АЙЫККЫС КYЙYТ - СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ клип 2024

preview_player
Показать описание
#сыймыкбейшекеев #айыккыскуйут #жаныклип2024 #клип2024 #дастанырлар #сыймыкклип #2024

АЙЫККЫС КҮЙҮТ
Сөзү: Бактыгүл Сейитбекова
Обону: Сыймык Бейшекеев

Жүрөгүм кысат эстеген сайын,
Жүлүнүм сыздап, чыкчудай жаным.
Айыккыс күйүт өзөктү өрттөп,
Арманым күчөп жүрөмүн дайым.
Тагдырга кандай туш болдум эле,
Туурумдан учкан куш болдум беле.
Ишенчээк жаным алданып калып,
Изимди антип жашырдым неге?

Тогуз ай бою омурткам сыздап,
Толгонуп эчен көтөрдүм чыдап.
"Атасы ким?" деп суракка алып,
Айылга барсам эл ушак кылмак.
Жашырып сени жарыкка келген,
Жакшынам элең Кудайым берген.
Жапжалгыз өзүм жалаң кат ороп,
Жашикке таштап кылчайбай кеткем...

Жашиктер катар таштанды толгон,
Жалгызым сенин жайың бир болгон.
Чыдабай кайра таңга жуук келдим,
Энелик сезим жанымды койбой.
Таппадым сени таштаган жерден,
Татынам мага окшош кыз элең.
Таштанды шимшип жойлогон иттер,
Тарпыңды сүйрөп талашып жеген.

Жалаяк жатат орогон сени,
Жанымды коёр жер таппай деги.
Узады жылдар арадан учуп,
Болбодум эне күйүтүм жеди.
Жазалап мезгил көрбөдүм бала,
Жабыктым, күйдүм таппадым арга.
Айыккыс күйүт өзөктү өрттөп,
Арманым күчөйт, арылбай санаам.
Айыккыс күйүт өзөктү өрттөйт,
Арманым күчөйт табылбай арга...
Комментарии
Автор

Актриса кыз укмуш аткарыптыр прям ошол окуяда жашап аткарыптыр журогу мн корунуп турат професионал экени.Чон чон кинолордон кутобуз.

АйданаАкматова-гэ
Автор

Ыр деген ушундай маанилүү болсо, 3 минутка жетпеген ырлар менен хит эмес ит болгондон көрө.
Азаматсыз Сыймык байке

Qwerty.nur
Автор

Бугунку кундун койгойу. Абдан жан жуйнону, сай соокту сыздаткан ыр жана клип болуптур! Талантынызга таазим❤ Сыймык куда! Бар болунуз!

ZhyldyzDerkembaeva
Автор

Коруп ыйлап ийдим мага окшоп ыйлагандар барбы журоко жете турган болуп тартылыптыр 😢😢😢Онорунуз оркундой берсин бироо Зар бала бироого кор бала коргондорго сабак болор айрыча мырзаларга.

БатмаАйтиева-яу
Автор

Сыймык агайдай эч ким чыгара албайт дастанды, ийинине келтире ырдайт. Амандыкта болунуз, сиз журокко жеткиресиз ар бир куйутту.

ITALIA.K.A.N.A.L.Y.
Автор

УЧУРДУН ТАЛАБЫНА ЫЛАЙЫКТУУ ЧЫГАРМА БОЛУПТУР 😢, УШУЛ ЧЫГАРМА ЖАШТАРЫБЫЗГА ЧОҢ САБАК БОЛСО ЭКЕН ДЕП НИЕТ КЫЛАЛЫ, ЭЧ КАЧАН НАРИСТЕЛЕР ТАШТАЛБАСЫН🤲
СЫЙМЫК АКЕ СИЗГЕ БЕКЕМ ДЕН СООЛУК, ТАЛАНТЫҢЫЗГА ТААЗИМ БАР БОЛУҢУЗ

joma.
Автор

Азыркы учурдун актуалдуу, глобалдуу темасын чагылдырыпсыз ырынызда! Баарыбыз коруп, сабак алчуу чыгарма экен! Сизге дагы чыгармачылык ийгилик, бийиктиктерди багынтып, хит ырларды жаратып журо бериниз урматтуу Сыймык Бейшекеев!!!

ЧолпонайМуратова
Автор

Мыкты чыгарма талантынызга таазим 😢😢 өзүңүзгө бекем ден соолук үй бүлөөңүзгө ынтымак берсин

ЮтупмузикМузик
Автор

Нуриза эже супер, азаматсыз, дагы да клиптерден күтөбүз, мыкты аткарат экен, дагы да клипке тарткыла, таланты сонун

АсылайКубанычбекова-нч
Автор

Эл эмне деп жашаганыбыздын аркасы ушундай да😢😢😢😢Ушундайга турткунчук болгон эркектерди да жоопко тартыш керек бир нерсе десе аял байкушту озу жатып берген дешет жатып бергенде эле эч нерсе кылбагансып. Акыркы кундун актуалдуу темасын чагылдырган сонун чыгарма чыгармачылык ийгилик Сыймык байке😢😢😢😢😢😢

КенжекызАсанкуловна
Автор

Дене дүркүрөп чыкты чынында шумдук болуптур👏🏻👏🏻👏🏻👏🏻😢😢😢😢😢

Tanatar.SHOWMAN.
Автор

Чындыгында жаш актриса мыкты аткарган, анан да актрисалар, дагы да клиптен күтөбүз эжеке

АсылайКубанычбекова-нч
Автор

Баракелде, сонун ыр, клип талантың ташкындап, өнөрүң өркүндөп, тарыхта изиң калып, элдин сыймыгы болуп жүрө бер!

АзисКуватов
Автор

Клип өтө сонун. Тартылаган жаш актриса өтө сонун аткарган ❤️‍🔥

jekshenose
Автор

😢😢😢😢 АЛЛАХЫМ ар бирибизге ыйман берсин. Уулдарыбыз, кыздарыбыз ыймандуу, акылдуу болуп чонойсун .Эч ким жолунан адашпасын

bermetsuranbaeva
Автор

Сыймык азаматсын, 2024- жылдын мыкты клипи болуптур, тарбиялык мааниси да таасирлуу, талантына баракелди!!!

GulyaMuratalieva-vw
Автор

Элибизди тарбиялай турган чыгармалар зор болсун. Чыгармачылык ийгилик, омурлуу бол иним.❤

galyasydykova
Автор

Азыркы мезгилдин адамды ойлонто турган чыгарма болуптур адамдарга сабак.болот деп курчуй берсин Сыймык, чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын .

ГулайБекмурзаева-лу
Автор

Эн соонун ыр болуптур соз жок Сыймык байке эн соонун ырдайсыз создан ырларынызды кубануу мн угамын

ЖонСнов
Автор

Нургиза молодец ❤ ты сыграла прекрасно и все эмоции передала 🥹✊

seilkurmanalieva
welcome to shbcf.ru