filmov
tv
«Жети күн», Мавлян Аскарбеков: Борбор Азия – Евробиримдиктей регионалдык бирикмеге айланыш керек
![preview_player](https://i.ytimg.com/vi/CCREKA42SCo/maxresdefault.jpg)
Показать описание
2024-жылдын 14-июлунан 20-июлга чейинки окуялар тууралуу жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков менен маек.
– Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы кызматташуу акырында – баардык Борбор Азиялык жумурияттар бир-бири менен иштиктүү кызматташып, акырында Евробиримдик сыяктуу жакшы регионалдык бирикмеге айланат деп ишенсе болот. Мурдагы жетекчилер советтик мезгилде өсүп чыккан саясатчылар болчу, алар бир-бири менен атаандашып гана келген, жаңы муундагы жетекчилер эми чыныгы кызматташууну башташ керек жана Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы азыркы мамиле – ошонун башталышы деп түшүнсө болот. Ошондой биримдик керек экени тууралуу – атактуу америкалык илимпоз Фредерик Стар дагы жакында Бишкекке келгенде айтып кетти.
– Өзбекстандын жардамы менен Чүй облусунда автозавод курулганы абдан жакшы, бирок Кыргызстан өзү ал өндүрүшкө азырынча дээрлик эч кандай кошумча нарк кошо албайт, ал эми ошол эле Өзбекстандын жардамы менен кездеме чыгарган фабрика ачылганы Кыргызстан үчүн өтө пайдалуу, анткени кездеме чыгаруу жана андан кийим тигүү жагынан биз биргелешкен ишканага өзүбүздүн кошумча салымыбызды кошо алабыз. Бул тармакта кыргыз өндүрүүчүлөру Түркия же Кытай менен дагы атаандаша алат. Андан тышкары, Таластан Ташкенге түз жол салынышын мен колдойм, анткени Талас облусу азыр көп жакшы өнүгө албай жатат.
– УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ күнү Ошко барып, селден жабыркагандарга жардам көрсөтүү тууралуу айтканда, аны менен кошо – эгер кимде ким мыйзам бузса, ал кимдин тууганы болбосун, сөзсүз өз жазасын алат деп жергиликтүү бийлик жетекчилерине эскертүү жасады. Муну эки колдоп жактырса болот. Аны менен катар, акыркы мезгилде тиги же бул депутат мандатынан өз ыктыяры менен баш тартып жатканынын артында эмне жатканын коомчулук дээрлик билбейт. Ушул сыяктуу иштерде дагы айкындык болсо жана шайлоо тууралуу мыйзамдарыбыз дыкат даярдалып-кабыл алынып, саясатка эч тийешеси жоктор деги эле бийликке жолой албагандай жагдай түзүлсө, жакшы болоор эле...
Жуманын негизги окуялары:
– 18-19-июлда президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанда болду, бул анын экинчи мамлекеттик сапары, биринчиси 2021-жылдын мартында жасалган.
– Кыргыз президентинин Ташкенге барганына утурлай, Өзбекстанда кыргыз маданиятынын күндөрү уюштурулду, бул майрам 23-июлга чейин уланат.
– Аны менен катар 19-20-июль күндөрү Кыргыз киносунун күндөрү дагы өткөрүлдү, анда Кыргызстанда акыркы мезгилде тартылган 3 жаңы тасма көрсөтүлдү.
– Кыргызстан менен Өзбекстандын баш прокурорлору кол койгон келишимге ылайык, эки өлкө абакта отургандар менен алмашат. Өзбекстандын түрмөлөрүндө азыр 45 кыргыз жараны отурат экен.
– Сапардын алдында, 16-17-июлда, Самарканд шаарында Өзбекстан менен Кыргызстандын ректорлорунун экинчи форуму болуп өттү.
– Эл аралык эксперттер Кыргызстандын экономикалык өсүшү быйыл 5-6 пайыздын тегерегинде болот десе, Эдил Байсалов аларды сынга алып, өсүш 9-10% болот деп 15-июлда билдирди.
– Казакстанда өткөн «Бiрлестiк-2024» аскерий машыгуусунда Кыргызстан биринчи орунду ээледи, мелдешке Азербайджан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын тайпалары катышкан
– Кыргыз жана өзбек президенттери Ташкенден – Чүй облусундагы Аксуу айылында «Тулпар моторс» автозаводунун жана Кара-Балтада кездеме чыгаруучу фабриканын ачылыш аземине видео-байланыш аркылуу катышты.
– Автозавод тууралуу Кыргызстан менен Өзбекстан былтыр март айында сүйлөшкөн, азыр завод «Шевроле» үлгүсүндөгү машиненин 3 түрүн курап-чыгарат – жеңил, жүк ташуучу жана автобус. Өзбек тарап долбоорго $50 млн инвестиция салган деп айтылууда.
– Текстиль фабрикасынын баасы 5 млн 700 миң доллар экен, анын 60 пайызын – Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду насыя катары берген. Ишканада келечекте 600 адам эмгектенет.
– Андан тышкары, Кыргызстан менен Өзбекстан Талас-Чаткал-Ташкен жана Дароот-Коргон – Уч-Коргон автожолдорун биргелешип куруу маселеси дагы талкуулады.
– АКШнын жардамы менен Сириядагы согуштан бошотулуп, мекени Кыргызстанга 6 айым жана 24 жаш бала кайтарылды.
– Мурдагы спикер Чыныбай Турсунбековдун эки кызы камакка алынды – бири СИЗОго, экинчиси үй камагына, президенит Садыр Жапаровдун инилеринин бири жана болбой калган күйө баласы да камакта, Камчыбек Ташиевдин бажасы дагы камакка алынды.
– Жогорку кеңештин депутаты Тазабек Икрамов 17-июлда өз депутаттык мандатын тапшырыптыр. Анын алдында Икрамов УКМКга суракка чакырылган.
– Камчыбек Ташиев Ошко барып, селден жабыркагандар менен жолукканда, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө жана үйлөрү толук кыйрагандарга мамлекеттен бир млн сомдон төлөнөт деп билдирди.
– Камчыбек Ташиевдин айтымында, Ош базарында жабыркаган ишкерлерге дагы кенемте төлөнөт, базар өзү башка, коопсуз жерге көчүрүлөт, мыйзамсыз курулушка уруксат бергендер болсо жазаланат.
– Акылбек Жапаров 19-июлда Салык кызматынын жыйынында чыгып сүйлөп, өлкөдөгү жакырлардын саны 2 жыл ичинде 111 миңден 81 миңге чейин кыскарды деп билдирди.
– 15-июлда Бишкек шаардык соту Олжобай Шакирге каршы райондук сот чыгарган чечимди бекитти, Аламүдүн соту аны май айында 5 жылга кескен.

Комментарии