Азамат Токтокадыров – Күнүң бүтсө (текст/lyrics)

preview_player
Показать описание
Текст: Азамат Токтокадыров – Күнүң бүтсө

Өлбөс кылып жаратсачы инсандарды
Бул дүйнөдө тирүү калган инсан барбы
Тирүүлүктө бул жашоонун чеги жетти
Бул дүйнөдө тирүү жандын баары кетет

Күнүң бүтсө бир күн ажал алып кетет
Өз кийимин кийгизип жерге берет
Ыйлап, ыйлап көз жаштарын тыя албай
Туугандарың аргасыздан кала берет
Туугандарың аргасыздан кала берет

Ажал жетсе о дүйнөгө кете бермей
Ак кийинип жыгач атка минип кетмей
Арман айтып ошондо жаш тыя албай
Көздөрүңдөн жаштар агат аккан селдей

Ойлоп туруп сыздап кетем өз жанымдан
Жан кейиткен бул өлүмдүн ырайынан
Көп ойлонуп оору болду жүрөгүмдө
Ким качып кутулуптур бул өлүмдөн
Ким качып кутулуптур бул өлүмдөн

Жараткандын сыноосудур бул деген
Ар бир жандын башына өлүм келген
Акыр заман чагында баары өлүп
Тирилип бир күн чыгар кара жерден

Күнүң бүтсө бир күн ажал алып кетет
Өз кийимин кийгизип жерге берет
Ыйлап, ыйлап көз жаштарын тыя албай
Туугандарың аргасыздан кала берет
Туугандарың аргасыздан кала берет

#АзаматТоктокадыров #КүнүңБүтсө #текст #lyrics #7heartbeats
Комментарии
Автор

Менин жолдошумдун мамасы каза болуп калган. Жаткан жери жайлуу болсун😢

ЖаңылайТоктогулова-щб
Автор

Чон энемин жаткан жериниз жайлуу болсун 😭😭

ЖылдызМаткасымова-шм
Автор

Чон атама дубагылып тургулачы ушул ырду ким чыгарсаям Чон рахмат Алах силерден ыразы болсун Чон атама дуба кылсанар чрн рахтат😢 бугун бейишке

SabytEgamov-rw
Автор

Чон атам жаткан жер жайлу болсун😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢😢

SabytEgamov-rw
Автор

Менин да Чон атам олду бугун 28 май 😢😢😢😢😢

SabytEgamov-rw
join shbcf.ru