автор

Дарак билип жазда бүчүр байлаарын,
Күздө түшкөн жалбырагын сагынбайт.
Сенден сулуу болсо дагы алганым,
Сендей мага бул дүйнөдө табылбайт.

Көлгө жетпей суулар соолуп акпаса,
Жарга жетпей жигит жалгыз жатпаса.
Кайсы кызга кадалбасын карегим,
Баары бөлөк, баары сенден башкача.

Кимден калган табигатка таарыныч,
Кимден калган үйлөнүүлөр жаңылыш.
Жүрөктү өрттөп коштоп жүрүп отурат,
Өзүмдөгү сага деген сагыныч.

ulanchargymbaev
Автор

Его музыка это крик души. Забытый творец прекрасной Кыргызской классики! Его музыка вдохновляет и передаёт все его эмоции. В ней любовь и грусть.

knowing
Автор

Саламатсыздарбы! Мен такыр укчу эмесмин эски ырларды, себеби маани берип түшүнчү эмесмин, азыр сыймыктанам кыргыз болгонума, жалаң эски ырлар менен эс алам, угам

СТАЛЬНОЙЛЕОПАРД
Автор

Асанкалый агабыздын үнү эч качан өчпөйт чыны талант 💯 жолу уксанда эч тажабай угасың рахат аласың жаткан жери жайлуу болсун.

ГулнараТайлякова
Автор

Супер, бул ырларга азыркы ырлардын бири да тен келе албайт

ГулсаратТурусбекова
Автор

ЭН сонун ыр! Автор озу да журоктон журокко жеткирип ырдаган👍

ОыовТыо
Автор

Кыргыздын мыкты ырчысы диапазону аяабай куштуу ырлардын бири 🎉

ИсламШакиров-ты
Автор

Маашаллах, унуно береке. Мындай ырчылар дагы болот бекен. Дизлайк баскандардын колу сынсын. Ырдын маанисин билишпейт.

РысбекТоктосунов-шф
Автор

Кайсыл кызга кадалбасын карегим бары болок бары сенден башкача!😓

veranikabakirova
Автор

Келтире албасак да, Асанкалый абанын ырларын ырдап журуп чонойдук.Асанкалый абанын ырларын эч ким озундой ырдай албайт!

shekerbekaliev
Автор

Дизлайк баскандар Кыргыз эмес ко, чыныгы Кыргыз мындай ырга баспайт болчу

ZORRO-qiiu
Автор

Бала кезекте апам “Арноо концерт” көрүп жатканда жиним келип, кыргыздын ырларын жаман көрүп телевизордун антеннасын тескери буруп, футбол көрөт элем дечү элем. Кийин 2005 жылы, 17 жашымда Москвага келип бүт кыргызчага аябагандай куса болуп жүрдүм. Ал кезде телефон деген жок, болсо да музыкасы жок. Москвада кыргыз да аз, ар кошкон улут менен жашап-иштеп жүрдүм. Кийин кыргыздар жашаган үйгө көчүп бардык эжекем экөөбүз. Мен түнү иштеп, күндүз уктачу элем. Ошентип уктап жаткам, бир маалда ойгонуп кеттим, карасам үйдөгүлөр двд ден кыргызча ырларды угуп жатышыптыр, башымды жууркандан чыгарганга үлгүргөн жокмун, жүрөк кысылып, өпкөм көөп оозума келип солкулдап ыйлап ыйлап жибердим. Ыйлап жатып бир канча ыр уктум. Өзү ыйлак жаным, бир жаздыкты былчылдаттым. Ата -энемди сагыгып антип да ыйлаган эмес элем. Ошол күндөн тартып Мекенимди, ата-энемди барктап, сыйлай баштадым. Элибиздин эски ырларын уксам алигиче жүрөк козголуп, денем бүдүрөйөт. Кыргыздын Залкар композитор, акын-жазуучу, ырчыларына таазим..

aikolchui
Автор

Дизлайк баскандар айбандар!

Шедевр, великолепип голоса, и смысл песни так задевает душу. Уж сколько лет уже проживаю в России, меня в моих краях не было ьольше 20лет. Так скучаю по нашим землям, по нашим горам. Слушаю наши песни плачу, слезы сами текут. Скучаю, мой любимый Кыргыстан. Какие прекрасные песни, мы по радио в молодости ждали с нетерпением и слушали. Керимбаева, Абдыкадырова и Жолдошова. Великие поэты, Вечная память!!!

Evgenij-uw
Автор

Кандай гана керемет ыр рахмат Асанкалый агай, сиз легендасыз жаткан жериниз жайлуу болсун Аллахым бейиштен орун берсин

РазведчикКузнецов-зп
Автор

Мурдагы ырчылар фонограммасы жок эле кандай сонун ырдашкан! Ырдын сөзү да, обону да эң жакшы 👍

baktygul.isabekova
Автор

Жаткан жери жайлуу болсун топурагы алтын болсун бул ырларды МЕНДА ырдап калын журтка ЖЕТКИРИП жургом.

АбдихалилАмираев-сщ
join shbcf.ru