SHXMDUK - Арман [Official music]

preview_player
Показать описание
Если вам нравится то, что я делаю вы всегда можете меня поддержать здесь🫂

Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Ааламда теңдеши жок асылым алтын апам,
Жашоомо жарык берген жалгызым жаным апам.
Жан тартып дайым мага жанымда жалгыз гана,
Жароокер апакебай, бул ырым жалгыз сага.
Тамчыдай сүтүн берип талыкпай баккан апам,
Алыста жүрсө дагы балам деп шашкан апам.
Агарган ар бир чачың, биз үчүн аккан жашың,
Ааламды сактайт тура энелик ыйык атың.
Эр жетип мына эми турабыз алдыңызда,
Эркелеп жетеличи, апакебай, баркыңызга.
Түшкөрсөм түштү оңунан жоруган алтын апам
Түгөнгүс түйшүктөрдөн коруган алтын апам.
Үч бөлүп түн уйкусун уктабай мени карап
Онтосом, чогуу онтоп, ооруган алтын апам.
Канчалык кыйналсам да баарына түткөн апам,
Кайрылып үйгө келбей кечигип калганымда,
Санааркап жолду карап, сагынып күткөн апам.
Жарык нур тийип көктөн, мээримиң чексиз төккөн,
Мөмөлүү дарак сымал жемишин жазбай токкон
Апакем жаркыраган жаздагы жашыл көктөм.
Көргөндө ак чачыңды, көзүмө жаш аламын,
Бой жетип чоңойсом да өзүңө мен жаш баламын
Кем кылбай эч бир жандан, чоңойткон апакемдин,
Актайм деп мен ак сүтүн бүт ааламга жар саламын. Талыкпас эмгенине, ак сүтүн эмгениме,
Көрсөтүп туура жолду тарбия бергенине.
Баш ийип таазим этем түбөлүк апакеме,
Жаратып бул жашоого жарык нур бергенине.
Бактылуу жашоо берсе мөмөлүү жемишинен,
Алысмын мен ар дайым кайгырып бир кейишинен.
Тилеймин Жараткандан жалынып мен күнүгө,
Берсе деп апакеме акыреттик бейишине

АрнатМусаев-ьж
Автор

айтчы мага жанм ай, каякта эле жүрөсүң
сени унута албайм, сен дайыма жүрөктөсүң
кайра-кайра шашып сага, досторумду унуттум
жаркыраган айдайсын ай, сенсин менин булуттум

кайра кайра бир эстеймин, сен болдун менин геп
Бир таштаймын, кайра кечирим сурайсын темселеп
жинине тийемин, бирок сенден кете албайм
экообуз бирге болгонубузду чын жүрөктөн каалайм

асмандагы жылдыздар, сени эстетип жүрөт
мен кайра баягыдай, баңгизаттан чыкпай жүрөм
сени карагат көздөрүң үчүн, менин жүрөгүм күйөт
башкасын мен издебей, бир эле сени сүйөм
.

Mr.das
Автор

Колымнан келсе кайтарсамба деймын
Сол балалык кезды
Мама саган еркелеп кербезденгенди
Кездерды сагынамын
Где разбиты колени но не тронуто менын жалгыз гана сердцем
Мама мура балан
Кезинде талай марте адасып еди
Карангы тунекте жол таппай жургенде
Маган жол корсетти
Махабатыннын шексиздиги
Коздерин молдиреп турганын карап
ОМирдын киындыктарына менын кулким келды

iazapishu_na
visit shbcf.ru