Жаңылыктар | 05.08.2024 | Мээрим менен Жоламан мелдешке чыгат. Алгачкы атаандаштары кимдер?

preview_player
Показать описание
Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги мигранттар Орусияда кыйла жеңилдиктер менен жүргөнүн билдирип, алар мыйзамды бузбаса эле укуктары бузулбайт деп белгиледи. Орусияда миграция мыйзамдары улам катаалдашып, кезектеги мыйзамдар топтому июлдун соңунда кабыл алынды.

Прокурор кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасын күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялап, 10 жылдан абакка кесүүнү сурады. Мая Алиевага "кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдоо" беренеси менен иш козголуп, ага катталган 13 мүлк боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында бүгүн Мээрим Жуманазарова менен Жоламан Шаршенбеков мелдешке чыгат. Жуманазарованын алгачкы атаандашы монголиялык Дэлгермаа Энхсайхан болсо, Шаршенбеков казакстандык балбан Айдос Султангали менен беттешет.

0:00 Анонс
0:57 ТИМ Орусиядагы мигранттардын абалы, миграция мыйзамдары тууралуу маалымат берди
7:15 Бангладештин өкмөт башчысы Шейх Хасина кызматтан кетти
9:56 Прокурор Көлбаевдин апасы Мая Алиеваны 10 жылдан абакка кесүүнү сурады
11:08 Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу рекорддук чекке жеткенин энергетика министрлиги билдирүүдө
12:21 Мээрим менен Жоламан мелдешке чыгат. Алгачкы атаандаштары кимдер?
16:12 Боксчу Мунарбек Сейитбек уулун өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасанов секундант катары коштоп чыгып жатат

#бүгүназаттыкта #жанылыктар #жоламан #мээрим
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Мээси айныган министр Кулубаев мигиранттардын абалын Сахаровдон келгендерден сурабайсыңбы кабинетте отуруп алып жалган айтбай.

gulzatismailova
Автор

Ага эч ким тийбейт, тийип эле жатат го, документы болсо деле

ЭльданаОрдобаева-ык
Автор

Министир алдады Мен Москвадамын докментке карабай кармап жатат оото кыйын болуп жатат биржа Бийлик ооз ачбай жатат

С.Эрнис
Автор

Алдаба мигранттарга кыйын эле болуп жатат, кармаган жерде акча алып жатат.

АйткулТокторова-жм
Автор

Кырзстандагы спортсмендерге ийгилик каалайм ❤🎉

КарачачАмиракулова
Автор

Ийгилик биздин спортчуларыбызга Алга
Кыргызстан.

АбдуллаОке
Автор

Аферистдер элди алдап жалганды суйлоп алдай береби. Мигрантдар документдерине карабай эле депорт болуп

Токтоо
Автор

ЖОЛОМАН ЖЕҢДИ💪🏻💪🏻💪🏻КЫРГЫЗСТАН АЛГАА🇰🇬🇰🇬🇰🇬

АймираАймира-гл
Автор

Биздин балдар, кыздарыбызга ийгилик, ак жолуңар ачылсын кудайым өзү колдосу

Nazira-wc
Автор

Тышкы иште минстири озу кыйналбаса билбейтта

марсбек-шм
Автор

Элчилик эч кандай иштеп жатканын корбойбуз.Айлык алып кабинете эле отурушат.

rayanasolpueva
Автор

Министр эч нерсени кормой билбей эле суйлоп жатасын клип корбойсунорбу биз Москва да иштейбиз жон жерден эле текшере берчуу болду эптеп акча сурайт

ДамираКурамаева-юи
Автор

Министр сиз биринчи мигрантар менен жолуксаныс анан билесиз

РахимТологонов
Автор

Чапанчанга доо кетсе көйнөкчөнгө доо кетет дегенди билбейт окшойт бул элчи мн тышкы иштер министри атаңа наалат десе

АлилетАттокуров
Автор

Документы карабай эле кармап атат Эдил мырза камап анан чыгарат

OzgonOzgon-nedf
Автор

Руслан акматбек ен тура сөздү сүйлөдүнүз байке 👍👍

МуханбеталиРасулбекуулу
Автор

Жатканга жаан жукпайт дегендей отуруп алып суйлойсунго жалжайып

AzamatMambetaliev-cx
Автор

Бул министр эч нерсени билбейт, жон эле суйлоп койду.

Аса-мт
Автор

Еаес ке карабай эле тегиз кармап жатышат.

АттокурРысбаев
Автор

Жоламан Меерим кыргыздын намын коргогондорсунар дагы эле коргойсунар силерге ден соолук ийгилик стлерге жылмайсын

ДамираКурамаева-юи