Сыймык Бейшекеев

preview_player
Показать описание
Жашоонун маңызы эмнеде? Эмне үчүн жаралдым да, кайсы бир күнү Жараткандын белгилеген убактысынан секундага да кечикпестен о дүйнөгө жөнөймүн?
Бул суроону адамзат эртедир, кечтир өзүнө өзү берип, жооп издери бышык.
Адамзат бул дүйнөгө элге кызмат кылуу үчүн келет. Айыл деңгээлиндеги киши өз айлына, район деңгээлиндеги районго, облус деңгээлиндеги облуска, мамлекет деңгээлиндеги бир мамлекетке, бүткүл дүйнөлүк деңгээлиндеги инсан бүт жер жүзүнө колунан келген кызматын кылуу менен өмүрү өтөт. Кызматтын сапаты ар бир пенденин алдын койгон максатына, билимине, турмуш тажрыйбасына, тарбиясына, ой чабытына жараша ар кандай болушу мүмкүн.
Кыргыз элине чын дилинен кызмат кылып келе жаткан азаматтардын бири Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев.
Сыймык Бейшекеев эстрада менен комуз коштоосундагы элдик обондорду шайкеш жаратып көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө ээ болгон таланттуу обончу, ырчы. Ошону менен биргеликте соопчулук иштерин да жүргүзүп келе жаткан кыргыздын патриот уулу.
Сыймык быйыл 40 жашка толуп олтурат. Кырчындай 40 жаш адамзаттын толуп, бышып, «мөмөлөрү жерге төгүлүп турган» курагы болот.
Сыймык 40 жаш курагың кут болсун!
Сен жарата турган шедевр чыгармалар али алдыда. Дайыма эл кызматында, элдин сүймөнчүгү болуп жүрө бер, элдин уулу. Юбилейиңе жаман агаңдын өз колу менен жасаган эмгегин кабыл алып кой.
Рекомендации по теме
Комментарии
Автор

Сыймык байке мен сизди сыйлайм урматтайм суйоом чын журогумдон бактылуу болунуз балдарыныздын сый урматтын коруп коп жашаныз 💋💋💋💋💋💋❤❤❤

cholponaibekmyrsaeva
Автор

Сыймык мырза сиз азаматсыз, ар бир ырыныз маанилуу жана жагымдуу, аман болунуз, уй булонуз менен аман болунуз, ишиниз илгерилеп, чыгармагыз оболой берсин, жонокойлугунуз биринчи орунда турат

ГульнараБайтемирова-ху
Автор

Сыймык ага биз сиз сыймыктанабыз ырларыныз манилуу сонун, сизге чын денсолук калайм Ноокаттан сизге салам

youtuberu
Автор

Иштеринизге ийгилик уй булонуз менен ар дайым бар болунуз ден соолук ырларынызды уккандан тажабайбыз!

unduzamanova
Автор

Бактылуу болун байке ийгилик калайм дайыма.

АзизбекШакиров-хг
Автор

Сыймык авага соз жок аман болунуз бактылу болгула

albinakasumova
Автор

Дуйнодо согуш болуп жатса Сыймык байкени уккула журогунор тынч алат

chikachika
Автор

Сыймык бейшекеев буткул кыргыз ээли учун кызмат кылган инсан.  Бул фотолордун арасында москувада, вднхда болгон концерттеги суроттор да бар экен.

УрматТороев-уй
Автор

Ырчы деген Сыймыктай болуу керек, улгу алгыла ырчы соройлор тейтендебей.

АйнураОмаралиева
Автор

40жаш юбилей маарек болсун.ийгилик байке

ЗамирКурманалиев-рш
Автор

я понимаю язык Киргизии я там жыл 3 года

выживаниемайнкрафть