Билим Майнаев-жалкоого жумуш табылбайт! Бир кесиптин ээси бол...

preview_player
Показать описание
Жалкоого жумуш табылбайт!
Ар бир кесип ардактуу. Кесипти танда же жакырчылыкты танда.
Айтайын дегеним, өлкөбүздө эң азы 50% жумушсуз, туруктуу иш оруну жок. Анысы аз келгенсип, атайын окутулган, даярдыктан өткөн адистер жокко эсе. Майлуу сүттү жер эч качан бош калбайт дегендей, биз бир кесипти аркалап, бир жерде туруктуу иштебегендиктин себебинен ар кайсы жактан мигранттар келе баштады.
Алар азыр күнүнө акча табыла турган жумуштардын баарына орношо баштады. Мисалы, тигүү тармагы, такси, жеткирүү жана башка ушуга окшогон жумуштар, жадагалса, унаа жуугуч, куруу - баарында индустар, пакистандыктар, бангладештиктер толуп кетти. Булар арзан жана тез иштешет, тойго кетип калмай адаты жок, кечикпейт дагы, анан кыкеңе карганда аябай эле тыйынды да аз алышат.
Эми элестетип көрөлү, 10 жылдан кийин эмне болот? Индия - 1,5 млрд, Пакистан – 240 млн, Бангладеш - 150 млн. Булар дүйнө жүзүн каптаган, эгер Кыргызстанды да каптаса, баягы сен чанып, айлыгы төмөн деп иштебей жүргөн жерлерде жакында каалап-самаган күндө деле сага орун жок болот.
Ойлон! Бир кесипти тандап, ошону мыкты аркалаганга аракет кыл! Иш билги, дасыккан, колунан көөрү төгүлгөн, оозунда сөзү бар адис болсоң - эч качан кор болбойсун! Болбосо, жалкоолук жакында жаныңа жетет. Иш сүйгөн колдон тоо кулайт, иш качкан колдон камыш да сынбайт

Каналга катталып видеону жакындарыңыз менен бөлүшүп коюңуздар жана лайк басып, комментарий калтырыңыздар!

Комментарии
Автор

Ушул сыяктуу видеолорду бат-баттан чыгарып туралыбы?
Видеону аягына чейин көрүп сөзсүз түрдө өз оюңузду, сунушуңузду жаза кетиңиздер бизге аябай маанилүү✅

Бизди колдоп, дуа кылган инсандарга Алла ыраазы болсун!

Биздин “Билим Майнаев” ютуб каналыбызды колдоп комментарий жазып, лайк басып, катталып жана бөлүшкөндөргө терең ыраазычылык билдиребиз!

Жеке суроолор, сунуштар болсо инстаграм баракчабызга жазсаңыздар болот.
Баарыңыздардардан Алла ыраазы болсун!

Bilim.Mainaev
Автор

Жалкоого жумуш табылбайт ең туура сөз.

УланбекДобулбеков-вя
Автор

Уктуңарда тургула эми иштегиле кыргыз элим.

munarerkinbekovich
Автор

Кыргызымда сендей патриот уулубуз болгонуна Шугур, Рахмат сага.

ТашСанкызы
Автор

Туура айтасын таксыр Дунгандар кыргыздарды иштетип жатат

Жыргалбек-
Автор

Эң туура айттыңыз менин акамда жумуш жок деп жүрө берет өзү иттей жалко

СанжарАбитов-ти
Автор

Билим иним ачуу чындык ак соз Аллахым жалкоолорго ыйман хидаяттарды берсин

КуштарканКалмаматова-зб
Автор

МАА ШАА АЛЛАХ 🤗 🤗 🤗 коз тийбесин, Билим, сендей, билимдуу-илимдуу, ыймандуу, чыгаан уулдарыбыз, кооп болсун. Омурлуу бол, келечегин кээн болсун, дайма ден-соолукта бол, ишине ийгилик каалайм. 👍👍👍🥰🥰🥰👏👏👏👏

ДженишканОмурова
Автор

Билимбек эн туура айтасын жалкоолор гоп иштейм деген адам аз

АйнураМусажонова
Автор

Сөзүңүздүн чындыгы бар, бирок бир айта кетчү нерсе ошол ишкерлер эмне үчүн башка жактан келгендерди жумушка алып атат анткени аларга эшектей 1ай иштетип 15-20миң сом берген жакшы, а биздин жараандарга аз төлөп баштаса албетте башка жумушка кетишет да, аз төлөсө деле кой ушу менин ордума башка бирөө ошол эле пакистандык келип иштеп алат деп иштеп жүрө бербейт да, көбүрөөк төлөгөн шарттары жакшы жакка кетишет, биринчи кезекте ушу ишкерлер ойлонуш керек азыр аз акча төлөп башка жактан келгенди иштеткеним жакшыбы убактылуу жакшы пайда көрөмбү же 5колду тыкпай жакшы иштеп аткан өзүбүздүн жараандарды кармап калыш керекпи деп

adisbekkemeluulu
Автор

Туура жери куурай басып жатат Озу мигрант болуп куурап Россияда журот . биз жалкообуз. Ошол жеринди. Иштетсен Меенди. Иштетсен . жаратканым. Берекесин. Беретда

milka
Автор

Кыргызымдын мыкты жигити сендей жигиттерибиз коп болсун Кыргызстан алга

japarjapar
Автор

Иштегиле, аял башым менен мен 2 жумуш иштейм, намыстанбай пол жууйм кечинде барып, Кудайга шугур 2 баламды багып келем

Laura-fd
Автор

Мына биз келинчегим өкөөбүз түндө 3 жарымда туруп самса жабабыз эртеменен 5 жарымга самса даяр болот сатуучуларга өткөрүп беребиз ошол бойдон кечки саат 5ке чеин колубуз бош ошол кезде үй иштерин анча мынча таксиге чыгып койом Кудайга шүгүр ушинтип эле Кыргызстанда эле иштеп жүрөбүз бала чаканын жанында өзүңүн үйүңө не жетсин

КубатТаштемиров-вь
Автор

Бул ишти окмот козомолдош керек. Карапайым эл эч нерсе чечалбайт. Виза. Патент. Налог толотуш керек. Катку козомол керек☝️

ЖенишбекЖаныбаев-уц
Автор

Тигуучулук биринчиден кара жумуш эмес кесип экинчиден биздин тигуучулук менен алектенген ишкерлер аябай арзан толошот

НазгульКозукулова
Автор

Ак сөз, жалкоого жумуш табылбайт-деген👍🏻🖐Мойунга алыш керек, жалкоо калкпыз.

АймираАймира-гл
Автор

Туура соз, аш тойду азайтыш керек.Тойлор дем алыш кундору откорулсун деген мыйзам кирсе жакашы болот эле.

ЗулайкаБатирова
Автор

Ассаламу алейкум, Билим байке колдойм сизди. Аллах таалам өмүрүңүздү узун кылсын, дагыда өсө бериңиз жаштарга үлгүсүз! Орустарга ж/а башкаларга жаман көрүнбөй өзүбүздүн өлкөдө иштейликчи туугандөр. Иштейм дегендерге өзүбүздө деле жумуш толтура.

fanatkg
Автор

Бизде эркиндик бар башка коңшу өлкөлөрдө мындай жашоо жок

ТынчыбекСатыбалдиев-бв