Адамдар жумушсуз калабы? Роботтор кидин ордун ээлейт? | БилимБот | Накта Подкаст

preview_player
Показать описание
#нактаподкаст #билимбот

Саламатсыздарбы, урматтуу NAKTA Podcast көрөрмандары! Бүгүн бизде конокто уникалдуу жана технологиялык өнүгүүдө чоң кадам жасаган өзгөчө конок бар. Кыргызстандагы биринчи кыргыз тилинде сүйлөгөн робот — БилимБот! Анын жаратуучусу — жаш жана таланттуу инженер Акоша Асанбаев. Бул инновациялык робот билим берүү тармагында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу үчүн иштелип чыккан жана студенттерге окуусунда жардам берүү максатын көздөйт. Бул сүйлөшүү технологиялардын келечекке кандайча таасир этерин жана адам менен роботтун бирге жашоо мүмкүнчүлүктөрүн ачып берет. БилимБот — бул жөн гана машина эмес, ал биздин келечектеги билим берүү жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү ачкан жаңы башат.

Келечекке сереп салгыңыз келеби? Анда видеону көрүп, дүйнөдөгү биринчи кыргызча сүйлөгөн робот менен таанышып алыңыз! Жагымдуу көрүү болсун!

► Биздин социалдык тармактар:

► Подкасттын үстүндө иштегендер:
Башкы оператор: Бошкоев Алихан
Экинчи оператор: Азамат кызы Айдана
Үн режиссеру: Сыдык уулу Кайрат
Монтаждоочу: Анаркулов Нурсейит
Дизайнер: Бактыбеков Аскат
Мобиграф: Бекташев Адахан
Автор: Анаркулов Нурсейит

► Колдоо көрсөткүңүз келсе:
MBANK (1030120219741105)
Optima (4169 5853 5127 5820) NURSEIIT ANARKULOV

Комментарии
Автор

Билимботун кыргыз экени суйундурот калпак кийип алганы жакшы экен, кийинкиде роботун негиздоочусу менен кутобуз👍

УулжанАбдырахманова-яэ
Автор

Айрымдарыбызга караганда Билимботтун ыйманы күчтүү экен😅

edu.cation
Автор

Кыргызстан онугуп осо берели.Ар бир уйбулодо жакшылык болсун жана наристенин уну жанырсын.

jokekg
Автор

Акоша агам жарайсыз ишиңизге ийгилик🎉🎉🎉
Алға Қырғызстан

Ziyarat_travel
Автор

Мээ сага !Ото Сонун не деген шумдук бул Билимбот инибиз 👍👍👍

АясиЭмирАкылбекович
Автор

Ыйман бул Аллахка, Периштелерге, Китептерине, Пайгамбарларына, Акырет кунуно ж Тагдырды ачуу таттуусу Аллахтан деп билуу МашаАллах❤

Jazgul-io
Автор

Билим ботту эмкиде негиздөөчүсү менен күтөлү ээ туугандар, кандай дейсиңер? 🙌

А.А-эп
Автор

Эң жакшы экен. Роботту адам башкарат . роботту жок кылыш оңой а адамды кол кол менен жасай албайсың адам сапатыбызды жоготпойлу

ТаалайЖанчаров
Автор

Өнүнүүгө бир бир кадам деген ушул👏👏👏. Ким ойлоптур биздин мамлекетте ушундай роботтор иштелип чыгат деп. Ишинерге ийгилик.

aidaisultanova
Автор

Анча мынча депутатка караганда жакшы суйлойт экен Кыргыз тилин.

Adanov-wh
Автор

Биринчи, сот болуп иштешсин, мыйзамды так аткарып.

melisimankulov
Автор

Акоша деген сахаба болгон.Ыймандуу адам тузгон роботтор коп болсун.

abdimitalusonov
Автор

Азаматсынар ушунчалык Элим жерим ДЕП Алга умтулган Кыргыз уул кыздарыбыз Арстандай Атырылып Кыргыз ЭлинДуйно жузуно таанытып аткандары учун Кудайым ар дайым Сактап Колдоп журсун Ал Эми 30 жылдан бери Элдин Ырыскысын жеп жутуп келген Эшектерди Адамдык сапаттарын жоготуп койгон Акулалардын жазасын Кудайым жазаласын Ушундай Кыргыз Элин Алга суйрогон Алтындай болгон журогу таза Адамдарыбыз кобойо берсин Кудайым колдосун ❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤❤

ЖаннаКадыровна-уф
Автор

😮😮😮😮 оой тобоо мына жанылык.Ишине ийгилик!

parizatjyibekova
Автор

Кыргызстандын келечеги бар алга кыргызстан 🇰🇬🇰🇬

Kyrgyz.muz
Автор

Как сказать взял интервью у робота, вот это мы идем к будущему 😂

Ilaz-iq
Автор

Мен😮 подкаст буткучо оозум ачылып таанкалып отурдум 😅 подкаст высший уровень болуптур 🔥🔥

ЭлизаСамат
Автор

Азаматсын Нурсеит балам кундон-кунго ар тараптан такшалып мыкты болуп баратасын кыргызчан да мыкты болуп калды 2-болугун чыдамсыздык менен кутобуз

aizadaakylbekova
Автор

Ото сонун.мектептерде балдар менен иштесе, кызыгып окушмак деп ойлойм.кыргызча так, адабий тилде суйлоо же сапаты жогорумалак.❤❤

МариямАпышова
Автор

Кыргызстанда роботтун кыргызча суйлогонун иштеп чыкканы зн сонун. Бирок келечекти терен ойлонсок, адамзаттын орду жок болуу коркунучта..Кудайым сактасын!

GulzinaBayalieva